Загрузка документа…
ОЙ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин (8-шайланган) кезексиз III-сессиясы
2025-жылдын 26-февралы № 3/1
Ой-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025 -жылдагы бюджетин бекитүү жөнүндө
Ой-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдагы бюджетин бекитүү жөнүндө Ой-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн финансы –экономика жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Т.Апыевдин берген сунушун угуп жана талкуулап Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.2025-жылга карата Ой-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү тендештирүүчү гранттан 21.550.5. сом, жергиликтүү кирешеден 10.312,3 сом, (салык эмес кирешеден) ата энелер взносунан 587.0 сом өлчөмүндө, жалпы 15.360.7 сом өлчөмүндө бекитилсин.
2.Ой-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнө тиешелүү мекеме-уюмдар тарабынан кабыл алынып жаткан нормативдик актылардын негизинде, ошондой эле өндүрүштүк көлөмдөрдүн бааларынын деңгээлин, инфляциянын болуп жаткан башка процесстеринин эсебинен келип жаткан өзгөрүүлөргө ылайык бюджеттик чөйрөдөгү тармактар арасындагы статьялар боюнча өзгөртүүлөрдү жыл ичинде киргизип турууга укук берүү менен, бул өзгөртүүлөр айылдык кеңештин сессиясында каралып бекитиле тургандыгы белгиленсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ой-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн финансы-экономика жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Т.Апыевге милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ой-Тал айылдык кеңешинин социалдык-маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына (Э.Сыдыковго) тапшырылсын.
Төрага: |
| К.Т.Кийизбаев |