Редакцияот 16.04.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОЙ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин (8-шайланган) кезексиз V-сессиясы

 

2025-жылдын 16-апрели № 5/4

 

Ой-Тал айыл аймагына караштуу Сары -Бээ айылдык мечитинин аталышын   “Ысак уулу Шамшидин кары мечити” деп  өзгөртүү жөнүндө

 

     2025-жылдын 11-апрелиндеги Сары-Бээ айылынын тургундарынын,айылдык мечиттин аталышын өзгөртүү жөнүндөгү элдик жыйыны боюнча Сары-Бээ айылынын айыл башчысы Камалдин уулу Нурсейиттин  берген маалыматын угуп жана талкуулап, Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңеши       

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Сары-Бээ айылынын тургундарынын элдик жыйынынын 11.04.2025-жылдыгы № 01-8/6 протоколунун негизинде айылдык мечит “ Ысак уулу Шамшидин кары мечити” деп аталсын.

2.Тиешелүү документтерин бүткөрүү жагы Ой-Тал айылы аймагынын башчысы С.Аматбек уулуна тапшырылсын.

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин мыйзамдуулук укук тартиби, мандат, кеңештердин иштери ,депутаттык этика, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына (Э.Үркүнов) милдеттендирилсин.

 

Төрага:

 

К.Т.Кийизбаев