Загрузка документа…
ОЙ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VII-шайланган) кезексиз 3-сессиясынын жыйналышы
2024-жылдын 15-майы № 3/1
К.З.Зулпукаровго Ой-Тал айыл аймагынын ардактуу атуулу наамын ыйгаруу жөнүндө
Ой-Тал айыл аймагына караштуу Терек-Суу айылынын тургундарынын10.05.2024-жылдагы элдик жыйнынын № 2 протоколунун негизинде Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин алдында түзүлгөн “Ой-Тал айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу боюнча түзүлгөн комиссиянын чечимин карап жана талкуулап Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.“Ой-Тал айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу юоюнча Жобонун талаптарына ылайык Кыргыз лингвисткасынын көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири, Кыргызтанга таанымал илимпоз,филология илимдеринин доктору,профессоор К.З.Зулпукаровго “Ой-Тал айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамы берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары К.Жунусовго тапшырылсын.
Төрайым: |
| Б.С.Оморова |