Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙМАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 18-декабры №2-3
Т.Кулатов айыл аймагына караштуу Беш-Буркан айылындагы эски “Беш-Буркан” орто мектебинин жерине бала бакча курууга макулдук берүү жөнүндө
Т.Кулатов айыл аймагына караштуу Беш-Буркан айылындагы эски “Беш-Буркан” орто мектебинин жерине бала бакча курууга макулдук берүү жөнүндөгү маселени айылдык кеңештин депутаттары угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 29-беренесинин 6-пунктунун 4-пунктчасынын негизинде, Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Т.Кулатов айыл аймагына караштуу Беш-Буркан айылындагы эски “Беш-Буркан” орто мектебинин жерине бала бакча курууга макулдук берилсин.
2. Токтомду аткарууга алуу жагы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына жана жер адисине милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңешинин айыл чарба, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.
Төрага |
А.Эшимбаев |