Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙМАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 16-янвавры №3-2
Т.Кулатов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2023-2026-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү программасына киргизилген Арык-Бою айылындагы кичи футбол аянтчасын чатырын жабуу боюнча долбоорго жиргиликтүү бюджеттен өздүк салымы үчүн акча каражатын ажыратуу жөнүндө
Т.Кулатов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2023-2026-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү программасына киргизилген Арык-Бою айылындагы кичи футбол ойноочу аянтчанын чатырын жабуу боюнча долбоору мамлекеттик үлүштүк дем берүүчү гранттын эсебинен каржылануусу үчүн айыл өкмөтүнүн өздүк салымын кошу максатында Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 18-беренесинин 1-пунктуна негиз, Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеӊеши токтом кылат:
1. Т.Кулатов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Арык-Бою айылындагы кичи футбол ойноочу аянтчанын чатырын жабуу боюнча долбоорго мамлекеттик үлүштүк дем берүүчү гранттын эсебинен каржылоо үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен өздүк салымына 255 886 (эки жүз элүү беш миң сегиз жүз сексен алты ) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздарын, документтерин даярдоо ТКулатов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Кааровго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеӊештин экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
А.Эшимбаев |