Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙМАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 11-февралы №4/13
Т.Кулатов айыл аймагында 2025-жылга карата жергиликтүү салыктарды бекитүү жана коэффиценттерин белгилөө жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы №4 “Кыргыз Республикасынын Салык Кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” Мыйзамынын 3-беренесинин 2-пунктуна ылайык жана айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин киреше булагын көбөйтүү максатында, маселе боюнча айылдык кеңештин депутаттары угуп жана талкуулап, Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Т.Кулатов айыл аймагында 2025-жылга мүлк салыгы киргизилсин.
2.Т.Кулатов айыл аймагында 2025-жылга карата үй жанындагы короо жай жана багбанчылык огород участоктордун тамарка жерлердин салыгы 1 сотых жерге 10 сомдон бекитилсин.
3.Калктуу конуштардагы айыл чарба жана айыл чарба багытындагы эмес жерлерге зоналдык коэффицент 1,2 базалык ставка 2,0 бекитилсин.
4.2025-жылга айыл аймагы боюнча таштандыларды чыгарууга жыйымдар ар бир кожолукка 100 сомдон, айыл аймагындагы ишканаларда иштеген ар бир ишчи башына 100 сомдон бекитилсин.
5.Токтомду аткарууга алуу жагы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына жана кирешелер боюнча башкы адисине милдеттендирилсин.
6.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңешинин экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.
Төрага |
А.Эшимбаев |