Редакцияот 11.07.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОЙ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин (8-шайланган) кезексиз VII-сессиясы

 

2025-жылдын 11-июлу № 7/1

 

2024-жылдын жыйынтыгы менен Ой-Тал айыл өкмөтүнүн бюджетинин аткарылышынын абалы жөнүндө

    Ой-Тал айыл аймагынын социалдык –экономикасын көтөрүү максатында Ой-Тал айыл аймагынын башчысы Аматбек уулу Сүймөнкулдун 2024-жыл  жылы  ичинде аткарган иштери  тууралуу маалыматты угуп жана талкуулап Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңеши       

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Ой-Тал айыл аймагынын социалдык –экономикасын көтөрүү максатында Ой-Тал айыл өкмөтүнүн башчысы Аматбек уулу Сүймөнкулдун 2024-жыл ичинде ичинде аткарган иштери тууралуу маалыматы «Канааттандырарлык» деп белгиленсин.

2.2025-жылдын ичинде Ой-Тал айыл өкмөтүнүн башчысы Аматбек уулу Сүймөнкулга төмөнкүлөр милдеттендирилсин:

- айыл өкмөттүн 2025-2030-жылдарга карата Ой-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын ишке ашыруу;

- айыл өкмөтүнүн бюджетин максаттуу жана сарамжалдуу пайдаланунуу;

- “Ой-Тал-Таза суу-Жайыт” муниципалдык ишкансынын ишин жөнгө салуу;

- социалдык обьектилердин өз денгээлинде күтүлүшүнө көңүл буруу;

- калктын аярлуу катмары менен иштөө маселелерин жолго коюу;

 

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин социалдык – маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына (Э.Сыдыков) тапшырылсын.

 

Төрага:

 

К.Т.Кийизбаев