Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙМАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 11-февралы №4/14
Т.Кулатов айыл аймагынын турак жай имараттары үчүн салыктын ставкасын бекитүү жөнүндө
Т.Кулатов айыл аймагындагы турак жай имараттары үчүн салыктын ставкасын бекитүү жөнүндөгү сунушун айылдык кеңештин депутаттары угуп жана талкуулап, Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Т.Кулатов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн турак жай имараттарына мүлк салыгынын ставкасы Мамлекеттик салык кызматынын Ноокат району боюнча башкармалыгынын сунушталган орточо ставкага негиз, 1м2 аянтка 12,66 сом бекитилсин.
2.Токтомду мыйзам чегинде аткарууга алуу жагы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына жана кирешелер боюнча башкы адисине жүктөлсүн.
3.Ушул токтом Мамлекеттик салык кызматынын Ноокат району боюнча башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңешинин экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.
Төрага |
А.Эшимбаев |