Загрузка документа…
ОЙ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин (8-шайланган) кезексиз III-сессиясы
2025-жылдын 26-февралы № 3/5
Маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруунун жана пайдалануунун эрежелерин жана аймактагы имараттардын, курулмалардын
фасаддарынын тышкы түрүнө карата талаптарды бекитүү жөнүндө
Бүтүндөй архитектуралык-эстетикалык көрүнүштү калыптандыруу максатында, "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27, 34-беренелерине, "Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесине ылайык, Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бекитүү:
- Ой-Тал айыл аймагындагы маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу жана пайдалануу эрежелери жана имараттардын, курулмалардын фасаддарынын тышкы көрүнүшүнө карата талаптар 1-тиркемеге ылайык;
- имараттын, курулманын фасадынын паспортунун типтүү формасы 1-тиркемеге ылайык;
2. Ой-Тал айыл өкмөтү жана шаар куруу жана архитектура департаментинин аймактык шаар куруу жана архитектура башкармалыгы өз иштеринде ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн эрежелерди бекем жетекчиликке алышсын.
3. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл аймагынын айылдык кеңешинин агрардык, азык тулук, жана суу чарба, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология, жаратылышты коргоо, курулуш, транспорт, өнөр жай соода, ишкердуулук, байланыш, инвестиция, энергетика, кайра иштетүү боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөт башчысы Б.Абдилазиз уулуна жүктөлсүн.
Төрага: |
| К.Т.Кийизбаев |