Загрузка документа…
ОЙ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VII-шайланган) кезектеги 4-сессиясынын жыйналышы
2024-жылдын 12-июлу № 4/1
Ой-Тал айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2024- жылдын жарым жыл ичинде кирешелер жана чыгашалар боюнча аткарылышы жөнүндө
Ой-Тал айыл аймагынын социалдык –экономикасын көтөрүү максатында Ой-Тал айыл өкмөтүнүн башчысы Абдилазиз уулу Бактыбектин 2024-жылдын жарым жылы ичинде аткарган иштери тууралуу маалыматты угуп жана талкуулап Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ой-Тал айыл аймагынын социалдык –экономикасын көтөрүү максатында Ой-Тал айыл өкмөтүнүн башчысы Абдилазиз уулу Бактыбектин 2024-жылдын жарым жылы ичинде ичинде аткарган иштери тууралуу маалыматы «Канааттандырарлык» деп табылсын.
2.2024-жылдын ичинде Ой-Тал айыл өкмөтүнүн башчысы Абдилазиз уулу Бактыбекге төмөнкүлөр милдеттендирилсин:
- айыл өкмөттүн аймагындагы түзүлгөн стратегиялык жана социалдык жактан өнүктүрүү пландарын ишке ашыруу;
- жамааттык топтор,бей өкмөт уюмдар менен терен байланышта иш алып баруу;
- жайыттарды,эгин талааларын коргоону жөнгө салуу;
- социалдык обьектилердин өз денгээлинде күтүлүшүнө көнүл буруу;
- калктын аярлуу катмары менен иштөө маселелерин жолго коюу;
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Төрайым: |
| Б.С.Оморова |