Загрузка документа…
Гүлчө айыл аймагынын айылдык кенешинин 7- чакырылышынын кезексиз 6-отурумунун
ТОКТОМ
21.06.2024 -жыл. № 6/3
Гүлчө айылы
Гүлчө айылындагы Таш-Короо айылына түнкү жарык орнотуу үчүн сунуш кылынган долбоордогу өздүк салым жөнүндө
Гүлчө айылындагы Таш-Короо айылына түнкү жарык орнотуу үчүн сунушталып жаткан долбоордогу карап чыгып, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктуна ылайык Гүлчө айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айылындагы Таш-Короо айылына түнкү жарык орнотуу үчүн сунушталып жаткан долбоордогу карап чыгып, жалпы суммасы 11 604 194 (он бир млн алты жүз төрт миң бир жүз токсон төрт ) сомго түнкү жарык орнотууга макулдук берилсин.
2. Аталган айылга түнкү жарык орнотуу үчүн 7 504 466 ( жети млн беш жүз төрт миң төрт жүз алтымыш алты ) сом акча каражаты Алай райондук өнүктүрүү фондусунан суралсын.
3. Ал эми өздүк салым үчүн Гүлчө айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен керектелүүчү акча каражаты бөлүнүп берилсин.
4. Кабыл алынган токтомдун мыйзам чегинде аткарылышын камсыз кылуу жагы Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Тажибаевге милдеттендирилсин.
5. Ушул кабыл алынган токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюжет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Самиев |