Загрузка документа…
|
| Тиркеме 1 (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 8-декабрындагы № 783 токтомуна) |
2030-жылга чейин Кыргыз Республикасынын критикалык минералдар секторун өнүктүрүү программасы
1-глава. Киришүү
1. 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасынын критикалык минералдар секторун өнүктүрүү программасы (мындан ары – Программа) өлкөнүн экономикалык өсүшүнүн негизги драйверлеринин бири болууга жөндөмдүү атаандаштыкка жөндөмдүү, туруктуу жана инновациялык кен казуу тармагын түзүүгө багытталган стратегиялык документ болуп саналат. Программа 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын алкагында мамлекет тарабынан узак мөөнөттүү келечекке аныкталган максаттардын жана артыкчылыктардын үзгүлтүксүздүгүн сактоо менен иштелип чыккан.
2. Аны кабыл алуу зарылдыгы дүйнөлүк экономикада критикалык минералдардын ролунун өсүшү менен шартталган, анткени алар кайра жаралуучу энергетикадан жана санариптик технологиялардан баштап коргонуу жана космос өнөр жайына чейинки жогорку технологиялык продукцияларды өндүрүүнүн негизи болуп саналат. Дүйнөлүк тенденциялар бул ресурстарга болгон суроо-талаптын туруктуу өсүшү, аларды берүүнүн чектелген географиясы жана берүү чынжырларынын туруктуулугуна болгон жогорку көз карандылыгы менен мүнөздөлөт. Бул ресурстук базанын олуттуу потенциалына ээ болгон Кыргыз Республикасы үчүн тобокелдиктерди да, уникалдуу мүмкүнчүлүктөрдү да жаратат.
3. Программаны ишке ашыруу бул потенциалды экономикалык өсүштүн туруктуу булагы катары пайдаланууга, кайра иштетүүчү кубаттуулуктарды өнүктүрүүнү стимулдаштырууга, улуттук жана чет элдик инвестицияларды тартууга, жогорку өндүрүмдүү жумуш орундарын түзүүгө жана өлкөнүн илимий-техникалык потенциалын өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет. “Жашыл” экономикага жана санариптештирүүгө глобалдык өтүү шартында Кыргыз Республикасы глобалдык рынокто өзүнүн экономикалык жана технологиялык маанисин бекемдеп, критикалык минералдардын ишенимдүү берүүчүсү болуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.
4. Программа төмөнкү главалардан турат: “Киришүү”, “Кырдаалды жалпы талдоо”, “Программанын максаттары”, “Өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары”, “Күтүлүүчү натыйжалар”, “Жагымдуу өбөлгөлөр жана тобокелдиктер”, “Мониторинг жана баалоо”.
5. Программа комплекстүү мүнөзгө ээ жана секторду өнүктүрүүнүн бүткүл циклин камтыйт – геологиялык чалгындоодон жана казуудан баштап, терең кайра иштетүүгө жана эл аралык өндүрүштүк чынжырларга интеграциялоого чейин. Программанын жоболору критикалык минералдар чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын багыттарын аныктайт жана тармактык жана региондук пландарды иштеп чыгуу үчүн, ошондой эле даяр продукцияны алуу менен кен казуу жана өнөр жай тармактарында жагымдуу инвестициялык климатты түзүү үчүн негиз болушу керек.
2-глава. Кырдаалды жалпы талдоо
6. Глобалдык экономиканын динамикалуу өнүгүүсү жана алдынкы технологиялардын тездик менен киргизилиши шартында критикалык минералдар жогорку технологиялык өндүрүштөрдү жана “жашыл” энергетиканы түзүүнүн негизи катары стратегиялык мааниге ээ болууда. “Жашыл” технологиялардын өнүгүшүнө байланыштуу критикалык минералдарга болгон суроо-талап 2040-жылга карата эки эсеге көбөйөт деп болжолдонууда. Ошол эле учурда критикалык минералдар төмөнкү тармактардын бир катар спектри үчүн негизги компонент болуп саналат:
1) кайра жаралуучу энергетика – литий, кобальт, никель электрмобилдердин аккумуляторлорун өндүрүүдө колдонулат; сейрек кездешүүчү элементтер жана жез – шамал генераторлорунда; күмүш жана теллур – күн панелдеринде;
2) электроника жана санариптик технологиялар – тантал, индий, сейрек кездешүүчү элементтер смартфондорду жана компьютерлерди өндүрүү үчүн зарыл; галлий жана германий – жарым өткөргүчтөр үчүн;
3) аэрокосмостук жана коргонуу өнөр жайы – титан жана никель жогорку бекемдиктеги эритмелердин курамына кирет; сейрек кездешүүчү элементтер навигациялык, оптикалык жана коргонуу системаларында колдонулат.
Мындан тышкары критикалык минералдарды дүйнөлүк берүү чынжырлары өндүрүштүн чектелген сандагы өлкөлөрдө топтолгондугунан улам системалык тобокелдиктерге дуушар, бул берүүдө үзгүлтүккө учуроо жана баа туруксуздугу коркунучун жаратат. Бул чакырыктарга жооп катары көптөгөн мамлекеттер өздөрүнүн ресурстук потенциалын жана ички өнөр жайынын муктаждыктарын эске алуу менен артыкчылыктуу минералдарды аныктоо менен улуттук стратегияларды түзөт.
7. Кыргыз Республикасы минералдык-чийки заттык зор дараметке ээ болуп, бул чөйрөдө өзүнүн стратегиялык күн тартибин түзүү жолуна түштү. Кыргыз Республикасынын критикалык минералдарынын тизмесин түзүү этаптуу жана комплекстүү талдоонун негизинде жүргүзүлдү. Биринчи кезекте дүйнөдөгү алдынкы экономикалар тарабынан түзүлгөн критикалык минералдар чөйрөсүндөгү глобалдык артыкчылыктар, анын ичинде тогуз өлкөнүн (Улуу Британия, АКШ, ЕБ, Австралия, Кытай, Канада, Япония, Түштүк Корея, Индия) улуттук тизмелери, ошондой эле Эл аралык энергетика агенттигинин тизмеси изилденди. Андан соң өлкөнүн жер астында бул минералдардын иш жүзүндө бар экендиги, алардын сапаты, концентрациясы жана өнөр жайлык өздөштүрүү үчүн жетиштүү болгон запастарынын көлөмү бааланды. Транспорттук жана энергетикалык тармактарга жеткиликтүүлүк, ошондой эле өлкө ичинде кайра иштетүү мүмкүнчүлүгү сыяктуу инфраструктуралык шарттарга өзгөчө көңүл бурулду.
8. Программанын 1-тиркемесине ылайык акыркы тизме бул факторлордун жыйындысынан келип чыгып түзүлгөн жана бир эле учурда жогорку глобалдык суроо-талапка, Кыргыз Республикасындагы тастыкталган маанилүү ресурстарга жана экономикалык жактан натыйжалуу иштеп чыгуу перспективаларына ээ болгон минералдарды чагылдырат.
9. Кыргыз Республикасындагы критикалык минералдардын кендеринин көбү советтик мезгилде чалгындалган. Эгемендүүлүккө ээ болгондон бери ГЧИ мамлекеттик инвестициялардын көлөмү жылына орточо эсеп менен 500 миң АКШ долларына чейин кыскарды, бул региондогу салыштырмалуу өлкөлөрдүн деңгээлинен бир нече эсе аз.
10. Эгемендүүлүк жылдары мамлекеттик ГЧИ натыйжасында 12 руда көрүнүшү, негизинен алтын рудалары, ошондой эле түстүү жана сейрек кездешүүчү металлдар (сурьма, калай, бериллий, жез) боюнча бир нече объект аныкталган. Мында акыркы он жылдыкта негизги иш багыты алтын кендери болуп калды: текшерилген 10 участоктун 7синде алтын изделген, ал эми түстүү жана сейрек кездешүүчү металлдар негизинен кошумча катары каралган жана айрым участоктордо гана никель, кобальт жана башка сейрек элементтер боюнча изилдөөлөр жүргүзүлгөн. Геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүдө жеке сектордун активдүүлүгү төмөн бойдон калган жана акыркы он жылдыктарда алар чалгындалган запастардын олуттуу өсүшүн камсыз кыла алган жок.
11. Кыргыз Республикасындагы минералдык-чийки зат базасын эсепке алуу Запастар боюнча мамлекеттик комиссиянын системасы боюнча жүргүзүлөт, ал көлөмдүк көрсөткүчтөргө жана өздөштүрүүнүн экономикалык максатка ылайыктуулугуна багытталган. Ушуну менен катар запастардын олуттуу бөлүгү формалдуу түрдө ресурстар катары эсепке алынат, бул алардын дүйнөлүк рыноктогу инвестициялык жагымдуулугун чектейт. Эл аралык CRIRSCO стандарты боюнча запастарды жана ресурстарды компетенттүү адамдарды тартуу менен кошумча баалоо маалыматтардын сапатын жана инвесторлордун ишенимин жогорулатууга мүмкүндүк бермек.
12. Баалоолорго ылайык Кыргыз Республикасынын критикалык минералдарынын тизмесине рудадагы келечектүү көлөмдөрү жана курамы бар 22 минерал кирет. Бир катар критерийлер боюнча 4 артыкчылыктуу долбоор, 5 кыйла келечектүү кен чыккан жер жана 16 келечектүү аянт бөлүнүп көрсөтүлдү, бирок алардын көпчүлүгү алдын ала бааланган ресурстар категориясында калууда жана ГЧИге кошумча инвестицияларды талап кылат.
13. Критикалык минералдардын толук потенциалын ачуу үчүн төмөнкүлөр зарыл:
1) заманбап геологиялык чалгындоо иштерине жана эл аралык стандарттар боюнча запастарды баалоого масштабдуу инвестициялар;
2) геологиялык маалыматтарды санариптештирүү (учурда Мамгеофонддун материалдарынын болжол менен 30 %ы гана электрондук форматка которулган);
3) эл аралык отчеттуулукту киргизүү жана компетенттүү адамдарды даярдоо.
Бул чараларды комплекстүү ишке ашыруу өнөр жайлык өздөштүрүүгө даяр болгон кен чыккан жерлердин санын көбөйтүүгө жана критикалык минералдар секторуна узак мөөнөттүү жеке капиталды тартууга шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берет.
14. Кыргыз Республикасынын жер казынасын пайдалануу секторун ченемдик укуктук жөнгө салуу жалпысынан издөө жана геологиялык чалгындоодон тартып казып алууга чейинки иштердин толук циклин камтыйт, бирок анын түзүмү фрагменттелген жана бир катар аспекттер боюнча эл аралык мыкты практикаларга шайкеш келбейт. Жөнгө салуунун базасын 10дон ашык негизги мыйзамдар жана мыйзам алдындагы актылар түзөт. Кен казуу ишинин экологиялык жана социалдык аспекттерин жөнгө салуу жарым-жартылай мүнөзгө ээ жана укук колдонуу практикасынын начардыгы менен мүнөздөлөт.
15. Жер казынасын пайдалануу укугу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча, конкурстук жана аукциондук жол-жоболор аркылуу, ошондой эле “биринчи берилген өтүнмө” эрежеси боюнча берилет, мында издөө жана геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү үчүн лицензиялык участоктор көбүнчө мамлекет тарабынан аныкталат. Лицензияларды алуу жол-жоболору тиешелүү мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүнү жана техникалык документтердин кыйла көлөмүн тариздөөнү талап кылат, бул мөөнөттөргө таасирин тийгизет – геологиялык-издөө иштерин баштоодон тартып объектти пайдаланууга киргизүүгө чейин 12 жылга чейин созулушу мүмкүн. Азыркы учурда лицензиялоо негизинен кагаз түрүндө жүргүзүлүп, бул административдик чыгымдарды көбөйтөт жана чет элдик инвесторлорду тартуу мүмкүнчүлүгүн чектейт.
16. Айрым учурларда жалпы мамлекеттик маанидеги жер казына участоктору үчүн лицензия берүүдө негизги критерийлердин бири болуп жер казынасын пайдалануучу тарабынан акысыз негизде өткөрүлүп берилүүчү долбоордогу мамлекеттин катышуу үлүшүнүн өлчөмү саналат. Атап айтканда колдонуудагы мыйзам актылары алтын жана күмүш казып алуу боюнча ири жана орто долбоорлордо мамлекеттин уставдык капиталдагы үлүшүнүн кеминде 30 % өлчөмүндө милдеттүү түрдө катышуусун карайт. Долбоорлордун капиталына мамлекеттин олуттуу ролу жер казынасын иштетүүнүн натыйжаларын бөлүштүрүүгө катышууга мүмкүндүк берет. Ушуну менен бирге жеке инвестицияларды тартууну стимулдаштыруучу тең салмактуулукту табуу маанилүү. Инвестициялык климатка таасир этүүчү кошумча фактор болуп Кыргыз Республикасынын эл аралык рейтингдик агенттиктер (S&P) тарабынан региондун башка өлкөлөрүнө салыштырмалуу өлкөлүк тобокелдиктин жогору бааланышы саналат.
17. Жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү салык системасында милдеттүү төлөмдөрдүн кеңири тизмеси каралган, ал салыктардын жана салыктык эмес төлөмдөрдүн 10дон ашуун түрүн, анын ичинде роялтилерди, бонустарды, лицензияны кармап туруу үчүн жыйымдарды, киреше салыктарын, ошондой эле инфраструктураны өнүктүрүүгө чегерүүлөрдү камтыйт. Салыктын көлөмү минералдын түрүн, продукциянын формасын жана чийки заттын рыноктук баасын эске алуу менен түзүлөт. Салыктык колдоонун механизми иштейт, анын ичинде салык режиминин туруктуулугунун кепилдиги, тездетилген амортизация жана чыгымдарды келечектеги мезгилдерге өткөрүп берүү, ошону менен бирге алардын колдонулушу белгиленген макулдашуу жол-жоболорунан өтүү зарылдыгына байланыштуу. Жагымдуу инвестициялык климатты түзүү үчүн салык саясатынын божомолдуулугун жогорулатуу, анын ичинде айрым төлөмдөрдүн ставкаларын кескин өзгөрүүлөрүн болтурбоо маанилүү багыт болуп саналат.
18. Экологиялык жана социалдык чөйрөдө АЧТБ, бузулган жерлерди рекультивациялоо жана катышуу аймактарында социалдык пакеттерди ишке ашыруу боюнча милдеттүү талаптар бар, бирок эсептөөлөр жана аткаруу механизмдери көбүнчө формалдуу болуп, алардын чыныгы таасирин чектейт. Инвесторлордун ишенимин арттыруу жана ачык-айкындуулукту жогорулатуу үчүн эл аралык стандарттарга (CRIRSCO, ICMM) шайкеш келген, бирдиктүү жана санариптик жөнгө салуу системасына өтүү, ошондой эле геологиялык чалгындоону жана чийки затты терең кайра иштетүүнү стимулдаштыруу максатында салык режимин оптималдаштыруу талап кылынат.
19. Кыргыз Республикасында критикалык минералдар секторун өнүктүрүү минералдык-ресурстук базаны натыйжалуу өздөштүрүүнү жана кайра иштетүүчү кубаттуулуктарды көбөйтүүнү камсыз кылуучу шарттардын болушуна жана сапатына олуттуу көз каранды. Алардын ичинен негизгилери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) кен чыккан жерлерге жеткиликтүүлүктү, ишенимдүү электр жана суу менен камсыздоону, ошондой эле продукцияны тышкы рынокторго ташууну камсыз кылган өнүккөн инфраструктура;
2) геологиялык чалгындоодон баштап кайра иштетүүгө чейинки бүткүл иш циклин камсыз кылууга жөндөмдүү квалификациялуу эмгек ресурстарынын болушу;
3) ички жана тышкы капиталдык салымдарды тартууну стимулдаштыруучу инвестициялык чөйрө.
20. Инфраструктураны өнүктүрүү критикалык минералдарды казып алуу жана кайра иштетүү боюнча долбоорлорду ишке ашыруу үчүн негизги факторлордун бири болуп саналат жана 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасынын транспорттук-логистикалык тармакты жана энергетикалык системаны модернизациялоону караган максаттары менен түздөн-түз байланышкан.
21. Кыргыз Республикасы жаратылыш ресурстары жана энергетика жаатында олуттуу потенциалга ээ. Негизинен мөңгүлөрдөн пайда болгон тузсуз суунун молдугу технологиялык муктаждыктар үчүн туруктуу көлөмдөрдү камсыздайт, ал эми гидроэнергетика, анын үлүшүнө ички электр энергиясын өндүрүүнүн 85 %дан ашыгы туура келет, өлкөнүн энергетикалык балансынын негизи болуп саналат. Кубаттуулугу 1,86 ГВт болгон Камбарата-1 ГЭСин куруу, ошондой эле күн жана шамал энергетикасын өнүктүрүү сыяктуу ири долбоорлорду ишке ашыруу энергетикалык камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатууга жана өнөр жай өндүрүшүнө “жашыл” кубаттуулуктарды интеграциялоого мүмкүндүк берет.
22. Транспорттук система региондордун негизги байланышын камсыздайт, бирок келечектүү кен чыккан жерлерге туруктуу жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу жана чыгымдарды азайтуу үчүн аны модернизациялоо зарыл. Өлкөдө автомобиль жолдорунун жана темир жол линияларынын тармагы иштейт, бирок айрым участоктор капиталдык оңдоого жана өткөрүү жөндөмдүүлүгүн кеңейтүүгө муктаж. Мамлекеттик пландарда республикалык маанидеги магистралдарды курууга жана реконструкциялоого, ошондой эле логистикалык борборлорду жана мультимодалдык чечимдерди өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулат, бул өлкө ичиндеги ташуулардын натыйжалуулугун жогорулатууга жана аймактык жеткирүү чынжырларына интеграцияны тездетүүгө мүмкүндүк берет.
23. Инвесторлордун баалоосу боюнча потенциалдын болгонуна карабастан, инфраструктуралык чектөөлөр сакталып турат: электр тармактарынын эскириши, транспорт тармагынын айрым бөлүктөрүнүн өткөрүү жөндөмдүүлүгүнүн жетишсиздиги, интеграцияланган логистикалык хабдардын жетишсиздиги, ошондой эле суунун көп жоголушуна алып келген эскирген суу менен камсыздоо системалары. Бул милдеттерди жаңы энергетикалык кубаттуулуктарды киргизүү жана транспорттук түйүндөрдү өнүктүрүү менен бирге чечүү минералдык-ресурстук базаны натыйжалуу өздөштүрүү жана критикалык минералдар секторунда атаандаштыкка жөндөмдүү өндүрүштүк кластерлерди түзүү үчүн зарыл шарттарды түзөт.
24. Эмгек ресурстары критикалык минералдар секторунун өндүрүштүк чынжырынын бардык баскычтарында негизги ролду ойнойт. Кен тармагынын кадрдык потенциалы заманбап техникалык компетенциялары бар адистердин сакталып турган жетишсиздигинин шартында түзүлөт, анын ичинде отчеттуулуктун эл аралык стандарттарын (CRIRSCO), руданы казып алуунун, байытуунун жана кайра иштетүүнүн алдынкы технологияларын колдонуу. Көпчүлүк ишканалар үчүн Кыргыз Республикасынын жарандарынын эсебинен иш менен камсыздоону 80 %га чейин камсыз кылуу талабы белгиленген, бул зарыл болгон компетенцияларды тартууда кыйынчылыктарды жаратат жана улуттук компетенттүү базаны тездик менен даярдоо жана өнүктүрүүнү талап кылат. Муну менен бирге чет өлкөлүк экспертизаны тартуу үчүн мүмкүнчүлүктөр иштөөгө уруксат алуунун татаал жана узакка созулган жол-жоболору менен чектелген, бул эмгек рыногуна жаңы көндүмдөрдү жана технологияларды киргизүүнү кыйындатат. Тармакка аялдардын катышуусу төмөн бойдон калууда: жакынкы убакытка чейин 300дөн ашык кызмат орундарын ээлөөгө мыйзамдык тыюу салуу колдонулган, анын ичинде пайдалуу кендерди казып алуу жана байытуу чөйрөсү, бул потенциалдуу кадрдык резервди кыскартып, инклюзивдүү жана тең салмактуу эмгек чөйрөсүн түзүүгө тоскоолдук кылган.
25. Кыргыз Республикасынын критикалык минералдар секторундагы инвестициялык климат олуттуу потенциалды жана бир катар системалуу чакырыктарды айкалыштырат. Бай минералдык-чийки зат базасынын болушу жана критикалык минералдарга дүйнөлүк суроо-талаптын өсүшү капиталды тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзөт, бирок бул мүмкүнчүлүктөрдү иш жүзүнө ашыруу институттук жана инфраструктуралык тоскоолдуктар менен татаалдашат.
26. Инвесторлордун активдүүлүгүнө тоскоол болгон негизги факторлорго төмөнкүлөр кирет:
1) ченемдик укуктук базанын жетиле электиги жана административдик жол-жоболордун татаалдыгы;
2) лицензиялоонун жана макулдашуулардын өтө узактыгы;
3) санариптик сервистерди чектөөлүү менен колдонуу;
4) социалдык-экологиялык тобокелдиктер жана жергиликтүү коомчулуктардын ишеним деңгээлинин төмөндүгү.
Буга карабастан, акыркы жылдары инвестициялык активдүүлүктү калыбына келтирүүнүн оң динамикасы байкалууда.
27. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча 2020–2024-жылдары экономикага түз чет өлкөлүк инвестициялардын орточо жылдык көлөмү 1 млрд АКШ долларына жакынды түздү, анын ичинен пайдалуу кендерди казууга жана геологиялык чалгындоо иштерине жыл сайын орточо 300 млн АКШ долларынан ашык каражат жумшалган.
Мындай деңгээл эл аралык компаниялардын туруктуу кызыгуусун чагылдырат, айрыкча жаңы багыттарды – сейрек кездешүүчү жана сейрек жер металлдарын, жезди, никелди, литийди жана титанды өнүктүрүү контекстинде. Ошол эле учурда кен казуу секторуна түз чет өлкөлүк инвестициялардын жалпы көлөмү 2021-жылдагы эң жогорку маанилерден төмөн бойдон калууда, бул иштиктүү климатты жана жөнгө салуунун ачыктыгын жакшыртуу боюнча системалуу чаралардын зарылдыгын көрсөтөт.
28. Сектордун жагымдуулугун жогорулатуу үчүн Программа төмөнкүлөрдү карайт:
1) лицензиялоону санариптештирүүнү кошо алганда, ченемдик чөйрөнү өркүндөтүү;
2) улуттук стандарттарды эл аралык стандарттар (CRIRSCO, ESG, ИПДО) менен шайкеш келтирүү;
3) өнөр жай долбоорлорунун инфраструктурасын жана энергетикалык камсыздоосун өнүктүрүү;
4) салыктык жана жөнгө салуучу шарттардын божомолдуулугун камсыз кылуу.
Көрсөтүлгөн чараларды ишке ашыруу инвесторлордун ишенимин жогорулатууга, чет өлкөлүк салымдардын түзүмүн диверсификациялоого, ошондой эле 2030-жылга карата критикалык минералдар секторуна түз инвестициялардын 700 млн АКШ долларына чейин туруктуу өсүшүн камсыз кылууга мүмкүндүк берет.
3-глава. Программанын максаты
29. Кыргыз Республикасынын критикалык минералдар секторун өнүктүрүү туруктуу экономикалык өсүшкө, индустриялаштырууга жана жогорку технологиялык тармактарды өнүктүрүүгө дем берүү менен өлкөнү дүйнөлүк рынокто чийки заттын жана кайра иштетилген критикалык минералдардын ишенимдүү жеткирүүчүсү статусу менен камсыз кылууга багытталган.
30. Сектор ачык-айкындуулук, эл аралык стандарттарды сактоо (CRIRSCO жана ESGны кошо алганда), адамдык капиталды өнүктүрүү, глобалдык кошумча нарк чынжырчаларына интеграциялоо жана узак мөөнөттүү инвестицияларды тартуу принциптеринде түзүлөт.
Кыргыз Республикасы геологиялык чалгындоо, казуу, кайра иштетүү жана минералдык ресурстарды жоопкерчиликтүү башкаруу жаатында компетенциялардын борбору болуп, өлкө үчүн экономикалык, социалдык жана экологиялык натыйжаларды камсыз кылат.
31. Программанын орто аралык максаттары 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 22-январындагы № 5 “Кыргыз Республикасынын экономикасын динамикалуу өнүктүрүү үчүн полиметаллдарды жана сейрек кездешүүчү жер элементтерин казып алуу боюнча улуттук долбоорду ишке ашыруу жөнүндө” Жарлыгынын артыкчылыктары менен макулдашылган:
1) 2030-жылга карата критикалык минералдар секторуна түз чет өлкөлүк инвестициялардын жылдык агымын 700 млн АКШ долларына чейин көбөйтүү;
2) 2030-жылга карата критикалык минералдарды жылына 1 млрд АКШ доллары деңгээлинде экспорттоого жетишүү;
3) 2030-жылга карата критикалык минералдар секторунда кеминде 5 жаңы инвестициялык долбоорду ишке киргизүү;
4) 2040-жылга карата жергиликтүү калкты ишке орноштурууга артыкчылык берүү менен критикалык минералдар секторунда иш менен камсыз кылууну 30 миң жумуш ордуна чейин көбөйтүү;
5) 2030-жылга карата сектордо иштеген аялдардын үлүшүн 15 %га чейин көбөйтүү;
6) тармактык стандарттар боюнча кадрларды даярдоону жана кайра даярдоону камсыз кылуу, анын ичинде CRIRSCO “компетенттүү адамдар” институтун өнүктүрүү;
7) 2040-жылга карата Кыргыз Республикасынын экологиялык натыйжалуулук индексин дүйнөлүк рейтингдин ортонку үчтөн биринин деңгээлине (№ 60–120) чейин жогорулатуу;
8) ИПДОго ылайык “жогорку” рейтингге жетүү.
32. Кыргыз Республикасынын критикалык минералдар секторуна инвестицияларды тезинен тартуу жана эл аралык атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында өнүктүрүү үчүн кыйла чоң потенциалы бар объекттерди тандоо жүргүзүлдү. Анын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик ишканалардын карамагында турган жана лицензиялар менен камсыздалган 4 артыкчылыктуу долбоор бөлүндү. Алар менен катар андан ары өздөштүрүү жана инвестицияларды тартуу үчүн жогорку кызыгууну жараткан 5 келечектүү кен жана 16 келечектүү аянт аныкталды.
33. Артыкчылыктуу долбоорлорду, кен чыккан жерлерди жана аянттарды тандоо бирдиктүү критерийлер боюнча жүргүзүлдү: запастардын көлөмү жана курамы, инфраструктура менен камсыздалышы, ошондой эле лицензиялоо үчүн жеткиликтүүлүгү. Мындай ыкма ишке ашырууга даяр долбоорлорду жана узак мөөнөттүү өнүгүү потенциалы бар объекттерди айкалыштырган тең салмактуу инвестициялык сунуш түзүүгө мүмкүндүк берет.
1-таблица. Критикалык минералдардын артыкчылыктуу долбоорлору
№ | Аталышы | Минералдар | Жайгашкан жери | Запастар, миң тонна | Руданы камтышы, % |
1 | Кутессай-II | РЗЭ (TREO), молибден (Mo), висмут (Bi), коргошун (Pb) | Кемин району, Чүй облусу | TREO – 42,98; Mo – 2,4; Bi – 2,3; Pb – 21,3 | TREO – 0,26 %; Mo – 0,01 %; Bi – 0,01 %; Pb – 0,12 % |
2 | Калесай | бериллий (BeO) | Кемин району, Чүй облусу | BeO – 11,7 | BeO – 0,127 % |
3 | Түндүк Акташ | сурьма (Sb), флюорит (CaF₂), алтын (Au) | Кадамжай району, Баткен облусу | Sb – 16,758; CaF₂ – 655,0; Au – 0,0079 | Sb – 0,54 %; CaF₂ – 20,1 %; Au – 1,5 г/т |
4 | Кызыл-Омпол | титан (Ti), уран (U), торий (Th), цирконий (Zr), фосфор (P) | Ысык-Көл району, Ысык-Көл облусу | Ti – 1 498,6; U – 3,5; Th – 8,496; Zr – 33,3; P – 12,498 | U – 9,9 г/м³; Th – 22,4 г/м³ |
2-таблица. Критикалык минералдардын келечектүү кен чыккан жерлери
№ | Аталышы | Минералдар | Жайгашкан жери | Запастар, миң тонна | Руданы камтышы, % |
1 | Кадамжай | Сурьма (Sb) | Баткен облусу | 77 | 2,77 |
2 | Кемин | Висмут (Bi) | Чүй облусу | 1,48 | 0,055 |
3 | Тохтонисай | Жез (Cu) | Талас облусу | 99,93 | 0,57 |
4 | Тоссор | Марганец (Mn) | Ысык-Көл облусу | 31,4 | 2,58 |
5 | Кызыл-Таш | Тербий (Tb) | Талас облусу | 0,05 | 0,038 |
3-таблица. Критикалык минералдардын келечектүү аянттары
№ | Аталышы | Минералдар | Жайгашкан жери | Запастар, миң тонна | Руданын камтышы, % |
1 | Актөбе-Қарагой | Күмүш (Ag) | Ош облусу | 9,49 | 133,5 г/т |
2 | Бүлдүрөк | Жез (Cu) | Жалал-Абад облусу | 178,22 | 0,94 |
3 | Жантеке-Заксай | Күмүш (Ag) | Жалал-Абад облусу | 5 | 1450 г/т |
4 | Жарконуш | Күмүш (Ag) | Чүй облусу | 0,196 | 135 г/т |
5 | Карабулак | Коргошун (Pb) | Ош облусу | 120 | 1,50 |
6 | Каранглин (боксит) | Алюминий (Al) | Баткен облусу | 18670 | 37 |
7 | Кенкол (Аномалия №1) | Тербий (Tb) | Талас облусу | 0,167 | 0,14 |
8 | Оитал 1 (Кундук) | Жез (Cu) | Ош облусу | 604,4 | 0,17 |
9 | Оитал 2 (Кундук) | Жез (Cu) | Ош облусу | 601,1 | 0,17 |
10 | Тахталык | Ванадий (V) | Жалал-Абад облусу | 76,5 | 0,30 |
11 | Терексу | Жез (Cu) | Ош облусу | 135 | 1,06 |
12 | Теректи | Вольфрам (W) | Ысык-Көл облусу | 1,5 | 0,46 |
13 | Варух (Бедек) (боксит) | Алюминий (Al) | Баткен облусу | 58500 | 30,5 |
14 | Завод (Түштүк Чокой) | Вольфрам (W) | Ош облусу | 23,91 | 0,20 |
15 | Базалаташ | Жез (Cu) | Нарын облусу | 124 | 0,99 |
16 | Кара-Су | Жез (Cu) | Жалал-Абад облусу | 400,4 | 0,70 |
34. Артыкчылыктуу долбоорлорду ишке ашыруу төмөнкүлөрдү карайт:
1) инвестициялык материалдарды даярдоо жана таратуу (кен чыккан жерлер жөнүндө маалыматтык тизерлер);
2) эл аралык жана региондук кен казуу жана инвестициялык форумдарга катышуу;
3) профилдик компаниялар, илимий-изилдөө институттары жана технологиялык борборлор менен өнөктөштүк түзүү;
4) кен чыккан жерлерди иштетүү, экологиялык жана социалдык жоопкерчилик, ошондой эле долбоорлорду башкаруунун ачык-айкындуулугун камсыз кылуу жаатында дүйнөлүк мыкты практикаларды колдонуу.
Бул долбоорлор ийгиликтүү ишке ашыруу критикалык минералдар секторуна түз чет өлкөлүк инвестицияларды тартуунун негизги кыймылдаткычы болот, инфраструктураны өнүктүрүүнү тездетет жана алар жайгашкан региондордо жаңы жумуш орундарын түзүүнү камсыз кылат деп күтүлүүдө.
4-глава. Өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары
35. Программанын максаттарына жетүү жана критикалык минералдар секторун туруктуу өнүктүрүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү, анын ичинде эл аралык инвесторлорду тартуу жана глобалдык нарк түзүү чынжырчаларына интеграциялоо үчүн беш артыкчылыктуу багыт аныкталган, аларды ишке ашыруу Кыргыз Республикасына узак мөөнөттүү экономикалык, социалдык жана экологиялык пайда алып келүүгө жөндөмдүү, атаандаштыкка жөндөмдүү, ачык-айкын жана технологиялык жактан өнүккөн критикалык минералдар секторун түзүүнү камсыздайт.
1) CRIRSCO жана санариптештирүү – геологиялык маалыматтардын ачыктыгын, жеткиликтүүлүгүн жана аныктыгын жогорулатуу үчүн отчеттуулуктун эл аралык стандарттарын жана заманбап санариптик чечимдерди киргизүү;
2) ченемдик укуктук база – инвестициялык активдүүлүккө дем берүүчү, жер казынасын пайдаланууну жөнгө салуунун заманбап, ачык-айкын жана божомолдуу системасын түзүү;
3) адамдык капитал – критикалык минералдардын наркын түзүү чынжырчасынын бардык звенолорунда иштин жогорку стандарттарын камсыз кылууга жөндөмдүү адистерди даярдоо жана кайра даярдоо системасын өнүктүрүү;
4) инвесторлор менен байланыш жана өнөктөштүк – инвестицияларды, технологияларды жана экспертизаларды тартууга багытталган эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү жана узак мөөнөттүү өнөктөштүктү түзүү;
5) өнөр жай кластерлери жана технологияларды өнүктүрүү – критикалык минералдарды казуунун жана кайра иштетүүнүн заманбап борборлорун түзүү, алдынкы технологиялык чечимдерди киргизүү жана өндүрүштүк чынжырларды локалдаштырууга дем берүү.
36. CRIRSCO стандартын акырындык менен киргизүү, эл аралык отчеттуулук стандарттарын киргизүү менен айкалышта геологиялык маалыматтардын ачыктыгын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу Кыргыз Республикасынын инвестициялык жагымдуулугун чыңдоо жана кен казуу, анын ичинде критикалык минералдар секторунда жагымдуу ишкердик чөйрөнү түзүү үчүн негизги шарт болуп саналат.
Бул багыттын алкагында алдынкы кен казуучу өлкөлөрдө колдонулуучу мыкты эл аралык практикаларды интеграциялоого багытталган иш-чаралардын комплексин ишке ашыруу каралган. Бул ресурстук базаны башкаруунун ачык-айкындуулугун камсыздоого, чечимдерди кабыл алуунун натыйжалуулугун жогорулатууга жана Кыргыз Республикасына дүйнөлүк критикалык минералдар рыногунда ишенимдүү өнөктөш катары ишенимди калыптандырууга мүмкүндүк берет.
37. Кыргыз Республикасында пайдалуу кендердин запастарын жана ресурстарын эсепке алуунун негизи болуп Запастар боюнча мамлекеттик комиссиянын системасы саналат. Бул система советтик мезгилде эле түзүлгөн жана ондогон жылдар аралыгында өзүнүн натыйжалуулугун далилдеген. Запастар боюнча мамлекеттик комиссиянын ишинин натыйжасында жер казынасын сарамжалдуу пайдаланууга катуу мамлекеттик контроль, минералдык-чийки зат базага ишенимдүү баа берүү жана кен казуу тармагын пландуу өнүктүрүү камсыздалат.
Запастар боюнча мамлекеттик комиссиянын системасы жер казынасын пайдалануучулардын баары үчүн милдеттүү болуп саналат, бул маалыматтардын бир түрдүүлүгүнө, алардын улуттук деңгээлде салыштырмалуулугуна жана мамлекет тарабынан узак мөөнөттүү пландаштыруу мүмкүнчүлүгүнө кепилдик берет. Ал геологиялык параметрлерди гана эмес, коопсуздук, технологиялык колдонуучулук жана өлкөнүн экономикасын чийки зат базасы менен камсыз кылуу маселелерин да эске алат.
Ошону менен бирге глобалдык тенденцияларды жана айрым инвесторлордун керектөөлөрүн эске алуу менен, Кыргыз Республикасы эл аралык ыкмаларды колдонууга ачык.
38. 2017-жылы КЖЭК түзүлгөн, ал CRIRSCOну киргизүү боюнча ишти жетектеген. 2024-жылы CRIRSCO эл аралык талаптарынын жана сунуштарынын негизинде иштелип чыккан KyrRC улуттук стандарты бекитилген. Кыргыз Республикасы менен CRIRSCOнун ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумдарга кол коюлган, ал эми өлкө эл аралык комитетте расмий мүчөлүк алууга талапкерлердин катарына кирген.
39. Бул инструментти – CRIRSCO стандартын компаниялар эл аралык капитал рынокторуна чыгууну же чет өлкөлүк инвестицияларды тартууну пландаштырса ыктыярдуу негизде колдоно алат.
Ошентип өлкөдө Запастар боюнча мамлекеттик комиссиянын тең салмактуу механизми иштейт, ал улуттук муктаждыктар жана мамлекеттик башкаруу үчүн запастарды толук жана ишенимдүү баалоону камсыз кылган милдеттүү мамлекеттик стандарт бойдон калууда.
40. CRIRSCO жана анын туундулары (JORC, PERC ж.б.) компаниялар тарабынан алардын каалоосу боюнча долбоорлордун инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу инструменти катары кошумча колдонулушу мүмкүн.
Мындай ыкма катуу мамлекеттик контролдун убакыт менен текшерилген салттарын сактап калууга жана ошол эле учурда эл аралык деңгээлде иштеген жер казынасын пайдалануучуларга ийкемдүүлүктү камсыз кылууга мүмкүндүк берет. Натыйжада Кыргыз Республикасы улуттук жана эл аралык тажрыйбанын эң жакшысын айкалыштыруу менен ишенимдүү эсепке алуу системасына жана инвесторлордун көз алдында ачык-айкындуулукка ээ болот.
Кыргыз Республикасы эл аралык стандарттарга өтүү багытында кадамдарды жасады. Инвестицияларга күчөгөн глобалдык атаандаштыктын жана критикалык минералдар секторун өнүктүрүү зарылчылыгынын шартында CRIRSCO стандарттарын колдонууну тездетүү керек.
41. Негизги иш-чаралар:
1) CRIRSCOдо расмий мүчөлүк алуу – Кыргыз Республикасынын улуттук кодексти эл аралык деңгээлде таануу үчүн эл аралык комитетке расмий кириши;
2) улуттук компетенцияларды өнүктүрүү – компетенттүү адамдарды окутуу жана аттестациялоо, эл аралык стандарттар боюнча отчеттуулукту жүргүзө ала турган эксперттердин кесиптик базасын түзүү;
3) KyrRCти ченемдик укуктук базага интеграциялоо – жер казынасын пайдалануунун ченемдик укуктук базасында улуттук стандартты бекитүү;
4) методикалык колдонмолорду иштеп чыгуу – кен пайдалануучулар үчүн KyrRC/CRIRSCO стандарты боюнча отчеттуулукту даярдоо жана кабыл алуу боюнча нускамаларды жана сунуштамаларды даярдоо;
5) KyrRC/CRIRSCO стандартын бара-бара киргизүү –KyrRC/CRIRSCOну параллель колдонуу мүмкүнчүлүгүн ыктыярдуу жана ошол эле учурда милдеттүү түрдө Запастар боюнча мамлекеттик комиссияга берүү.
CRIRSCO стандартын киргизүү критикалык минералдардын запастары жөнүндө маалыматтардын ачык-айкындуулугун жана эл аралык салыштырмалуулугун камсыздайт, административдик тоскоолдуктарды азайтат жана мамлекет менен инвесторлордун ортосундагы өз ара аракеттенүүнү жөнөкөйлөштүрөт.
42. Геологиялык маалыматтарды санариптештирүү кен казуу секторунда ачык-айкындуулукту жогорулатуу жана критикалык минералдарды иштеп чыгууга инвестиция тартуу үчүн маанилүү шарт болуп саналат. Кыргыз Республикасынын аймагынын 90 %дан ашыгы совет доорунда картага түшүрүлгөн, бирок даярдалган отчеттордун жана материалдардын басымдуу бөлүгү дагы эле кагаз жүзүндө сакталып, колдонуучулардын кеңири чөйрөсүнө жеткиликсиз. Түзүлгөн онлайн-ресурстар кен чыккан жерлер жана келечектүү участоктор жөнүндө гана негизги маалыматтарды берет, ал эми деталдуу маалыматтар дагы эле үзүндү жана чектелген түрдө жеткиликтүү бойдон калууда.
43. Эл аралык практика көрсөткөндөй, заманбап санариптик геологиялык платформалар архивдик материалдарды гана эмес, геологиялык чалгындоо иштеринин актуалдуу маалыматтарын, ресурстар жана запастар жөнүндө маалыматты, ченемдик укуктук базаны, ошондой эле өтүнмөлөрдү берүү жана лицензияларды башкаруу инфраструктурасын бириктирет. Бул инвесторлорго мамлекеттик органдар менен тынымсыз байланышта болбостон, толук маалыматты ыңгайлуу форматта алууга мүмкүндүк берет.
44. Кыргыз Республикасынын аймагында келечектүү участоктордо жана кен байытуу өндүрүшүнүн калдыктарында сейрек жана сейрек жер металлдарынын минералдык чийки зат базасын толуктоо үчүн Кыргыз Республикасынын критикалык минералдар секторун өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу максатында, Министрлер Кабинетинин 2025-жылдагы тескемеси менен геологиялык фонддук материалдарды электрондук сактагычка которуу боюнча иштерди жүргүзүү үчүн 2029-жылга чейинки мезгилге 157 936 180 (бир жүз элүү жети миллион тогуз жүз отуз алты миң бир жүз сексен) сом бөлүндү.
Кыргыз Республикасы үчүн геологиялык, геофизикалык жана башка маалыматтарды сапаттуу санариптөө жана структуралаштыруу, аларды андан ары бирдиктүү геологиялык платформага интеграциялоо үчүн чачыранды маалыматтарды каталогдордун жана электрондук маалымат сактагычтардын бирдиктүү системасына бириктирүүдө маанилүү кадам болуп калат.
45. Негизги иш-чаралар:
1) ачык-айкындуулук жана жеткиликтүүлүк саясатын кайра карап чыгуу – геологиялык маалыматтарга ачык жеткиликтүүлүктү камсыз кылуучу ыкмаларды киргизүү;
2) геологиялык жана геофизикалык маалыматтарды электрондук сактагычтарга өткөрүү, маанилүү кен чыккан жерлердин отчетторун санариптөө – архивдик отчетторду, карталарды, кесилиштерди жана геохимиялык материалдарды электрондук сактагычтарга системалуу которуу, ошондой эле зарыл учурда маанилүү кен чыккан жерлердин отчетторун кийинки талдоо жана моделдөө мүмкүнчүлүгү менен санариптик форматка которуу.
Ошентип геологиялык жана геофизикалык маалыматтарды электрондук сактагычтарга өткөрүү, маанилүү кен чыккан жерлердин отчетторун санариптөө боюнча иш-чараларды ишке ашыруу геологиялык маалыматтарга ачык жеткиликтүүлүктү камсыз кылат, эл аралык инвесторлордун ишенимин жогорулатат жана чечим кабыл алуу процессин жөнөкөйлөтөт. Бул багыт келечектүү аянттарды тандоону оптималдаштырууга, тармакка жаңы компаниялардын катышуусун активдештирүүгө жана ресурстарды мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берүүчү заманбап санариптик инфраструктураны түзүү үчүн негиз болуп берет.
46. Кыргыз Республикасынын кен казуу тармагындагы лицензиялоо системасы дагы деле татаал жана көп жагынан эскирген бойдон калууда. Жер казынасын пайдалануу укугун алуу үчүн кагаз түрүндөгү документтерди тапшыруу жана көптөгөн ведомстволор менен макулдашуу талап кылынат, мында процесс узакка созулат жана ачык-айкын болбойт. Санариптик сервистердин жоктугу транзакциялык чыгымдарды көбөйтүп, өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун төмөндөтөт.
47. Эл аралык тажрыйба көрсөткөндөй, Батыш Австралия жана Канада сыяктуу өнүккөн кен казуучу юрисдикцияларда лицензиялоо ачык-айкын санариптик платформалар аркылуу ишке ашырылат. Алар инвесторлорго интерактивдүү карталарга, актуалдуу ченемдик укуктук базага, өтүнмөлөрдү берүү мүмкүнчүлүгүнө жана онлайн электрондук аукциондорду өткөрүүгө жеткиликтүүлүктү камсыздайт. Мында негизги принцип мамлекет лицензиялоо үчүн объекттердин чектерин аныктаган практикадан инвесторлор өздөрү белгиленген эрежелерге ылайык жер казынасынын блокторун тандай алган системага өтүү болуп саналат. Мындай ыкма ийкемдүүлүктү, адилеттүүлүктү жана жер ресурстарын натыйжалуу пайдаланууну камсыздайт.
48. Кыргыз Республикасында лицензиялоо үчүн жеткиликтүү участоктор жөнүндө маалыматка жетүү чектелүү бойдон калууда, актуалдаштырылган санарип карталары жана маалымат базалары жок, ал эми инвесторлор документтерди өзү барып тапшырышы жана жыйымдарды төлөшү керек. Бул жаңы катышуучулар үчүн олуттуу тоскоолдуктарды жаратат жана лицензиялоо жол-жобосуна карата ишенимди төмөндөтөт. Санарип платформага өтүү бул кемчиликтерди жоюуга мүмкүндүк берет, жергиликтүү жана эл аралык компаниялар үчүн ачык-айкындуулукту жана бирдей шарттарды камсыз кылат.
49. Негизги иш-чаралар:
1) блоктук системаны киргизүү – инвесторлор лицензиялоо үчүн участокторду өз алдынча тандай турган, ал эми мамлекет жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык процессти жөнгө салуучу картографиялык принципке өтүү;
2) өтүнмөлөрдү берүүнүн санариптик принциби – электрондук аукциондорго катышуунун адилеттүүлүгүн жана ачык-айкындуулугун камсыз кылуучу, өтүнмөлөрдү берүүнүн так убактысын көрсөтүү менен электрондук каттоо системасын киргизүү;
3) электрондук аукциондор – инвесторлорго сунуштарды аралыктан берүүгө, ал эми мамлекетке процесстин ачыктыгын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн камсыз кылууга мүмкүндүк берген электрондук тооруктарды өткөрүү механизмин түзүү;
4) мамлекеттик органдардын маалыматтарын интеграциялоо – административдик тоскоолдуктарды азайтуу жана ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн лицензиялоо, жер укуктары, экологиялык уруксаттар жана салыктык милдеттенмелер жөнүндө маалыматты бирдиктүү системага бириктирүү;
5) интеграцияланган бирдиктүү геологиялык платформаны түзүү – геологиялык маалыматтарды, ченемдик укуктук маалыматты жана лицензиялоо кызматтарын бириктирген, көп тилдүү интерфейси бар жана инвесторлор, илимий уюмдар жана мамлекеттик органдар үчүн жеткиликтүү онлайн-платформаны иштеп чыгуу.
Демилгени ишке ашыруу эскирген бюрократиялык моделден лицензиялоонун мыкты эл аралык практикаларга негизделген заманбап санариптик инфраструктурасына өтүүгө мүмкүндүк берет. Бул лицензияларды берүү жол-жобосун тездетет, административдик жүктү азайтат, жер казынасына бирдей жеткиликтүүлүктү камсыз кылат жана критикалык минералдар секторундагы инвесторлор үчүн Кыргыз Республикасынын ишенимдүү өнөктөш катары позициясын бекемдейт.
50. Кыргыз Республикасындагы критикалык минералдар секторун өнүктүрүү үчүн системалык чектөөлөрдүн бири болуп компаниялардын ишинин ачык-айкындуулугунун жетишсиздиги жана алардын экологиялык жана социалдык милдеттенмелери жөнүндө маалыматты ачыктоонун деңгээлинин төмөндүгү саналат. Бирдейлештирилген ESG-отчеттуулуктун жоктугу өлкөнүн эл аралык жеткирүү чынжырларына интеграцияланышын кыйындатат жана инвесторлордун ишенимин чектейт. Ачыктыктын жетишсиздиги ошондой эле кен казуучу компаниялар менен жергиликтүү коомдоштуктардын ортосундагы мамилелердеги чыңалууну күчөтүп, социалдык чыр-чатактар тобокелдиктерин жаратат.
51. Эл аралык деңгээлде бул чөйрөдөгү эң маанилүү инструменттер болуп ESG жана ИПДО стандарттары саналат. Кыргыз Республикасында ИПДОнун алкагында милдеттенмелерди аткаруу боюнча прогресс жетишсиз бойдон калууда: 2023-жылдагы баалоонун жыйынтыктары боюнча өлкө “салыштырмалуу төмөн” натыйжага ээ болду, бул ачык-айкындуулуктун жана отчеттуулуктун деңгээлин жогорулатуу боюнча системалуу жана ырааттуу иш алып баруу зарылдыгын тастыктады. Бул маселелерге көңүл буруунун күчөшү Кыргыз Республикасына инвесторлордун да, жергиликтүү жамааттардын да ишенимин бекемдөөгө мүмкүндүк берет.
52. Негизги иш-чаралар:
1) эл аралык ESG-стандарттарын локалдаштыруу – кен казуучу жана өнөр жай компаниялары үчүн ESG-отчеттуулугу боюнча талаптарды корпоративдик башкаруунун бир бөлүгү катары бекитүү жана эл аралык уюмдардын принциптерин эске алуу менен компаниялар үчүн отчеттуулук боюнча методикалык материалдарды иштеп чыгуу;
2) Кыргыз Республикасынын ИПДОго катышуусун күчөтүү – демилгенин алкагында талаптарды аткаруу боюнча системалуу иштерди жүргүзүү, эл аралык катчылык менен активдүү өз ара аракеттенүү жана эл аралык ачыктык баалоолорунда өлкөнүн кыйла жогору статусуна жетишүү.
Бул чараларды ишке ашыруу Кыргыз Республикасына маалыматты ачыкка чыгаруунун фрагменттик ыкмасынан системалуу практикага өтүүгө, критикалык минералдар секторун туруктуу өнүктүрүүнүн негизин түзүүгө, жергиликтүү коомдоштуктардын ишенимин бекемдөөгө жана эл аралык мыкты стандарттарга шайкештигин камсыз кылууга мүмкүндүк берет.
53. Критикалык минералдар секторун өнүктүрүү туруктуу, заманбап жана божомолдуу ченемдик укуктук негизди талап кылат, ал жер казынасын пайдалануунун ачык-айкын жана адилеттүү шарттарын, ошондой эле атаандаштыкка жөндөмдүү фискалдык режимди камсыз кылат. Мындай база тармакты натыйжалуу жөнгө салуунун негизги факторлорунун бири болуп саналат.
54. Дүйнөлүк практика көрсөткөндөй, ийгиликтүү кен казуучу юрисдикциялар жер казынасын пайдалануу укуктарынын так аныкталган айкалышын, түшүнүктүү жана туруктуу салык шарттарын, ошондой эле экологиялык жана социалдык жоопкерчиликтин жогорку стандарттарын камсыздайт. Кыргыз Республикасы үчүн бул административдик тоскоолдуктарды жоюу, лицензияларды алуу жана узартуу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү, улуттук мыйзамдарды эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүү жана укук колдонуу механизмдерин бекемдөө зарылдыгын билдирет.
55. Жер казынасын пайдалануу укуктарын бөлүштүрүүдөн тартып, иштин жыйынтыктары жөнүндө отчеттуулукка чейин бардык процесстердин ачык-айкындуулугун камсыз кылуу өзгөчө мааниге ээ. Бул инвесторлор үчүн тобокелдиктерди гана азайтпастан, жергиликтүү коомдоштуктардын ишениминин өсүшүнө өбөлгө түзөт, региондордогу кен казуу долбоорлорунун социалдык туруктуулугун жакшыртат.
56. Бул багыттын алкагында төмөнкүлөргө багытталган бир катар иш-чаралар ишке ашырылат:
1) жер казынасына жетүүнү жөнөкөйлөтүү жана жөнгө салуунун божомолдуулугун жогорулатуу максатында колдонуудагы ченемдик укуктук базаны тиешелүү ЧУАга интеграциялоо;
2) критикалык минералдарды чалгындоого, казып алууга жана кайра иштетүүгө дем берүүчү атаандаштык салык режимин түзүү;
3) таасирди баалоонун жана жергиликтүү коомдоштуктар менен өз ара аракеттенүүнүн эл аралык стандарттарына басым жасоо менен экологиялык жана социалдык мыйзамдарды өркүндөтүү.
Ченемдик укуктук базаны комплекстүү жаңылоо Кыргыз Республикасына алдынкы кен казуучу өлкөлөрдө кеңири пайдаланылган дүйнөлүк мыкты практикаларды колдонууга мүмкүндүк берет жана экономикалык кызыкчылыктардын, социалдык жоопкерчиликтин жана экологиялык коопсуздуктун ортосундагы тең салмактуулукту камсыз кылуу менен инвестицияларды туруктуу тартуу, өндүрүштүн өсүшү жана критикалык минералдарды кайра иштетүүнү өнүктүрүү үчүн шарттарды түзөт.
57. Кыргыз Республикасынын критикалык минералдар секторун туруктуу өнүктүрүүнү камсыз кылуу үчүн эл аралык мыкты практикаларга ылайык келген заманбап жана бирдиктүү ченемдик укуктук база зарыл. Бүгүнкү күндө республиканын мыйзамдарында жер казынасын пайдаланууну жөнгө салуу механизмдери камтылган, бирок лицензиялоо жол-жоболорун андан ары жөнөкөйлөтүү, жөнгө салуунун ачыктыгын жогорулатуу үчүн дагы потенциал бар. Атап айтканда, кен чыккан жерди изилдөөнүн даражасына карабастан, жер казынасын пайдалануу укугун берүүнүн конкурстук тартибинин элементтери, минералдардын айрым түрлөрүн чалгындоого жана казып алууга мораторийлер, техникалык долбоорлорду мамлекеттик органдар менен милдеттүү түрдө макулдашуу жана рекультивациялоо фонддорун мамлекеттик банктар тарабынан башкаруу сакталып турат. Бул чаралар мамлекеттин кызыкчылыктарын контролдоону жана коргоону камсыздайт, бирок критикалык минералдар секторун өнүктүрүү жана инвестициялык жагымдуулукту жогорулатуу боюнча милдеттерди эске алуу менен модернизациялоону талап кылат.
58. Колдонуудагы системада алтындын жана күмүштүн ири жана орто кен чыккан жерлери боюнча уставдык капиталга катышуу үлүшүн мамлекетке кайтарымсыз өткөрүп берүү жөнүндө ченем каралган. Ошол эле учурда алтын Кыргыз Республикасынын критикалык минералдарынын тизмегине кирбегенине карабастан, мамлекеттин милдеттүү катышуу практикасы кен казуу секторундагы инвестициялык чөйрөнүн калыптанышына таасир этет. Мындай модель мамлекеттин көзөмөлүн камсыздайт, бирок инвестициялык жагымдуулукту чектейт, анткени алдынкы кен казуучу өлкөлөрдөгү эл аралык практикада мамлекеттин катышуусу негизинен коммерциялык шарттарда каралат, муну ченемдик укуктук базаны жаңылоодо эске алуу зарыл.
59. Негизги иш-чаралар:
1) лицензиялоо процессин жөнөкөйлөтүү – электрондук аукциондорду өткөрүү үчүн өтүнмөлөрдү электрондук форматта берүүнү мыйзамдуу бекитүү;
2) финансылык механизмдерди рекультивациялоо реформасы – экологиялык жоопкерчиликти сактоодо ийкемдүүлүктү жана ишенимдүүлүктү камсыз кылуучу, мамлекеттик гана фонддордун ордуна финансылык камсыздоонун альтернативдүү формаларын (камсыздандыруу, банктык кепилдиктер, депозиттер) колдонуу мүмкүнчүлүгүн кошо алганда, учурдагы талаптарды модернизациялоо;
3) мыйзамдарды кодификациялоо – жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү негизги ченемдик укуктук актыларды лицензиялоо, рекультивациялоо, жер казынасын пайдалануучулардын финансылык милдеттенмелери жөнүндө жоболорду камтыган тиешелүү ЧУА долбооруна бириктирүү, ошондой эле эл аралык стандарттар, атап айтканда CRIRSCO менен шайкеш келтирүү.
Демилгени ишке ашыруу Кыргыз Республикасында жер казынасын пайдаланууну жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды жөнөкөйлөтүүнү жана бирдейлештирүүнү камсыз кылат, административдик тоскоолдуктарды кыскартуунун эсебинен жеке компаниялардын издөө жана геологиялык чалгындоо иштерине лицензия алуудагы активдүүлүгүн жогорулатат, ошондой эле рекультивациялоо иш-чараларына багытталган каражаттарды кыйла натыйжалуу пайдалануу үчүн шарттарды түзөт.
60. Кыргыз Республикасынын жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү салык системасы критикалык минералдар секторунун инвестициялык жагымдуулугун калыптандырууда негизги ролду ойнойт. Ал бюджетке олуттуу келип түшүүлөрдү камсыздайт жана ошол эле учурда башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана геологиялык чалгындоо активдүүлүгүнө дем берүү бөлүгүндө өркүндөтүү үчүн потенциалга ээ.
61. Азыркы убакта Кыргыз Республикасындагы салык салуу системасы жер казынасын пайдалануучулар үчүн төрт милдеттүү төлөмдү (роялти, бонус, казып алуудан алынган киреше салыгы, лицензияны кармап туруу үчүн жыйым) башкарууну карайт, алар бардык өнөр жай ишканаларына карата колдонулуучу жалпы салык режимине, ошондой эле экологиялык жана социалдык төлөмдөргө кошумча болуп саналат.
62. Көпчүлүк алдынкы кен казуучу өлкөлөрдө салык системалары роялтини жана лицензиялык жыйымдарды камтыйт жана айрым юрисдикцияларда гана пайдалуу кендердин түрлөрү боюнча дифференцияланган кен казуучу компаниялардын кирешесине атайын салыктар кошумча колдонулат. Эл аралык практика менен салыштыруу көрсөткөндөй, көпчүлүк өлкөлөр жер казынасын пайдаланууда салык салуунун айкалышкан системаларын колдонот, анда роялти жана атайын салыктар мамлекет менен инвестордун ортосунда кирешелерди адилеттүү бөлүштүрүүнү камсыз кылуунун инструменттери болуп саналат. Мында эл аралык мамилелер салыктардын түзүмүн өзгөртүүгө эмес, башкаруунун ачык-айкындыгын жана натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.
63. Кыргыз Республикасы үчүн артыкчылыктуу болуп процедураларды жөнөкөйлөтүүгө жана төлөмдөрдү башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга басым жасоо менен казып алуудан түшкөн акчага салык салуу принциптерин өзгөртпөстөн учурдагы режимди андан ары өркүндөтүү саналат.
64. Мындан тышкары иштеп жаткан системанын айрым элементтери кошумча административдик чыгымдарды жаратат. Лицензиялык участоктун аянтына жараша эсептелген геологиялык чалгындоо укугун алуу үчүн бонус мамлекет үчүн олуттуу кирешелерди жаратпайт, бирок кошумча административдик жүктөмдү түзөт. Ушуга байланыштуу дифференцияланган мамилени киргизүү максатка ылайыктуу, мында бонус жакшы изилденген кен чыккан жерлер үчүн сакталат, бирок издөө жана чалгындоо баскычтарында колдонулбайт.
65. Ошол эле учурда Кыргыз Республикасындагы чалгындоо үчүн лицензиялык жыйымдын орточо өлчөмү көпчүлүк салыштырма юрисдикцияларга караганда кыйла жогору. Геологиялык чалгындоо иштериндеги активдүүлүккө дем берүү үчүн бюджетке жалпы келип түшүүлөрдү азайтпастан, эл аралык жана региондук практикаларга ылайык жыйымдардын деңгээлин теңдөө зарыл болуп саналат.
66. Критикалык минералдарды кайра иштетүүгө багытталган ЭЭЗди өнүктүрүү да келечектүү багыт болуп эсептелет. Дүйнөлүк практика көрсөткөндөй, мындай зоналар инвестицияларды тартуу жана чийки затты терең кайра иштетүүгө дем берүү үчүн шарттарды түзөт. Кыргыз Республикасы жаңы зоналарды түзүү же кен чыккан жерлерге жакын жайгашкан учурдагы зоналарды кайра багыттоо жолу менен критикалык минералдар сектору үчүн адистештирилген ЭЭЗдерди түзүүдөн пайда көрө алат.
67. Негизги иш-чаралар:
1) салыктык башкарууну өркүндөтүү – жер казынасын пайдалануучулардын төлөмдөрүн башкаруунун ачык-айкындуулугун жана натыйжалуулугун жогорулатуу, эсепке алуунун жана отчеттуулуктун санариптик инструменттерин киргизүү;
2) лицензиялык жыйымдарды оптималдаштыруу – критикалык минералдар чыккан жерлерди издөөгө жана чалгындоого дем берүү максатында лицензияны кармоо үчүн жыйымдардын колдонуудагы ставкаларынын 2030-жылга чейин алар жогорулаган учурда сакталып калышын кароо;
3) критикалык минералдар үчүн ЭЭЗ түзүү – минералдык чийки заттарды терең кайра иштетүүгө дем берүү үчүн салыктык жеңилдиктерди жана бажылык жөнгө салуунун жөнөкөйлөтүлгөн жол-жоболорун иштеп чыгуу, анын ичинде жаңы зоналарды түзүү же кен чыккан жерлерге жакын жайгашкан учурдагы зоналарды кайра багыттоо аркылуу.
Бул чаралар мамлекеттин жана инвесторлордун кызыкчылыктарынын балансын камсыз кылуучу жер казынасын пайдалануучуларга салык салуунун адилеттүү жана атаандаштыкка жөндөмдүү системасын түзүүгө мүмкүндүк берет. Салык механизмдерин жөнөкөйлөтүү жана оптималдаштыруу геологиялык чалгындоо иштерин кеңейтүү, рыноктун жаңы катышуучуларын тартуу жана критикалык минералдарды терең кайра иштетүүгө дем берүү үчүн шарттарды түзөт.
68. Азыркы убакта кен казуу тармагында, атап айтканда критикалык минералдар секторунда атаандаштыкка жөндөмдүүлүк көбүнчө экологиялык жана социалдык жоопкерчиликтин деңгээли менен аныкталат. Кыргыз Республикасындагы учурдагы жөнгө салуу системасы милдеттүү түрдө АЧТБ жүргүзүүнү карайт, мында компаниялар тарабынан социалдык пакеттер жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасын иштетүүдө гана түзүлөт. Муну менен бирге бул механизмдер бир катар учурларда фрагменттик бойдон калат. Талаптарды практикалык ишке ашыруу көбүнчө контролдоо жана башкаруу үчүн ресурстардын жетишсиздиги, ошондой эле жергиликтүү коомчулуктар менен өз ара аракеттенүүгө формалдуу мамиле жасоо менен коштолот. Бул экологиялык мониторинг жүргүзүүнүн натыйжалуулугун төмөндөтөт жана жер казынасын пайдалануучулар менен алар иштеп жаткан региондордогу калктын ортосундагы туруктуу жана конструктивдүү мамилелерди түзүүнү кыйындатат.
69. Экологиялык жана социалдык жөнгө салууну андан ары өркүндөтүү критикалык минералдар секторун өнүктүрүү үчүн маанилүү шарт болуп саналат. Дүйнөлүк практикада ушул сыяктуу стандарттар долбоорлорду башкаруу системасына интеграцияланган жана системалык мүнөзгө ээ, бул коомчулук тарабынан ишенимдин жогорулашына жана долбоорду ишке ашыруунун туруктуулугуна өбөлгө түзөт. Кыргыз Республикасы улуттук мыйзамдарды жаңылоодо бул мамилелерди эске алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ, муну менен экономиканы өнүктүрүү, айлана-чөйрөнү коргоо менен жергиликтүү коомчулуктардын кызыкчылыктарынын ортосундагы балансты камсыз кылат.
70. Негизги иш-чаралар:
1) экологиялык маалыматты системалуу түрдө ачыкка чыгаруу жана милдеттенмелердин сакталышын контролдоо – ишканалар үчүн АЧТБ жана социалдык таасирди баалоо жөнүндө маалыматтарды ачыкка чыгаруу боюнча милдеттүү талаптарды киргизүү, казып алуунун экологиялык кесепеттерине системалуу мониторинг жүргүзүү механизмдерин иштеп чыгуу жана белгиленген милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылуу;
2) социалдык таасирди баалоо жана социалдык милдеттенмелерди регламенттөө – кен казуу долбоорлорунун социалдык таасирине баалоо жүргүзүү боюнча милдеттүү талаптарды киргизүү, ошондой эле социалдык пакеттерди түзүүнүн так эрежелерин жана аларды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жергиликтүү коомчулуктар менен макулдашуу жол-жоболорун белгилөө;
3) жергиликтүү калк менен диалогду өнүктүрүү – долбоорлорду ишке ашыруунун бардык этаптарында коомдук угуулардын жана үзгүлтүксүз консультациялардын милдеттүү түрдө өткөрүлүшүн камсыз кылуу, кайра байланышуу үчүн аянтчаларды түзүү.
Белгиленген чараларды ишке ашыруу экологиялык мониторинг жүргүзүүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга, социалдык милдеттенмелерди түзүүнүн ачык-айкын эрежелерин бекитүүгө жана чечимдерди кабыл алуу процессине жергиликтүү коомчулуктарды системалуу түрдө тартууну камсыз кылууга мүмкүндүк берет. Бул экологиялык жана социалдык тобокелдиктерди азайтуу, жер казынасын пайдалануучулар, калк менен бийлик органдарынын ортосундагы ишенимди чыңдоо үчүн шарттарды түзөт жана Кыргыз Республикасынын критикалык минералдар секторунда кен казуу долбоорлорун туруктуу ишке ашырууга көмөктөшөт.
71. Адамдык капиталды өнүктүрүү Кыргыз Республикасынын критикалык минералдар секторунун ийгиликтүү калыптануусунун жана өсүшүнүн негизги шарттарынын бири болуп саналат. Пайдалуу кендерди геологиялык чалгындоо, казып алуу, байытуу жана кайра иштетүү боюнча заманбап технологиялар боюнча квалификациялуу кадрлар ресурстук базанын натыйжалуу өнүгүшүн жана тармактын эл аралык стандарттарга шайкеш келишин камсыз кылат.
Мындай кадрдык базаны түзүү билим берүү программаларын жаңылоону, практикага багытталган даярдоону кеңейтүүнү, окутуунун алдынкы методдорун киргизүүнү жана адистерди кайра даярдоону талап кылат.
72. Бул багыттын негизги эң маанилүү түзүүчүсү болуп кен казуу тармагына аялдарды тартуу жана экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү саналат. Аларды ишке орноштуруу үчүн тоскоолдуктарды алуу, кесиптик чеберчиликтерин өнүктүрүү жана эл аралык демилгелерге катышуу сектордун инклюзивдүүлүгүн арттырууга жана анын потенциалын ачууга мүмкүндүк берет.
Адамдык капиталды өнүктүрүү боюнча системалуу иштер тармактын узак мөөнөттүү өнүгүшүнө жана эмгек рыногунда атаандаштык артыкчылыктын калыптанышына өбөлгө түзөт.
73. Критикалык минералдар чөйрөсүндө квалификациялуу кадрдык резерв тармактын туруктуу өсүшүн камсыз кылуунун жана анын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуунун керектүү шарты болуп саналат. Сектор квалификациялуу адистердин жетишсиздиги менен байланышкан системалуу чакырыктарга туш болууда, айрыкча заманбап техникалык компетенцияларды жана эл аралык стандарттарды, анын ичинде CRIRSCOну колдонууну талап кылган тармактарда. Эң курч жетишсиздик жогорку квалификациялуу кадрлардын – геологдордун, инженерлердин жана байытуу боюнча адистердин арасында байкалат, аларды компаниялар чет өлкөдөн тартууга аргасыз болот, бул кошумча чыгымдар жана татаал административдик жол-жоболор менен байланышкан.
74. Ошол эле учурда тармактагы кадр саясаты Кыргыз Республикасынын жарандарынын эсебинен 80 %га чейин иш менен камсыз кылууга багытталган, бул компетенциялар жетишсиз болгон учурда кесиптик билим берүү системасына жүктөмдү күчөтөт жана анын рыноктун керектөөлөрүнө тез ыңгайлашуусун талап кылат. Өлкөдө орто жана төмөн квалификациялуу жумушчулар бар болсо да, компаниялар алар үчүн ар түрдүү долбоорлордун ортосунда атаандашууга аргасыз болушат, бул адистердин жетишсиздигине алып келет жана өндүрүштүк ишти кеңейтүү мүмкүнчүлүгүн чектейт. Бул сектордун өнүгүүсү үчүн тобокелдиктерди жаратат жана жаңы технологияларды киргизүүгө тоскоолдук жаратат.
Кыйынчылыктар ошондой эле чет өлкөлүк экспертизаны тартуу мүмкүнчүлүктөрүнүн чектелүүлүгү менен байланыштуу: жумушка уруксат алуу олуттуу убакыттык жана административдик ресурстарды талап кылат, бул улуттук экономикага заманбап көндүмдөрдү жана технологияларды киргизүүнү жайлатат. Жалпысынан бул факторлор кадрларды даярдоону системалуу реформалоо, билим берүү программаларын модернизациялоо, кайра даярдоо жана стажировкадан өтүү механизмдерин түзүү, ошондой эле критикалык минералдар секторунда окуу жайлар менен ишканалардын ортосундагы кызматташууга дем берүү зарылдыгын аныктайт.
75. Негизги иш-чаралар:
1) кесиптик көндүмдөрдү баалоо – көндүмдөрдүн жана компетенцияларга муктаждыктардын аудитин жүргүзүү, анын ичинде геология, критикалык минералдарды байытуу жана аралаш адистиктер;
2) даярдоо жана кайра даярдоо системасын өнүктүрүү – иштеп жаткан кызматкерлер үчүн квалификацияны жогорулатуу программаларын уюштуруу, ЖОЖдордун жана техникумдардын окуу пландарын жаңылоо, эл аралык тенденцияларга жана эң мыкты практикаларга ылайык тармактын кесиптик стандарттарын иштеп чыгуу;
3) кен казуучу компаниялар менен окуу жайлардын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү – окуу пландарын тармактын муктаждыктары менен ылайыкташтыруу, стажировкаларды жана практикага багытталган окутууну киргизүү жана максаттуу стипендиялар жана чет өлкөдө окутуу программаларын иштеп чыгуу.
Каралган иш-чараларды жүзөгө ашыруу критикалык минералдар сектору үчүн адистерди даярдоонун бекем системасын түзүүгө, эмгектин өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга, квалификациялуу кадрлардын жетишсиздигин кыскартууга жана Кыргыз Республикасынын эл аралык деңгээлде атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн күчөтүүгө мүмкүндүк берет.
76. Кен казуу тармагында аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү квалификациялуу кадрдык потенциалды жана инклюзивдик иш чөйрөсүн түзүүнүн маанилүү элементи болуп саналат. Тармакты гендердик талдоо аялдардын иш менен камсыз болушунун өтө төмөн деңгээлин аныктады: 2022-жылы жүргүзүлгөн изилдөөнүн маалыматтары боюнча аялдар Кыргыз Республикасынын он ири кен казуучу компаниясынын кызматкерлеринин 12 %ын гана түзөт, мында алардын 7 %ы гана жетекчилик кызмат орундарын ээлейт. Аялдардын көпчүлүгү административдик жана көмөкчү кызмат орундарында топтолгон, ал эми инженердик-техникалык жана кен казуу кесиптерине алардын катышуусу дээрлик жокко эсе.
77. Кошумча чектөө болуп кен казуу жана пайдалуу кендерди байытуу чөйрөсүндөгү кесиптерди кошо алганда, аялдарды “зыяндуу жана/же кооптуу эмгек шарттары” бар 300дөн ашык кызмат орундарына ишке орноштурууга тыюу салынган колдонуудагы мыйзамдар саналат. Изилдөө ошондой эле аялдар карьералык өсүштүн чектелген мүмкүнчүлүктөрүнө, гендердик стереотиптерге жана ишке орноштурууда тоскоолдуктарга дуушар болоорун көрсөттү, бул жалпысынан кадрдык потенциалды төмөндөтөт жана тармакта тең салмактуу эмгек чөйрөсүн түзүүнү чектейт.
78. Негизги иш-чаралар:
1) эмгек мыйзамдарын кайра карап чыгуу – кен казуу тармагында бир катар кызмат орундарында аялдарды ишке орноштурууга тоскоолдук кылган чектөөлөрдү четтетүү;
2) эл аралык демилгелерге кошулуу – тажрыйба алмашуу, мыкты практикаларды илгерилетүү жана кесиптик мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн профилдик уюмдарга жана ассоциацияларга (мисалы, Women in Mining) катышуу.
Иш-чараларды ишке ашыруу кен казуу тармагындагы инклюзивдүүлүктүн деңгээлин олуттуу жогорулатууга, кадрлар резервин кеңейтүүгө, Кыргыз Республикасынын инвестициялык имиджин жакшыртууга жана тармактын кыйла тең салмактуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылууга мүмкүндүк берет.
79. Кыргыз Республикасынын критикалык минералдар секторунун потенциалын ачуу үчүн эл аралык жана региондук байланыштарды чыңдоо, ошондой эле каржылоого жетүү мүмкүндүгүн кеңейтүү керек. Капитал жана технология үчүн глобалдык атаандаштыктын күчөп турган шарттарында туруктуу өнөктөштүк жана инвестиция булактарын диверсификациялоо тармактын ийгиликтүү өнүгүүсүнүн негизги факторлору болуп калат.
Инвесторлор жана стратегиялык өнөктөштөр менен натыйжалуу өз ара аракеттенүү өндүрүштү модернизациялоону, алдынкы стандарттарды киргизүүнү жана берүүлөрдүн глобалдык чынжырларына интеграциялоону камсыздоого мүмкүндүк берет, бул узак мөөнөттүү экономикалык өсүш жана критикалык минералдар секторунун атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн бекем негиз түзөт.
80. Эл аралык жана региондук өнөктөштүк Кыргыз Республикасынын критикалык минералдар секторунун потенциалын ачуу үчүн негизги инструмент болуп калат. Бул ресурстарга дүйнөлүк суроо-талаптын өсүү шарттарында өнөктөштүк байланыштарын кеңейтүү капиталды тартууну, билимдерди жана технологияларды берүүнү, ошондой эле өлкөнү наркты түзүүнүн глобалдык чынжырларына интеграциялоону камсыз кылууга мүмкүндүк берет.
81. Мамлекеттер аралык деңгээлде Улуу Британия менен Индонезия, Европа бирлиги менен Чили, Европа бирлиги менен Казакстан тарабынан кол коюлган макулдашууларга окшош критикалык минералдар чөйрөсүндө эки тараптуу макулдашууларды түзүү максатка ылайыктуу. Ушул сыяктуу меморандумдар наркты түзүүнүн бардык этаптары боюнча кызматташууну, технологияларды алмашууну, изилдөө потенциалын өнүктүрүүнү жана берүүлөрдүн туруктуулугун жогорулатууну карайт. Кыргыз Республикасы үчүн меморандумдарга кол коюу инвесторлордун ишенимин жогорулатууга, иштөө шарттарынын алдын ала билинүүсүн камсыздоого жана эл аралык рынокко чыгууну кеңейтүүгө мүмкүндүк берет.
82. Региондук кызматташтык секторду өнүктүрүү үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзөт. Central Asia Minex сыяктуу эл аралык форумдар Борбордук Азия өлкөлөрүнүн пайдалуу кендерди казып алуу чөйрөсүндөгү потенциалын көрсөтөт жана тажрыйба алмашуу, заманбап технологияларды жайылтуу жана инвестициялык долбоорлорду илгерилетүү үчүн платформа катары кызмат кылат. Кыргыз Республикасынын мындай демилгелерге катышуусу биргелешкен илимий-изилдөө программаларын өнүктүрүүгө, региондук эксперттик борборлорду түзүүгө жана тармактын инвестициялык жагымдуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөт.
83. Жаңы технологиялык көндүмдөргө өтүү жана энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуу үчүн критикалык минералдардын стратегиялык маанисин эске алуу менен көптөгөн өлкөлөрдө адистештирилген эл аралык ассоциациялар түзүлүүдө. Критикалык минералдар ассоциациясы (СMA), Европа сырьелук материалдар боюнча альянсы (ERMA), Критикалык материалдар клубу сыяктуу уюмдарга кошулуу Кыргыз Республикасына бул чөйрөдө глобалдык саясатты түзүүгө катышууга, инвестициялык инструменттерге жана эл аралык тажрыйбага жетүүгө, ошондой эле дүйнөлүк рынокто өзүнүн позициясын бекемдөөгө мүмкүндүк берет.
84. Негизги иш-чаралар:
1) эки тараптуу өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдарга кол коюу – критикалык минералдар жаатында ишенимди чыңдоо жана кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн тандалган өлкөлөр менен расмий байланыштарды түзүү;
2) региондук билим алмашуу платформаларын түзүү – мыкты практиканы жайылтуу, илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү жана биргелешкен билим берүү демилгелерин ишке ашыруу механизмдерин түзүү;
3) критикалык минералдар боюнча эл аралык ассоциацияларга кошулуу – инвестициялык инструменттерге, технологияларга жана бирдиктүү тармактык стандарттарды иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк алуу үчүн профилдик ассоциацияларга кошулуу.
Бул чараларды ишке ашыруу туруктуу эл аралык жана региондук байланыштарды түзүүнү, инвестициялык климатты чыңдоону жана тоо-кен тармагын диверсификациялоону камсыз кылат, ошондой эле критикалык минералдарды чалгындоого жана казып алууга инвестициялардын көлөмүн көбөйтүүгө, адам капиталын өнүктүрүүгө жана заманбап экологиялык коопсуз казып алуу методдорун киргизүүгө өбөлгө түзөт.
85. Кыргыз Республикасынын критикалык минералдар сектору жогорку капиталдык чыгымдарга, долбоорлорду ишке ашыруунун узак мөөнөттөрүнө жана олуттуу тобокелдиктерге байланыштуу инвестицияларга өтө муктаж. Геологиялык чалгындоо иштерине мамлекеттик салымдар чектелүү бойдон калууда жана тармактын чыныгы муктаждыктарын жаппайт. Натыйжада өлкөдөгү критикалык минералдардын потенциалы жарым-жартылай гана пайдаланылууда, ал эми казып алуунун жана кайра иштетүүнүн өнүгүшү каржылоонун жетишсиздигинен улам токтоп турат. Бул чектөөлөрдү жоюу үчүн инвестициялык ресурстарга жеткиликтүүлүктү кеңейтүү жана эл аралык каржылоо инструменттерин колдонуу зарыл.
86. Сектордун өнүгүүсүн каржылоо бир нече багыттардын эсебинен камсыздалышы мүмкүн. Биринчиден, Улуу Британияда, АКШда жана Японияда практикаланып жаткандай, критикалык минералдар жаатындагы долбоорлор үчүн гранттарды, субсидияларды, жеңилдетилген кредиттерди жана кепилдиктерди берүүчү мамлекеттик программалар аркылуу. Экинчиден, узак мөөнөттүү кредиттерди, облигацияларды жана гранттарды, анын ичинде ESGге багытталган инструменттерди (мисалы Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы же Дүйнөлүк банк) берүүчү өнүктүрүү банктары жана коммерциялык банктар аркылуу. Инвестициялардын кошумча булагы болуп тоо-кен компаниялары жана адистештирилген инвестициялык фонддор да саналат, алар долбоорлорду чалгындоо жана иштеп чыгуунун алгачкы этаптарында капиталды жана тармактык тажрыйбаны камсыздайт. Бул механизмдердин айкалышы капиталды диверсификацияланган тартуу жана Кыргыз Республикасынын глобалдык инвестициялык агымдарга интеграцияланышы үчүн негиз түзөт.
87. Негизги иш-чаралар:
1) артыкчылыктуу инвестициялык долбоорлордун тизмегин даярдоо – критикалык минералдар долбоорлорун потенциалдуу өнөктөштөргө көрсөтүү үчүн инвестициялык сунуш форматында системалаштыруу жана иштеп чыгуу;
2) геологиялык порталды ишке киргизүү – инвесторлор үчүн критикалык минералдардын долбоорлорун камтыган адистештирилген геологиялык порталды иштеп чыгуу;
3) эл аралык конференцияларга катышуу – тоо-кен тармагы жана критикалык минералдар боюнча эл аралык конференцияларга катышуу аркылуу улуттук долбоорлорду илгерилетүү;
4) инвесторлор менен кызматташуу – инвестициялык тизерлерди даярдоо жана жөнөтүү, артыкчылыктуу инвесторлордун катышуусунда тегерек столдорду жана презентацияларды өткөрүү.
Бул чараларды ишке ашыруу критикалык минералдар секторун каржылоонун диверсификацияланган системасын түзүүгө, инвесторлордун ишенимин арттырууга жана келечектүү кен чыккан жерлерди өнүктүрүүнү тездетүүгө мүмкүндүк берет.
88. Кыргыз Республикасынын критикалык минералдар секторунда экологиялык туруктуу практикаларды ишке киргизүү жана ESG эл аралык стандарттарын сактоо мындан аркы өсүштүн негизги механизмдеринин бири болуп саналат. Дүйнөлүк экономикада айлана-чөйрөгө терс таасирин азайтууга жана жаратылышты коргоо технологияларын киргизүүгө багытталган долбоорлор үчүн максаттуу капиталды тартууну болжолдогон “жашыл” каржылоо механизми барган сайын кеңири жайылууда. Мындай инструменттер бир эле учурда пайдалуу кендерди казып алуунун жана кайра иштетүүнүн экологиялык натыйжалуулугун жогорулатууга жана улуттук долбоорлордун инвестициялык жагымдуулугун бекемдөөгө мүмкүндүк берет.
Бир катар өлкөлөрдүн тажрыйбасы ырастагандай, “жашыл” каржылоону пайдалануу тоо-кен ишканаларын модернизациялоого, кайра жаралуучу энергия булактарын пайдаланууну кеңейтүүгө, калдыктарды кайра иштетүү технологияларын ишке киргизүүгө жана энергиянын натыйжалуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөт. Кыргыз Республикасы үчүн буга окшош механизмдерди колдонуу тармактын туруктуу өсүшүн жана анын туруктуу өнүгүүнүн глобалдык демилгелерине интеграцияланышын камсыз кылуучу узак мөөнөттүү инвестицияларды тартуу мүмкүнчүлүктөрүн ачат.
89. Негизги иш-чаралар:
1) “жашыл” каржылоонун механизмдерин иштеп чыгуу – эл аралык уюмдар жана финансылык институттар менен биргеликте алкактык шарттарды жана механизмдерди аныктоо;
2) жөнгө салуучу документтерди иштеп чыгуу – жол-жоболорду жөнгө салуучу стратегияларды жана пландарды, маалыматты ачыкка чыгаруу жөнүндө талаптарды жана отчеттуулук стандарттарын иштеп чыгуу;
3) артыкчылыктуу долбоорлордун тизмегин аныктоо – экологиялык натыйжалуулук критерийлерине ылайык келген инвестициялык демилгелерди тандоо жана аларды потенциалдуу инвесторлорго көрсөтүүгө даярдоо.
Бул чараларды колдонуу улуттук практикага заманбап экологиялык стандарттарды интеграциялоого, эл аралык өнөктөштөрдүн ишенимин бекемдөөгө жана критикалык минералдар секторунун туруктуу иштөө моделин түзүүгө мүмкүндүк берет.
90. Критикалык минералдар секторуна узак мөөнөттүү инвестицияларды тартуу бизнес жүргүзүү үчүн болжолдуу жана туруктуу шарттарды түзүүнү талап кылат. Эл аралык тажрыйба көрсөткөндөй, салык режиминин туруктуулугуна кепилдик берүү жана талаш-тартыштарды чечүүнүн ачык-айкын механизмдеринин болушу инвесторлордун ишениминин фактору болуп саналат. Кыргыз Республикасы бул инструменттерди мындан ары өркүндөтүү аркылуу өз позициясын бекемдөөгө мүмкүнчүлүгү бар.
Өнүгүп келе жаткан экономикасы бар бир катар өлкөлөрдө киреше салыгы, кошумча нарк салыгы жана башка төлөмдөрдү камтыган 10–15 жылга чейинки мөөнөткө салыктык туруктуулук кепилдиктерин берүү практикасы колдонулууда.
91. Кыргыз Республикасында башка өлкөлөргө салыштырмалуу мындай кепилдиктерди берүү үчүн эң жеткиликтүү босоголордун бири иштейт, бул инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзөт. Ошол эле учурда системаны андан ары өркүндөтүү инвестициялык макулдашуулардын алкагында турукташтыруу жөнүндө макулдашууларды түзүүгө жана ишке ашырууга бирдиктүү мамиле жасоо жана турукташтырууга кирген кепилдиктердин мөөнөтүн кеңейтүү аркылуу мүмкүн. Бул бизнести жүргүзүү шарттарынын болжолдуулугун жогорулатууга жана критикалык минералдар секторундагы ири инвестициялык долбоорлордун жагымдуулугун күчөтүүгө мүмкүндүк берет.
92. Салык саясаты менен катар эле талаш-тартыштарды чечүүнүн натыйжалуу системасы маанилүү фактор болуп саналат. Кыргыз Республикасы бир катар эл аралык макулдашууларга кошулган, анын ичинде Бирикке Улуттар Уюмунун чет элдик арбитраждык чечимдерди таануу жана аткаруу жөнүндө конвенциясына (Нью-Йорк, 1958-жыл) жана Инвестициялык талаш-тартыштарды чечүү боюнча эл аралык борбордун конвенциясы (ICSID, Вашингтон, 1965-жыл) бул инвесторлорго эл аралык арбитражга кайрылууга мүмкүндүк берет. Улуттук мыйзамдарда экономикалык талаш-тартыштарды жөнгө салуунун альтернативдүү формаларын камсыз кылган бейтарап соттор жөнүндө жоболор да бекитилген. Эл аралык арбитраж механизмдерин андан ары өнүктүрүү жана аларды инвестициялык макулдашууларда практика жүзүндө колдонуу чет элдик өнөктөштөрдүн ишенимин арттырууга жана өлкөнүн укук үстөмдүгү боюнча эл аралык рейтингдердеги позициясын бекемдөөгө өбөлгө түзөт.
93. Негизги иш-чаралар:
1) салыктык турукташтыруу режимин колдонуу практикасын өркүндөтүү – инвестициялык макулдашуулардын алкагында турукташтыруу жөнүндө макулдашууларды түзүүгө жана ишке ашырууга бирдей мамилени камсыз кылуу жана ири инвестициялык долбоорлор үчүн кепилдиктердин мөөнөтүн узартуу;
2) арбитраждык механизмдерди кеңейтүү жана эл аралык укуктук юрисдикцияларды мыйзамдаштыруу – инвесторлордун контракттарды түзүүдө эл аралык арбитражды да, альтернативдүү сот системаларын да колдонуу укугун бекитүү;
3) инвестициялык укук жана арбитраж жаатында компетенцияларды өнүктүрүү – арбитраждык процесстерди натыйжалуу коштоону камсыз кылуу үчүн адистерди даярдоо жана институттук потенциалды чыңдоо.
Бул чараларды колдонуу Кыргыз Республикасына инвестициялык чөйрөнүн болжолдуулугун жогорулатууга, мамлекеттин жана бизнестин кызыкчылыктарынын тең салмактуулугун камсыз кылууга жана критикалык минералдар секторуна узак мөөнөттүү инвестициялардын туруктуу агымы үчүн шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берет.
94. Кыргыз Республикасында критикалык минералдар секторунун өсүшү жана өнүгүшү өнөр жай кластерлерин түзүү жана тоо-кен тармагына алдынкы технологияларды кеңири киргизүү аркылуу камсыздалышы мүмкүн. Интеграцияланган өндүрүштүк зоналарда казып алуучу, кайра иштетүүчү жана тейлөөчү ишканалардын топтолушу чийки затты кайра иштетүүнүн натыйжалуулугун жана тереңдигин жогорулатууга, инвестиция тартуу үчүн шарттарды түзүүгө, региондордун инфраструктуралык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана адамдык капиталды бекемдөөгө мүмкүндүк берет. Заманбап технологиялык чечимдерди колдонуу жана илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук базаны өнүктүрүү сектордун атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга, кошумча наркы жогору продукциянын экспортунун өсүшүнө жана Кыргыз Республикасынын глобалдык нарк түзүү чынжырларына интеграцияланышына өбөлгө түзөт.
95. Глобалдык атаандаштыктын күчөшү жана кошумча наркы жогору продукцияга болгон суроо-талаптын өсүү шартында Кыргыз Республикасынын алдында тоо-кен секторун модернизациялоо милдети турат. Тоо-кен тармагында колдонулган технологиялар негизинен советтик мезгилден мураска калган жана төмөн натыйжалуулугу, айлана-чөйрөгө тийгизген терс таасири менен айырмаланат. Илим изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштерге (мындан ары – ИИТКИ) системалуу инвестициялардын жетишсиздиги сектордун өнүгүшүн кармайт жана анын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн төмөндөтөт. Мындай шартта тармак заманбап жана экологиялык жактан туруктуу технологияларга багытталган эл аралык инвесторлор үчүн анча жагымдуу эмес бойдон калууда.
Бул чектөөлөрдү жеңүү үчүн алдынкы технологияларды ишке киргизүүгө жана ИИТКИни активдүү өнүктүрүүгө негизделген, операциялык натыйжалуулук деңгээли жогору болгон өндүрүштүк чөйрөнү түзүү талап кылынат. Бул тышкы экспертизадан көз карандылыкты азайтууга, инвесторлордун ишенимин арттырууга жана тармакты туруктуу өнүктүрүүнүн заманбап стандарттарына жакындатууга мүмкүндүк берет.
96. Негизги иш-чаралар:
1) технологияларга инвестицияларга дем берүү механизмдерин өркүндөтүү – административдик жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү жана технологиялык модернизацияга багытталган жабдуулардын түрлөрүнүн тизмегин кеңейтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
2) ИИТКИни жана инновацияларды колдоо – критикалык минералдар секторунда илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштерди мамлекеттик каржылоо инструменттерин иштеп чыгуу, анын ичинде гранттык программалар жана инновациялык долбоорлорду субсидиялоо;
3) мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн механизмдерин иштеп чыгуу – мамлекет, бизнес жана илимий мекемелер ортосундагы өнөктөштүктүн базасында критикалык минералдар илимий-технологиялык борборлорун түзүү; эл аралык кызматташтыктын алкагында технологияларды өткөрүп берүү жөнүндө алкактык макулдашууларга кол коюу.
Көрсөтүлгөн иш-чараларды ишке ашыруу тоо-кен казып алуу долбоорлорунун натыйжалуулугун кыйла жогорулатууга, жеке изилдөө мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүүгө жана тармактын технологиялык көз карандысыздыгын бекемдөөгө шарт түзөт.
97. Кластердик ыкма ар кайсы өлкөлөрдө жана тармактарда – автомобиль куруудан жана энергетикадан тартып металлургияга жана жогорку технологияларга чейин кеңири колдонулат жана ресурстарды топтоо, инновацияларга дем берүү жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жогорулатуу инструменти катары өзүнүн натыйжалуулугун далилдеди. Мароккодо кластердик ыкманын эсебинен өндүрүштүк экосистемаларды бекемдөөгө, чакан жана орто ишканаларды жеткирүү чынжырларына тартууга, экспортту көбөйтүүгө жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүк жана инновациялар боюнча глобалдык рейтингдердеги позицияларды жакшыртууга жетишилди. БАЭде Абу-Дабинин өнөр жай зонасы (KIZAD) 15 миллиард АКШ долларынан ашык инвестиция тартты, 70 миңден ашык жумушчу орундарын түздү жана экономиканы диверсификациялоонун эсебинен ИДПнын өсүшүн камсыз кылды. Кыргыз Республикасы үчүн бул механизм критикалык минералдар секторун өнүктүрүүнүн негизи болуп, тоо-кен казып алуу жана кайра иштетүү ишканаларын, чакан жана орто бизнести, тейлөө компанияларын, билим берүү жана илимий уюмдарды бирдиктүү системага бириктирип, компетенцияларды өнүктүрүүгө жана калк үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө дем берүү менен мүмкүндүк берет.
98. Негизги иш-чаралар:
1) тармактын потенциалын баалоо – критикалык минералдардын жана ага байланыштуу секторлордун артыкчылыктуу кендерин баалоо, кайра иштетүүнүн потенциалдуу өндүрүштүк пландарын, тереңдигин жана көлөмүн аныктоо;
2) кластердик зоналарды иштеп чыгуу – өнүгүү зоналарынын долбоорлорун даярдоо, кластерлердин адистешүү жана позициялоо тармагын аныктоо;
3) башкаруу моделин түзүү – катышуучуларды координациялоо принциптерин, каржылоо механизмдерин жана долбоорлорду ишке ашыруу схемаларын аныктоо;
4) эл аралык өнөктөштөрдү тартуу – чет өлкөлүк тоо-кен казып алуу компанияларынын негизги инвесторлор катары катышуусу үчүн шарттарды түзүү.
Критикалык минералдардын кластерлерин түзүү жогорку кубаттуулуктагы жана натыйжалуулуктагы өндүрүштүк борборлорду түзүүнү камсыз кылат. Бул наркты түзүү чынжырчасында калктын иш менен камсыз болушунун өсүшүнө, чакан жана орто бизнестин жана сервистик компаниялардын өнүгүшүнө, региондук инфраструктуранын кеңейишине жана улуттук компетенциялардын чыңдалышына алып келет. Кластерлер инвестицияларды тартуу борборлору жана социалдык-экономикалык өнүгүүнүн драйвери болот, критикалык минералдардын дүйнөлүк рыногундагы Кыргыз Республикасынын позициясын бекемдейт.
5-глава. Күтүлгөн натыйжалар
99. Программаны ишке ашыруу конкреттүү социалдык-экономикалык, институттук жана экологиялык натыйжаларга жетүүгө багытталган, алар стратегиялык чийки заттарды берүүнүн глобалдык системасындагы өлкөнүн позициясын бекемдөөгө жана анын инвестициялык жагымдуулугун жогорулатууга көмөк көрсөтөт.
100. Башкы экономикалык таасир туруктуу, диверсификацияланган жана инновацияга багытталган тоо-кен секторун түзүү болот, ал өлкөнүн ИДПсына туруктуу салымды камсыз кылат. 2030-жылга карата критикалык минералдар секторуна түз чет өлкөлүк инвестициялардын агымын жылына 700 млн АКШ долларына чейин көбөйтүү, ал эми 2040-жылга карата – экспорттун көлөмүн 1 млрд АКШ доллары деңгээлине жеткирүү пландалууда. Бул көрсөткүчтөр артыкчылыктуу кен чыккан жерлерди иштетүүгө тартуунун, кайра иштетүү кубаттуулуктарын көбөйтүүнүн жана эл аралык өнөктөштөр үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнүн эсебинен камсыз кылынат.
101. Социалдык планда калкты иш менен камсыз кылуунун 30 миң жумуш орунга чейин көбөйүшү күтүлүүдө, негизинен Кыргыз Республикасынын жарандарынын эсебинен, анын ичинде 2030-жылга карата жалпы жумушчулардан тармактагы аялдардын үлүшү 15 %га жетүүгө тийиш. Программа кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо программаларын ишке киргизүү, CRIRSCO стандарты боюнча компетенттүү адамдарды сертификаттоо системасын түзүү, ошондой эле геология жана тоо-кен иши чөйрөсүндөгү кесиптик билим берүүнү модернизациялоо аркылуу адамдык капиталды өнүктүрүүнү карайт.
102. Институттук натыйжалар санариптик лицензиялоонун заманбап системасын түзүүдө, маалыматтардын ачык-айкындуулугун жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылган бирдиктүү геологиялык платформаны ишке киргизүүдө жана ыктыярдуу негизде отчеттуулуктун эл аралык стандарттарын (мисалы CRIRSCO, ESG же КТАД) методдордун бири катары кабыл алууда байкалат. Бул ресурстук базаны натыйжалуу башкаруу, бюрократиялык жол-жоболорду кыскартуу жана инвесторлордун ишенимин жогорулатуу үчүн негиз түзөт.
103. Программаны ишке ашыруу экологиялык аспектте өлкөнүн экологиялык натыйжалуулук индексин дүйнөлүк рейтингдеги позициянын 60–120 деңгээлине чейин жогорулатууга жана жаратылышты пайдалануунун жоопкерчиликтүү принциптерин бекемдөөгө көмөк көрсөтөт. Экологиялык туруктуу практикага дем берүүчү, “жашыл” каржылоо механизмдерин ишке киргизүү, ошондой эле тоо-кен компанияларынын катышуу региондору үчүн социалдык пакеттерди өнүктүрүү күтүлүүдө.
Ошентип Программа чийки зат моделинен инновациялык моделге өтүүнү камсыз кылат, ал өлкө ичинде кошумча наркты түзүүгө, кайра иштетүү тармактарын өнүктүрүүгө жана ишенимдүү өнөктөш жана стратегиялык минералдарды берүүчү катары Кыргыз Республикасынын эл аралык имиджин бекемдөөгө жөндөмдүү болот.
6-глава. Жагымдуу шарттар жана тобокелдиктер
104. Кыргыз Республикасы Программаны ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн жаратылыш ресурстарын, энергетикалык, институттук жана географиялык потенциалды камтыган бир катар жагымдуу шарттарга ээ. Сурьма, висмут жана бериллийден тартып сейрек кездешүүчү элементтерге жана титанга чейинки критикалык минералдардын кеңири спектрин камтыган бай минералдык-чийки зат базасы узак мөөнөттүү өнүгүү үчүн пайдубал түзөт. Өлкөнүн энергетикалык ресурстары, өзгөчө гидроэнергетика өндүрүштөр үчүн туруктуу жана салыштырмалуу экологиялык энергия менен жабдууну камсыз кылат.
105. Камбар-Ата ГЭСин куруу жана эл аралык транспорттук коридорлорду өнүктүрүү сыяктуу инфраструктуралык долбоорлор индустриялык өсүш үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзөт. Евразия өлкөлөрүнүн ири рынокторунун ортосунда жайгашкан Кыргыз Республикасынын географиялык абалы өлкөнү стратегиялык чийки затты берүү чынжырчасында табигый логистикалык түйүнгө айландырат. Санариптештирүү жана мыйзамдарды модернизациялоо боюнча программалар түрүндө мамлекеттин колдоосу инвесторлор үчүн жагымдуу институттук чөйрөнү түзөт.
106. Бирок Программаны ийгиликтүү ишке ашыруу негизги тобокелдиктерди эске алууну жана азайтууну талап кылат, алар:
1) мыйзамдардын мүмкүн болгон туруксуздугуна жана лицензиялоо жол-жоболорунун татаалдыгына байланышкан ченемдик жана административдик тобокелдиктер;
2) электр тармактарынын эскиришин жана жолдордун өткөрүү жөндөмдүүлүгүнүн жетишсиздигин кошкондо инфраструктуралык чектөөлөр;
3) ачык-айкындуулуктун жетишсиздигинен жана пайданын бирдей бөлүштүрүлбөгөндүгүнөн улам жергиликтүү жамааттар менен жер казынасын пайдалануучулардын ортосундагы кагылышуулар менен шартталган социалдык тобокелдиктер;
4) пайдалуу кендерди казууда жана кайра иштетүүдө айлана-чөйрөнүн потенциалдуу булганышына байланышкан экологиялык тобокелдиктер;
5) чийки затка дүйнөлүк баанын, критикалык минералдарга суроо-талаптын өзгөрүшүн жана эл аралык берүү чынжырчасынын мүмкүн болгон үзгүлтүккө учурашын кошкондо, геосаясий жана рыноктук тобокелдиктер.
107. Бул тобокелдиктерди азайтуу үчүн Программа чаралар системасын ишке ашырууну карайт: мыйзамдарды кодификациялоо аркылуу институттук турукташтыруу, ESG-стандарттарын ишке киргизүү, экологиялык мониторинг программаларын өнүктүрүү, коомдук угуулардын жана “жашыл” каржылоонун механизмдерин өнүктүрүү. Ачык-айкындуулукту жана чечимдердин адилеттүүлүгүн камсыз кылуучу лицензиялоонун жана отчеттуулуктун санариптик системаларын ишке киргизүү маанилүү инструмент болот.
108. Табигый артыкчылыктардын, мамлекеттик колдоонун жана эл аралык кызматташуунун айкалышынан улам Кыргыз Республикасы критикалык минералдар секторун улуттук экономиканын туруктуу жана стратегиялык маанилүү элементине айландыруу үчүн бардык шарттарга ээ.
7-глава. Мониторинг жүргүзүү жана баалоо
109. Программаны ишке ашыруу ачык-айкындуулук, үзгүлтүксүздүк жана натыйжалуулук принциптерине негизделген заманбап башкаруу системасын түзүү аркылуу камсыз кылынат. Анын максаты бардык кызыкдар тараптардын макулдашылган өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана Программанын стратегиялык максаттарына жетүү болуп саналат.
110. Ишти координациялоо үчүн ведомстволор аралык долбоордук кеңсе түзүлөт, анын курамына негизги министрликтердин, ведомстволордун жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү кирет. Ал пландарды макулдашуу, ресурстарды пайдаланууну контролдоо, бизнес-коомчулук, илимий түзүмдөр жана эл аралык өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүүнү уюштуруу үчүн жооптуу болгон Программаны ишке ашыруунун негизги инструменти болот.
111. Долбоордук кеңсенин функциялары төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) Программаны ишке ашыруунун бардык стадияларында аткаруучулардын иш-аракеттерин координациялоону;
2) ведомстволор ортосундагы натыйжалуу маалымат алмашууну уюштурууну;
3) иш-чаралардын аткарылышын методикалык коштоо, отчетту чогултуу жана талдоо;
4) Программаны ишке ашыруу динамикасын жана жыйынтыктарын чагылдырган жылдык аналитикалык отчетторду даярдоо жана жарыялоо.
112. Долбоордук кеңсенин иши жана жалпысынан Программаны ишке ашыруунун жүрүшү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын деңгээлинде контролдонот. Мындай башкаруу механизми четтөөлөрдү өз убагында аныктоого, иш-чаралардын натыйжалуулугун талдоого жана негизделген башкаруу чечимдерин ишенимдүү маалыматтардын негизинде кабыл алууга мүмкүндүк берет.
113. Башкаруу системасы долбоордук ыкманын принциптерине негизделет, ал так пландоону, жоопкерчиликти бөлүштүрүүнү, натыйжаларды контролдоону жана баалоону, ошондой эле чечимдерди кабыл алууда ийкемдүүлүктү жана ыкчамдуулукту болжолдойт. Бул максаттуу көрсөткүчтөргө өз убагында жетүүнү, ресурстарды сарамжалдуу пайдаланууну жана жогорку башкаруучулук дисциплинаны камсыз кылат.
114. Программаны ийгиликтүү аткаруунун маанилүү шарты Программаны ишке ашыруу процессине тартылган мамлекеттик кызматчылардын жана адистердин компетенциясын өнүктүрүү болуп саналат. Долбоордук жана программалык башкаруу, инвестициялык саясат, экологиялык жөнгө салуу жана аналитиканын заманбап методдору жаатындагы квалификацияны жогорулатууга өзгөчө көңүл бурулат. Бул башкаруу системасынын туруктуу иштөөсү үчүн кадрдык негизди түзөт.
115. Программанын ишке ашырылышына мониторинг үч деңгээлдүү модель боюнча жүргүзүлөт:
1) операциялык деңгээл – иш-чаралардын аткарылышын жана финансылык ресурстардын пайдаланылышын учурдагы контролдоо;
2) тактикалык деңгээл – инвестициянын көлөмүн, экспортту, иш менен камсыз болууну, санариптештирүү деңгээлин жана CRIRSCO стандарттарын ишке киргизүү даражасын кошкондо, жылдык KPI;
3) стратегиялык деңгээл – экономикалык, социалдык жана экологиялык критерийлердин жыйындысы боюнча Программанын натыйжалуулугун жыйынтыктоочу баалоо.
116. Мониторингдин объективдүүлүгүн камсыз кылуу үчүн төмөнкүлөрдү камтыган инструменттер системасы түзүлөт:
1) Программанын ар бир багыты боюнча максаттарга жетүү индикаторлорунун системасын;
2) аткаруучулардын отчетторун жана статистикалык маалыматтарды топтоочу бирдиктүү санариптик маалымат базасын;
3) эксперттик уюмдарды жана жарандык коомдун өкүлдөрүн тартуу менен көз карандысыз баалоо механизмин;
4) ачык-айкындуулукту жана отчеттуулукту камсыз кылуу үчүн ачык жеткиликтүү жайгаштырылган коомдук жылдык отчетторду.
117. Мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыктары Программаны оңдоп-түзөө, ресурстарды кайра бөлүштүрүү жана артыкчылыктарды тактоо жөнүндө чечимдерди кабыл алуу үчүн негиз болот. Ишке ашыруунун натыйжалуулугун жыйынтыктоочу баалоо 2030-жылы жүргүзүлөт жана тоо-кен секторун өнүктүрүү боюнча кийинки стратегиялык документтерди даярдоо үчүн база болот.
Мониторинг жүргүзүү жана баалоо системасы Программаны ишке ашыруу механизминин ажырагыс бөлүгү болот, Кыргыз Республикасынын критикалык минералдар чөйрөсүндөгү мамлекеттик башкаруусунун ачык-айкындуулугун, отчеттуулугун, туруктуулугун жана натыйжалуулугун камсыз кылат.
Кыскартуулардын тизмеси
ИДП | - | ички дүң продукт |
ГЧИ | - | геологиялык чалгындоо иштери |
ГЭС | - | гидроэлектростанция |
КТАД | - | Кен казып алуу тармактарындагы ачык-айкындуулук демилгеси |
КЖЭК | - | “Кыргыз жер казынасы эксперттери коому” коомдук бирикмеси |
ЧУА | - | ченемдик укуктук акт |
БАЭ | - | Бириккен Араб Эмираттары |
АЧТБ | - | айлана-чөйрөгө таасирди баалоо |
СКЭ | - | сейрек кездешүүчү жер элементтери |
ЭЭЗ | - | эркин экономикалык зона |
АКШ | - | Америка Кошмо Штаттары |
CRIRSCO | - | Минералдык ресурстар жана запастар боюнча отчеттуулуктун эл аралык стандарттары боюнча комитет, аларды баалоонун эл аралык эрежелерин иштеп чыгат |
ESG | - | экологиялык, социалдык жана корпоративдик башкаруу |
ICMM | - | Тоо-кен өнөр жайы жана металлургия боюнча эл аралык кеңеш |
JORC | - | Австралазия руда запастары боюнча биргелешкен комитет |
KPI | - | максаттуу көрсөткүчтөрдүн аткарылышын баалоо |
PERC | - | Ресурстар жана запастар жөнүндө отчеттуулук боюнча жалпы европалык комитет, ал геологиялык чалгындоо, минералдык ресурстар жана запастар боюнча коомдук отчеттуулуктун стандартын иштеп чыгат |
TREO | - | сейрек кездешүүчү жер элементтеринин оксиддеринин суммалык мазмуну |
Кыргыз Республикасынын критикалык минералдарынын тизмеси
1. Алюминий
2. Барит
3. Бериллий
4. Бор
5. Ванадий
6. Вольфрам
7. Графит
8. Литий
9. Жез
10. Мышьяк
11. Калай
12. Сейрек кездешүүчү жер элементтери
13. Сымап
14. Коргошун
15. Күмүш
16. Сурьма
17. Титан
18. Торий
19. Уран
20. Флюорит
21. Цинк
22. Цирконий