Загрузка документа…
ОЙ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин (8-шайланган) кезексиз II-сессиясы
2024-жылдын 18-декабры № 2/3
Ой-Тал айыл айыл өкмөтүнүн аймагындагы калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу жыйымы жана Кыргыз Республикасынын
Салык кодексинин 404-беренесинин талаптарын ишке ашыруу жөнүндө
Ой-Тал айыл өкмөтүнүн бюджетинин кирешелерин көбөйтүү жана салыктык эмес кирешелерин жөнгө салуу максатында Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексинин 24-главасынын 74-беренесин жетекчиликке алып, Ой-Тал айыл өкмөтүнүн аймагында калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгуу жыйымы боюнча кабыл алынган токтомдору 2025-жылдын 1-январынан күчүн жоготсун.
2.Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 404-беренесин жетекчиликке алып, Ой-Тал айыл айыл өкмөтүнүн аймагында калктуу конуштардын жерлери жана айыл чарба багытындагы эмес жерлер үчүн зоналык коэфиценти (Кз) 1,4 өлчөмүндө белгиленсин.
3.Токтом 2025-жылдын 1-январынан күчүнө кирсин.
4.Бул токтомду аткаруу жагы Ой-Тал айыл аймагынын башчысы Б.Абдилазиз уулуна сунушталсын.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ой-Тал айылдык кеңешинин социалдык-маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына (Э.Сыдыковго) тапшырылсын.
Төрага: |
| К.Т.Кийизбаев |