Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙМАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 18-декабры №2-2
Т.Кулатов айыл аймагындагы бала бакчалардын ата-энелердин взносунан түшкөн акча каражатын планга коюуга макулдук берүү жөнүндө
Т.Кулатов айыл аймагындагы бала бакчалардын ата-энелердин взносунан түшкөн акча каражатын планга коюуга макулдук берүү жөнүндө маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктунун 2-пунктчасынын негизинде, Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Т.Кулатов айыл аймагындагы бала бакчалардын ата-энелердин взносунан түшкөн 2 521 700 (эки миллион беш жүз жыйырма бир миң жети жүз) сом акча каражатын планга коюуга макулдук берилсин.
2. Токтомду аткарууга алуу жагы Т.Кулатов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына жана бөлүм башчысына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңешинин экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча комиссиясына жүкөлсүн.
Төрага |
А.Эшимбаев |