Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙМАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 25-марты №5-4
Т.Кулатов айыл аймагынын Ынтымак айылындагы почта бөлүмүнүн 25 м2 имаратын “Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасынын Ноокат райондук бөлүмүнүн балансына (мөөнөтсүз пайдаланууга) өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 15-мартындагы №37 “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” Мыйзамынын 3-бөлүмүнүн 10-беренесинин 2-2-бөлүмүнүн, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” мыйзамынын 2-бөлүм 27-беренесинин 1-пунктунун 2-15-бөлүмчөлөрүнүн, Кыргыз Республикасынын Премьер Министринин 2016-жылдын 19-декабрындагы №18-145 протоколдук тапшырмасынын талаптарына ылайык, айылдык кеңештин депутаттары угуп жана талкуулап, Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Т.Кулатов айыл аймагынын Ынтымак айылындагы почта бөлүмүнүн 25 м2 имаратын “Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасынын Ноокат райондук бөлүмүнүн балансына (мөөнөтсүз пайдаланууга) өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2.Т.Кулатов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бөлүм башчысы аталган имараттын “Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасынын Ноокат райондук бөлүмүнө өткөрүп берип жаткан бөлүмүнүн баланстык баасын аныктап, баланстан баланска өткөрүп берүү жагын камсыз кылсын.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, мандат, укук, дин иштери жана депутаттардын этика боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.
Төрага |
А.Эшимбаев |