Загрузка документа…
Гүлчө айыл аймагынын айылдык кенешинин 7- чакырылышынын кезексиз 6-отурумунун
ТОКТОМ
21.06.2024 -жыл. № 6/2
Гүлчө айылы
Гүлчө Тазалык Жашылдандыруу муниципалдык ишканасына Гүлчө айыл аймагын сапаттуу тейлөө учүн кредитке 4 230,0 (төрт млн эки жүз отуз миң) сомго 1 (бир) даана эксковатор автомашинасын сатып алуу үчүн макулдук берүү жөнүндө
Гүлчө айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз 6- отуруму , Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Тажибаевдин баяндамасын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктуна ылайык, Гүлчө айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө Тазалык Жашылдандыруу муниципалдык ишканасына, Гүлчө айыл аймагын сапаттуу тейлөө үчүн кредитке 4 000,0 (төрт млн) сомго эксковатор алуу үчүн макулдук берилсин.
2. Эксковатор алуу үчүн 3 700 , 0 (үч млн жети жүз миң) сом акча каражаты Алай райондук өнүктүрүү фондусунан суралсын.
3. Эксковатор сатып алуу үчүн калган 300,0 (үч жүз миң) сом, растомошкасы үчүн 210,0 (эки жүз он миң) сом , иш-кагаздары үчүн 20,0 (жыйырма миң) сом акча каражаттары Гүлчө айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен бөлүнүп берилсин.
4. Кабыл алынган токтомдун мыйзам чегинде аткарылышын камсыз кылуу жагы Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Тажибаевге милдеттендирилсин.
5. Ушул кабыл алынган токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюжет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Самиев |