Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙМАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 16-янвавры №3-4
Т.Кулатов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ички чарбалык каналдарды калыбына келтирүү үчүн даярдалган долбоорду каржылоого акча каражатын ажыратуу жөнүндө
Т.Кулатов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ички чарбалык каналдарды калыбына келтирүү үчүн даярдалган долбоорду өздүк салым иретинде каржылоо үчүн акча каражатын ажыратуу маселесин угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 18-беренесинин 1-пунктуна негиз, Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеӊеши токтом кылат:
1. Т.Кулатов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ички чарбалык каналдарды калыбына келтирүү үчүн даярдалган долбоорду каржылоого акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Акча каржатын ажыратып берүү жагы айыл өкмөтүнүн бөлүм башчысына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеӊештин экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
А.Эшимбаев |