Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙМАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 25-марты №5-5
Т.Кулатов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Ынтымак айылындагы маданият үйүнүн алдындагы кошумча курулуш боюнча долбоорго жиргиликтүү бюджеттен өздүк салымы үчүн акча каражатын ажыратуу жөнүндө
Т.Кулатов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2023-2026-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү программасына киргизилген Ынтымак айылындагы маданият үйүнүн алдындагы кошумча курулуш боюнча долбоору мамлекеттик үлүштүк дем берүүчү гранттын эсебинен каржылануусу үчүн айыл өкмөтүнүн өздүк салымын кошуу максатында Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 18-беренесинин 1-пунктуна негиз, Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеӊеши токтом кылат:
1.Т.Кулатов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Ынтымак айылындагы маданият үйүнүн алдындагы кошумча курулуш боюнча долбоорго мамлекеттик үлүштүк дем берүүчү гранттын эсебинен каржылоо үчүн калдык бюджеттин эсебинен өздүк салымына 117 160 (бир жүз он жети миң бир жүз алтымыш) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2.Тиешелүү иш кагаздарын, документтерин даярдоо ТКулатов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Кааровго милдеттендирилсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеӊештин экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
А.Эшимбаев |