Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКСИЗ XIII СЕССИЯСЫ
(VI ЧАКЫРЫЛЫШ)
2025-жылдын 10-сентябры № 78
Акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары А.Шаршеналы уулунун акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2025-жылдын 3-сентябрындагы №23 чечимин эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:
1.Ош шаарынын 2025-жылга бекитилген бюджетинде тышкы кредиттерди төлөөгө каралган акча каражатынын эсебинен 26 898,8 миң сом акча каражатын төмөндөгү иш чараларды каржылоо үчүн жылдырып берүүгө макулдук берилсин:
- 2 714,6 миң сом акча каражатын Ош шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 21-июнундагы токтомунун негизинде жаңы түзүлгөн Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясын каржылоого;
- 4 511,5 миң сом акча каражатын Ош шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 13-мартындагы № 198 “Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын түзүмү жөнүндө” токтомунун негизинде башкармалыкка кошумча берилген 8 штаттык бирдиктин эмгек акы жана Социалдык фондко чегерүүлөрүнө;
- 2 172,7 миң сом акча каражатын Жапалак айылына канализация (саркынды суу) тартуу үчүн керектүү материалдарды сатып алууга;
- 6 500,0 миң сом акча каражатын үлүштүк каржылоо үчүн долбоорлорду каржылоого (софинансирование);
- 3 000,0 миң сом акча каражатын маданият башкармалыгы тарабынан өткөрүлүүчү иш-чараларга;
- 3 000,0 миң сом акча каражатын муниципалдык менчик башкармалыгынын титулдук баракчасына (Ош регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Ош филиалы тарабынан көрсөтүлгөн кызматтарын төлөө жана жерлерди баалоо үчүн);
- 5 000,0 миң сом акча каражатын Ош шаардык билим берүү башкармалыгына, № 24 Фрунзе мектебинин айланасын тосууга, № 87 “Акылман” балдар бакчасынын короосунун тосмосун ичкери жылдырууга жана мектептердин жылуулук системасын оңдоого.
2. Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2025-жылдын 1-январына калган акча каражатынын калдыгынын эсебинен 1 902,8 миң сомду бөлүп берүүгө макулдук берилсин, анын ичинен:
- 1 776,8 миң сом акча каражатын Ош шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 20-мартындагы № 207 токтомунун негизинде “Ош шаарынын мэриясынын агрардык чарба” муниципалдык ишканасына кошумча берилген 5 штаттык бирдиктин эмгек акысына жана Социалдык фондко чегерүүлөрүнө;
- 126,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын мэриясы аркылуу шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгына 2024-жылы административдик аймактык реформанын негизинде кошулган 3 социалдык кызматкеринин 2024-жылдын 1-июлунан 31-декабрына чейинки мезгилине жеңилдиктери үчүн.
3.Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын, жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4.Токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссияга (К. Шайиев) жүктөлсүн.
Төрага: | Б.Т. Баетов |