Загрузка документа…
ОЙ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин (8-шайланган) кезексиз III-сессиясы
2025-жылдын 26-февралы № 3/2
Мамлекеттик салык кызматынын Кара-Кулжа району боюнча башкармалыгынын 20.01.2025-жылдагы №01-4/17 чыгуу санындагы катына ылайык Турак жайга же жайга мүлк салыгынын базалык салыктык наркын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2025- жылдын 12- февралындагы № 37 «Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүулөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамына ылайык Салык кодексине жана “Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдүн негизинде Ой-Тал айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ой-Тал айыл өкмөтүнүн аймагына 2025- жылдын 1- январынан тартып мүлк салыктары киргизилсин.
2.Турак жайга же жайга мүлк салыгы бир чарчы метрге 11 сомдон эсептөө белгиленсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ой-Тал айылдык кеңешинин социалдык-маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына (Э.Сыдыковго) тапшырылсын.
Төрага: |
| К.Т.Кийизбаев |