Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙМАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 18-декабры №2-2
Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин 2024-жылдын 12-январындагы №29-1 токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө
Т.Кулатов айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин бир жылдык пландан ашыкча түшкөн калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалануу үчүн жер салыгынан түшкөн 1 260,0 (бир миллион эки жүз алтымыш миң) сом жана жеке жактардын транспорттук каражаттарынын салыгынан түшкөн 400,0 (төрт жүз миң) сом жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармоо үчүн жыйымдар салыгынан 591,4 (беш жүз токсон бир миң төрт жүз) сом жана башка курулмаларды сатуудан түшкөн 50,0 (элүү миң) сом жалпы 2 301,4 (эки миллион үч жүз бир миң төрт жүз) сом акча каражатын, ар кандай чыгымдар үчүн 30,0 (отуз миң) сом, кадастр, гипрозем, ар кандай кызмат көрсөтүүгө 219,3 (эки жүз он тогуз миң үч жүз) сом, борбордук жолго зебра чийүүгө, флагдарды алмаштырууга 100,7 (бир жүз миң жети жүз) сом, Каримберди орто мектебинин ашканасанын курулушуна 1000,0 (бир миллион) сом, Кожо-Арык айылындагы 50 орундуу бала бакчанын курулушуна 944,4 (тогуз жүз кырк төрт миң төрт жүз) сом жана маданият бөлүмүнүн музейине эмгек акы үчүн 7,0 (жети миң) сом акча каражатын планга коюп берүүгө макулдук берүү жөнүндөгү маселени айылдык кеңештин депутаттары угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Бюджет кодексинин 115-беренесинин 4-бөлүгүнүн негизинде, Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин 2024-жылдын 12-январындагы №29-1 токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин.
2. 1-тиркеменин негизинде 2024-жылга бекитилген жергиликтүү бюджеттин чыгашалар бөлүмүндөгү планга өзгөртүүлөрдү киргизүү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына жана бөлүм башчысына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет, экономика, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.
Төрага |
А.Эшимбаев |