Загрузка документа…
ОЙ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин (8-шайланган) кезексиз VI-сессиясы
2025-жылдын 18-марты № 4/2
Ой-Тал айыл өкмөтүнүн аймагында жайыт акыларынын
бирдиктүү баасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин негизинде,ошондой эле «Жайыттар жөнүндө»Кыргыз Республикасынын Мыйзмынын 4-беренесине ылайык Кара-Кулжа районунун Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын кезексиз 4-сессиясынын жыйналышы жайыт жерлерин натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылуу максатында Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Айыл аймагынын аймагында ар бир бодо малга жайыт акы мал башына 80 (сексен) сомдон, айыл аймагынан сырттан келген бодо малга ар бир башка 200(эки жүз ) сомдон,ал эми ар бир жандык малдын башына жайыт акы 20(жыйырма) сомдон, сырттан келген ар бир башка 50(элүү) сомдон белгиленсин.
2. Ой-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнө жайыт участоктору үчүн жер салыгын, жайыт акы жыйноо, келип түшкөн каражаттарды жергиликтуу бюджетке багыттоо милдети жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл аймагынын айылдык кеңешинин агрардык, азык тулук,жана суу чарба, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология, жаратылышты коргоо курулуш, транспорт, өнөр жай соода, ишкердуулук, байланыш, инвестиция, энергетика, кайра иштетүү боюнча туруктуу комиссиясына (Д.Тайчиев) жана айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Абдилазиз уулуна жүктөлсүн.
Төрага: |
| К.Т.Кийизбаев |