Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙМАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 11-февралы №4/2
Т.Кулатов айыл аймагына караштуу 3,5 га жерлерди көрктөндүрүү үчүн трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү” 2013-жылдын 15-июлундагы №145 Мыйзамынын 12-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169 токтому менен бекитилген “Жер участокторун которуу тартиби жөнүндөгү” убактылуу жобонун негизинде, Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 2-июну № 45 Жер кодексинин 11-13-беренелерине таянып, Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары маселе боюнча таанышып жана талкуулап чыгышып, Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Т.Кулатов айыл аймагынын Кош-Дөбө айылынын №3853, №3863, №3868 0,50 га, Кызыл-Булак айылынын №6289 чөйрө сызыгындагы жайыт жериндеги (кайрак айдоо) 1,0 га, Жин-Жиген бөлүмүнүн №6309 контурунан 2,0 га жалпы 3,5 га жер аянтын багытын бак тигип, көрктөндүрүү үчүн трансформациялоого макулдук берилсин.
2. Токтомду аткарууга алуу жагы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына жана жер адисине милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңешинин айыл чарба, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.
Төрага |
А.Эшимбаев |