Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙМАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 11-февралы №4/4
Т.Кулатов айыл аймагынын Кызыл-Булак айылындагы трансформация болгон 1,0 га жер аянтына аскер шаарчасын курууга макулдук берүү жөнүндө
Т.Кулатов айыл аймагынын Кызыл-Булак айылындагы трансформация болгон 1,0 га жерге аскер шаарчасын курууга макулдук берүү жөнүндө маселе боюнча, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябры №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Т.Кулатов айыл аймагынын Кызыл-Булак айылындагы трансформация болгон 1,0 га жер аянтына аскер шаарчасын курууга макулдук берилсин.
2. Токтомду аткарууга алуу жагы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына жана жер адисине милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңешинин айыл чарба, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.
Төрага |
А.Эшимбаев |