Загрузка документа…
ОЙ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VII-шайланган) кезексиз 3-сессиясынын жыйналышы
2024-жылдын 15-майы № 3/2
Ой-Тал айыл өкмөтүнүн Сары-Бээ айылынын тургуну Эшатов Абдисейит Камаловичтин өзүмдүк менчигиндеги 0,09га жер аянтын айылдык мечит куруу үчүн Ой-тал айыл өкмөтүнүн балансасына өткөрүп берүү жөнүндө
Ой-Тал айыл өкмөтүнүн Сары-Бээ айылынын тургуну Эшатов Абдисейит Камаловичтин өзүмдүк менчигиндеги 0,09 га тамарка жерин айылдык мечит куруу үчүн Ой-тал айыл өкмөтүнүн балансасына өткөрүп берүү жөнүндө Ой-Тал айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Абдилазиз уулунун маалыматын угуп жана талкуулап Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ой-Тал айыл өкмөтүнүн Сары-Бээ айылынын тургуну Эшатов Абдисейит Камаловичтин өзүмдүк менчигиндеги 0,09 га тамарка жерин айылдык мечит куруу үчүн Ой-тал айыл өкмөтүнүн балансасына өткөрүп берүүгө макулдук берет.
2. Тиешелүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы Ой-Тал айыл өкмөтүнүн башчысы Абдилазиз уулу Бактыбекке тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Агрардык, азык-түлүк, айыл жана суу чарбасы, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына (Э.Орунбеков) жана айыл өкмөтүнүн жер ресурстары жана өсүмдүк өстүрүү боюнча жетектөөчү адиси М.Акыбаевге милдеттендирилсин.
Төрайым: |
| Б.С.Оморова |