Загрузка документа…
Гүлчө айыл аймагынын айылдык кенешинин 7- чакырылышынын кезектеги 7-отурумунун
ТОКТОМУ
11.07..2024 -жыл. № 7/1
Гүлчө айылы
Гүлчө айылындагы Алымбек датка эс алуучу жайды реконструкциялоо боюнча сунуш кылынган долбоордогу өздүк салым жөнүндө
Гүлчө айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 7-отуруму, Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Тажибаевдин Алымбек датка эс алуучу жайын реконструкциялоо боюнча сунушталып жаткан долбоор жөнүндөгү баяндамасын угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктуна ылайык , Гүлчө айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сунушталып жаткан долбоор үчүн, жалпы суммасы 22 000,0 (жыйырма эки млн) сомго Гүлчө айылындагы Алымбек датка эс алуучу жайды реконструкциялоого макулдук берилсин.
2. Алымбек датка эс алуучу жайын реконструкциялоо боюнча сунушталып жаткан долбоор үчүн 22 000,0 (жыйырма эки млн) сом Алай райондук өнүктүрүү фондусунан суралсын.
3. Кабыл алынган токтомдун мыйзам чегинде аткарылышын камсыздоо жагы Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Тажибаевге милдеттендирилсин.
4. Ушул кабыл алынган токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Самиев |