Загрузка документа…
ОЙ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин уюштуруу жыйналышы
2025-жылдын 24-февралы № 1/4
“ Ой-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтү "
мекемесин түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы №24 "Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу” Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №52 "Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө" токтомун, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 92-беренесин, “Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы №178 токтому менен бекитилген “Юридикалык жактарды,филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө” Жобону жетекчиликке алып, Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Ой-Тал айыл өкмөтү ” мекемеси жана “Капчыгай” айыл өкмөтү мекемеси бириктирүү жолу менен “Ой-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтү ” болуп кайра түзүлсүн.
Юридикалык жактын толук фирмалык аталышы:
- Мамлекеттик тилде: "Ой-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтү " мекемеси;
- Расмий тилде: Учреждение "Айыл окмот Ой-Талского айылного аймака"
Кыскартылган фирмалык аталышы:
- Мамлекеттик тилде: " Ой-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтү " мекемеси.
- Расмий тилде: У-е "Айыл окмот Ой-Талского айылного аймака"
2. “Ой-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтү” мекемесине өткөрүп берүү актысы бекитилсин.
3. Ой-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтү” мекемесинин Жобосу бекитилсин.
4.”Ой-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтү” мекемесинин юридикалык дареги болуп, Кыргыз Республикасы, Ош облусу, Кара-Кулжа району, Сары-Бээ айылы, Ш.Курмантаев көчөсү № 9 болуп аныкталсын.
5. Мекеме Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
Токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы ырасталат.
Төрайым: |
| Б.С.Оморова |