Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙМАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 11-февралы №4/11
Т.Кулатов айыл аймагынын Каримберди бөлүмүнөн КБФ кайрак жерлеринен Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн жарандарына 8,99 га жер аянтын алмаштыруу жолу менен үлүш жер аянтына ажыратып берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Т.Кулатов айыл аймагынын Каримберди бөлүмүнөн КБФ кайрак жерлеринен Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн жарандарына 8,99 га жер аянтын алмаштыруу жолу менен үлүш жер аянтына ажыратып берүүгө макулдук берүү жөнүндөгү маселени, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 29-беренесине 8-пунктуна таянып, маселе боюнча айылдык кеңештин депутаттары угуп жана талкуулап, Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Т.Кулатов айыл аймагынын Каримберди бөлүмүнөн КБФ кайрак жерлеринен Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн жарандарына 8,99 га жер аянтын алмаштыруу жолу менен үлүш жер аянтына ажыратып берүүгө макулдук берилсин.
2.Токтомду аткарууга алуу жагы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына жана жер адисине милдеттендирилсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңешинин айыл чарба, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.
Төрага |
А.Эшимбаев |