Загрузка документа…
ОЙ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VII-шайланган) кезексиз 5-сессиясынын жыйналышы
2024-жылдын 14-августу № 5/1
Ой-Тал айыл өкмөтүнүн Сары-Бээ айылындагы Чоң-Кааты суусуна кичи ГЭС куруу үчүн жалпы 0,96 га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспоттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин, Кыргыз Республикасынын “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө 2013-жылдын 15-июлундагы №145 Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө” 2014-жылдын 19-мартындагы №169 токтомунун негизинде бекитилген убактылуу Жобонун талаптарына ылайык Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ой-Тал айыл өкмөтүнүн Сары-Бээ айылындагы Чоң-Кааты суусуна кичи ГЭС куруу үчүн жалпы 0,96 га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспоттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берет.
2.Тиешелүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы Ой-Тал айыл өкмөтүнүн башчысы Абдилазиз уулу Бактыбекке тапшырылсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык, азык-түлүк, айыл жана суу чарбасы, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына (Э.Орунбеков) жана айыл өкмөтүнүн жер ресурстары жана өсүмдүк өстүрүү боюнча жетектөөчү адиси М.Акыбаевге милдеттендирилсин.
Төрайым: |
| Б.С.Оморова |