Редакцияот 11.07.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОЙ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин (8-шайланган) кезексиз VII-сессиясы

 

2025-жылдын 11-июлу № 7/2

 

2025-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы менен Ой-Тал айыл өкмөтүнүн бюджетинин аткарылышынын абалы жанан 2025-жылдын экинчи жарым жылдыгына карата бюджетке өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду    киргизүү жөнүндө 

    Ой-Тал айыл аймагынын социалдык - экономикалык абалын көтөрүү  максатында       Ой-Тал айыл аймагынын  башчысы Аматбек уулу Сүймөнкулдун  2025-жылдын жарым жылы  ичинде аткарган иштери  тууралуу маалыматты угуп жана талкуулап Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңеши       

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Ой-Тал айыл аймагынын социалдык - экономикалык абалын көтөрүү максатында Ой-Тал айыл аймагынын башчысы Аматбек уулу Сүймөнкулдун 2025-жылдын жарым жылы ичинде ичинде аткарган иштери тууралуу маалыматы «Канааттандырарлык» деп белгиленсин.

2.2025-жылдын экинчи жарым ичинде Ой-Тал айыл аймагынын башчысы Аматбек уулу Сүймөнкулга төмөнкүлөрдү аткаруу жагы милдеттендирилсин:

- айыл өкмөттүн 2025-2030-жылдарга карата Ой-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын ишке ашыруу;

- айыл өкмөтүнүн бюджетин максаттуу жана сарамжалдуу пайдаланунуу;

- “Ой-Тал-Таза суу-Жайыт” муниципалдык ишкансынын ишин жөнгө салуу;

- айыл өкмөтүнө түшүүчү салыктык жана салыктык эмес жыйымдардын өз убагында топтолушуна катуу көзөмөл жүргүзүү;

- социалдык обьектилердин өз денгээлинде күтүлүшүнө көңүл буруу;

- калктын аярлуу катмары менен иштөө маселелерин жолго коюу;

      

3.2025-жылдын экинчи жарым жылдыгына карата айыл өкмөтүнүн бюджетине өзгөртүүлөр жанан толуктоолор №1-,№2-,№3-,№4- тиркемелерге ылайык бекитилсин.

4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин социалдык – маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына (Э.Сыдыков) тапшырылсын.

 

Төрага:

 

К.Т.Кийизбаев