Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙМАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 25-марты №5-2
Т.Кулатов айыл аймагынын Ынтымак айылынын Т.Кулатов атындагы орто мектебинин айланасындагы 8 түп бака терек, 1 түп өрүгүн, Шамшидин көчөсүндөгү сейил бак багытындагы 2 га жер тилкесиндеги теректерди, Ынтымак айылынын маданият үйүнүн алдындагы 12 түп теректерди жана Баглан айылынын жолдун боюндагы 1 түп чынар теректи кыйдырууга макулдук берүү жөнүндө
Т.Кулатов айыл аймагынын Ынтымак айылындагы Т.Кулатов атындагы орто мектебинин айланасындагы 8 түп бака терек, 1 түп өрүгүн, Шамшидин көчөсүндөгү сейил бак багытындагы 2 га жер тилкесиндеги теректерди, Ынтымак айылындагы маданият үйүнүн алдындагы 12 түп теректерди жана Баглан айылынын жолдун боюндагы 1 түп чынар теректер кургап калгандыгына байланыштуу кыйдырууга макулдук берүү жөнүндөгү маселе боюнча Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары таанышып жана талкуулап чыгышып, Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Т.Кулатов айыл аймагынын Ынтымак айылындагы Т.Кулатов атындагы орто мектебинин айланасындагы 8 түп бака терек, 1 түп өрүгүн, Шамшидин көчөсүндөгү сейил бак багытындагы 2 га жер тилкесиндеги теректерди, Ынтымак айылындагы маданият үйүнүн алдындагы 12 түп теректерди жана Баглан айылынын жолдун боюндагы 1 түп чынар теректерди кыйдырууга макулдук берилсин.
2.Кургаган дарактарды кыйдырууга уруксат алуу үчүн Ноокат райондук экология жана жаратылышты коргоо бөлүмүнөн суралсын.
3.Токтомду мыйзам чегинде аткарууга алуу жагы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына жана жер адисине милдеттендирилсин.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңешинин айыл чарба, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.
Төрага |
А.Эшимбаев |