Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙМАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 11-февралы №4/12
Т.Кулатов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-2027-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү программасын бекитип берүү жөнүндө
Т.Кулатов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-2027-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү программасын бекитип берүүгө макулдук берүү жөнүндөгү маселени, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 3-пунктуна таянып, маселе боюнча айылдык кеңештин депутаттары угуп жана талкуулап, Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Т.Кулатов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-2027-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү программасы бекитилсин.
2.Токтомду аткарууга алуу жагы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына жана жер адисине милдеттендирилсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңешинин экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.
Төрага |
А.Эшимбаев |