Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙМАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 16-январы №3-1
Т.Кулатов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылга бюджетин жана 2026-2027-жылдарга болжолдуу бюджетин бекитип берүү жөнүндө
Т.Кулатов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылга каралган жергиликтүү бюджетин жана 2026-2027-жылдарга болжолун бекитүү жөнүндөгү маселени «Кыргыз Республикасынын 2025-жылга республикалык бюджети жана 2026-2027-жылдарга болжолу жөнүндөгү» Мыйзамынын негизинде иштелип чыгылган Долбоор тиешелүү айылдык мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда депутаттардын Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңешинин «Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк» боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыгылган. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 27-беренесинин 3-пунктуна ылайык, Т.Кулатов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылга жергиликтүү бюджетин, 2026-2027-жылдарга болжолдуу бюджетин бекитип берүү жөнүндө маселе боюнча депутаттар таанышып жана талкуулап чыгышып, Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. 2025-жылга Т.Кулатов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн айылдык бюджетинин кирешелери жана чыгашалары 85 480,6 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. 2025-жылга айылдык бюджеттин кирешелерин түзүүчү булактары жана чыгашалары боюнча багыттар 1-тиркемеге ылайык аныкталсын.
3. Айылдык бюджеттин чыгаша бөлүгү 2025-жылга түшкөн кирешелердин чегинде, ошону менен бирге биринчи кезекте корголгон беренелер боюнча (эмгек акы, соц.фондко чегерүү, тамак-аш жана коммуналдык кызматтарга) каржылануусу белгиленсин.
4. Т.Кулатов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026-2027-жылдарга айылдык бюджетинин болжолунун негизги көрсөткүчтөрү 2-3-тиркемелерге ылайык колдоого алынсын.
Кирешелеринин болжолу 2026-жылга 91 886,6 миң сомго жана 2027-жылга 100 298,5 миң сомго белгиленсин.
5. Жайыт пайдалануучулардан түшүүчү 2025-жылга бюджетинин кирешеси 1 371,4 миң сомго бекитилсин. Жайыт акыдан айыл өкмөтүнө түшкөн акча каражаты 100% кайрадан жайыт пайдалануучулардын инфракструктурасын өнүктүрүүгө кайтарып берилсин.
6. Айылдык бюджеттик мекемелери казыналыктын регионалдык бөлүмдөрүнөн тышкары, мекеменин кассасы аркылуу атайын каражаттарын чыгымдоого тыюу салынсын.
7. Айыл өкмөтүнүн башчысы төмөнкүгө укуктуу;
- 2025-жылда айылдык бюджеттин киреше бөлүгүнүн пландарынан ашыкча аткарылышынан түшкөн каражаттарды бөлүштүрүү жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө айылдык кеңешке сунуштоо;
- Жергиликтүү бюджеттик мекеме-ишканалардын финансалык-экономикалык негиздерин чындоо, алардын финансылык мамлекеттик каражаттарды максаттуу, сарамжалдуу пайдалануусун камсыз кылуу жагы.
8. Жергиликтүү бюджетке айылдык кеңеш тарабынан бекитилбеген жумуштарды аткарууга тыюу салынсын, айыл өкмөтүнүн жана финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы тарабынан көзөмөлгө алынсын. Аткарылган финансалык жумуштар боюнча квартал сайын Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңешинин экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына отчет берип турсун.
9. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңешинин экономика бюджет, соода жана ишкердүүлүк, мыйзамдуулук, мандат, укук, дин иштери жана депутаттардын этика боюнча туруктуу комиссияларына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.
Төрага |
А.Эшимбаев |