Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙМАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 11-февралы №4/6
Т.Кулатов айыл аймагынын Абшыр-Ата айылынын Үч-Терек бөлүмүнөн 0,30 га жер аянтын туризмди өнүктүрүү максатында багытын которууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү” 2013-жылдын 15-июлундагы №145 Мыйзамынын 12-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169 токтому менен бекитилген “Жер участокторун которуу тартиби жөнүндөгү” убактылуу жобонун негизинде, Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 2-июну № 45 Жер кодексинин 11-13-беренелерине таянып, маселе боюнча айылдык кеңештин депутаттары угуп жана талкуулап, Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Т.Кулатов айыл аймагынын Абшыр-Ата айылынын Үч-Терек бөлүмүнөн 0,30 га жер аянтын туризмди өнүктүрүү максатында багытын которууга макулдук берилсин.
2. Токтомду аткарууга алуу жагы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына жана жер адисине милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңешинин айыл чарба, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.
Төрага |
А.Эшимбаев |