Загрузка документа…
Гүлчө айыл аймагынын айылдык кенешинин 7- чакырылышынын кезексиз 6-отурумунун
ТОКТОМ
21.06.2024 -жыл. № 6/1
Гүлчө айылы
Гүлчө айылындагы А. Жээнбеков көчөсүн асфальттоо боюнча сунуш кылынган долбоордогу өздүк салым жөнүндө
Гүлчө айылындагы Жээнбеков көчөсүн асфальттоо боюнча жергиликтүү тургундардын жазуу түрүндөгү арызын эске алып жана сунушталып жаткан долбоорду карап чыгып, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктуна ылайык, Гүлчө айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергиликтүү тургундардын жазуу түрүндөгү арызын эске алып жана сунушталып жаткан долбоорду карап чыгып, жалпы суммасы 2 316 399 (эки млн үч жүз он алты миң үч жүз токсон тогуз) сом акча каражатына Гүлчө айылындагы А. Жээнбеков көчөсүн асфальттоо үчүн макулдук берилсин.
2. Жергиликтүү жааматтын 540, 0 (беш жүз кырк миң ) сом акча каражаты долбоор үчүн кошулганы эске алынсын.
3. Аталган көчөнү асфальттоо үчүн 776 399 (жети жүз жетимиш алты миң үч жүз токсон тогуз) сом акча каражаты Алай райондук өнүктүрүү фондусунан суралсын.
4. Ал эми өздүк салым үчүн 1000, 0 (бир млн) сом акча каражаты Гүлчө айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен бөлүнүп берилсин.
5. Кабыл алынган токтомдун мыйзам чегинде аткарылышын камсыздоо жагы Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Тажибаевге милдеттендирилсин.
6. Ушул кабыл алынган токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюжет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Самиев |