Редакцияот 05.12.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешини

ТОКТОМ

 05.12.2025 -жыл.   № 11/1

Отуз-Адыр айылы                                    

Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Сары-Колот айынынын башкы плананын бекитип берүү жөнүндө

 

Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнө караштуу Сары-Колот айынынын башкы планын бекитип берүү боюнча айыл аймагынын айылдык кеӊештин депутаттарынын кезектеги (сегизинчи чакырылышынын) XI сессиясында карап чыгып жана талкууга алып, Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1. Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Сары-Колот айылындагы шифр №31/08 сандуу башкы пландын өзгөртүлгөн нускамасы бекитилсин.

2. Тийешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси З.Реджаповко милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Эшиевке жүктөлсүн.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин жер жана агрардык жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын. (Н.Жусупов)

 

 

Төрага

  Д.Атанов