Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 3-августу №01-4/1
Кыргыз-Ата айыл аймагындагы Кыргыз-Ата айылынын “Орто-Мечит” мечитинин жанындагы муниципалдык жалпы колдонуудагы 12 чарчы метр жер аянтын соода-сатык үчүн дүкөн ачууга жеңил конструкциядагы контейнер орнотуу максатында ижарага берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 21-беренесине, айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 11-августундагы №01-19/165 сандуу сунуш катына, айылдык кеңешинин агрардык маселелер, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, жаратылышты коргоо жана экология боюнча комиссиясынын 2025-жылдын 12-августундагы кезектеги отурумунун № 5 протоколунун корутундусуна, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине таянып, Кыргыз-Ата айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз-Ата айыл аймагындагы Кыргыз-Ата айылынын “Орто-Мечит” мечитинин жанындагы муниципалдык жалпы колдонуудагы 12 чарчы метр жер аянтын соода-сатык үчүн дүкөн ачууга жеңил конструкциядагы контейнер орнотуу максатында ижарага берүүгө макулдук берилсин.2. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн башчысына, ижара келишимин түзүү, зарыл болгон документтерди даярдоо жана мыйзам чегинде каттоого алуу иштери милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин агрардык
маселелер, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, жаратылышты коргоо жана экология боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
Б.Дүйшөев |