Загрузка документа…
ОЙ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VII-шайланган) кезектеги 4-сессиясынын жыйналышы
2024-жылдын 12-июлу № 4/3
Ой-Тал айыл өкмөтүнүн аймагындагы орто мектептердин 2023-2024-окуу жылындагы окуу тарбия иштеринин абалы жөнүндө
Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңеши карап жана талкуула
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ой-Тал айыл аймагындагы орто мектептериндеги 2023-2024-окуу жылындагы окуу тарбия иштери боюнча мектеп директорлорунун жүргүзгөн иштери жөнүндө маалыматтары көңүлгө алынсын.
2. Ой-Тал айыл аймагындагы орто мектептердин директорлору:
- мектептердеги ата-энелер комитеттери менен байланышты чындап, ата-энелер чогулуштарын өз убагында өткөрүп турууну колго алышсын;
- окуучулардын билим сапатын көтөрүүгө такай көңүл бурушсун;
- мектепке себепсиз тартылбаган окуучулар боюнча ата-энелер,айыл өкмөтү жана тишелуу органдар менен бирдикте натыйжалуу иш алып барышсын;
- райондун жана андан жогорку денгээлдердеги предметтик олимпиадаларга окуучуларды даярдоо жана катыштырууга көнүлдөрүн бурушсун;
- мектептердеги социалдык педагогдордун ишин тиешелуу денгээлде көзөмөлгө алышсын;
- окуучулардын шашке тамак ашын уюштуруу боюнча жобонун талаптарына ылайык иштин алынып барылышын катуу көзөмөлгө алышсын;
- окуучу балдарга тамак аштын сапаттуу берилишин жана балдарды тамак аштан уулануудан алдын алуу максатында мектептердеги азык-түлүктөрдүн сапатын көзөмөлдөөнү күчөтүүнү уюштурушсун ;
- мектептердин ашканасында шайкештик сертификаттары бар гана азык-тулуктор менен камсыздоону катуу көзөмөлгө алууну камсыз кылсын;
- мектептерде балдарга шашке тамактар тууралуу менюларды кун сайын түздүртүүнү жана ашканалардын санитардык абалын көзөмөлдөөнү күчөтсүн ;
3.Айыл өкмөтүнүн финансы –экономика бөлүмү ( К.Кадырова) :
- 1-4-класстардын балдарына тамак аш беруудо мектептерде жетишпеген инвентарлар менен камсыз кылсын ;
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенешинин социалдык маданий,билим берүү,спорт,миграция, туризм, саламаттыкты сактоо,коммуналдык менчик,маалымдуулук, жаштардын иштери,социалдык –экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо,экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрайым: |
| Б.С.Оморова |