Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙМАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 11-февралы №4/10
Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышындагы 5-сессиянын №2 токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү” 2013-жылдын 15-июлундагы №145 Мыйзамынын 12-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169 токтому менен бекитилген “Жер участокторун которуу тартиби жөнүндөгү” убактылуу жобонун негизинде, Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 2-июну № 45 Жер кодексинин 11-13-беренелерине таянып, маселе боюнча айылдык кеңештин депутаттары угуп жана талкуулап, Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышындагы 5-сессиянын №2 токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин.
2.Т.Кулатов айыл аймагынын Кулуштан айылынын Кулуштан-Күнгөй бөлүмүнүн №452 чөйрө сызыгынан таза жайытынан (мазарга) 0,60 га жер аянтын трансформациялоого макулдук берилсин.
3.Токтомду мыйзам чегинде аткарууга алуу жагы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына жана жер адисине милдеттендирилсин.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңешинин айыл чарба, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.
Төрага |
А.Эшимбаев |