Редакцияот 16.04.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОЙ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин (8-шайланган) кезексиз V-сессиясы

 

2025-жылдын 16-апрели № 5/3

 

Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин аймагындагы участкалык шайлоо комиссияларынын  курамына жана   резервине талапкерлерди сунуштоо жөнүндө

 

            Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешининаймагындагы элдик жыйындардан  № 5541-Ничке-Суу, № 5468-Терек-Суу, № 5024-Сары-Бээ, № 5025-Кара-Таш, № 5026-Көңдүк жана № 5027-Ой-Тал учсткалык шайлоо комиссияларынын  курамына жана   резервине талапкерлерди көрсөтүү боюнча келип түшкөн  протоколдору карап  көрүп,  угуп жана талкуулап, Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңеши       

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

I. Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин аймагындагы элдик жыйындарынан көрсөтүлгөн жогорудагы протоколдору бекитилсин.

II. Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин токтомун бекитип берүү жагы Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.

Тиркеме тиркелет.

 

Төрага:

 

К.Т.Кийизбаев