Загрузка документа…
КАРА-ШОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Шоро айылдык кеңешинин VIII чакырылыщынын II сессиясы
2025-жылдын 16-январы № 11
Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн 2025-жылга пландаштырылган бюджетин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 102-117-беренелерине жана финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн 2025-жылга пландаштырылган бюджетин бекитүү сунуштарынын негизинде Кара-Шоро айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. 2025- жылга Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн бюджетинин кирешелери жана чыгашалары 36296,7 (отуз алты миллион эки жүз токсон алты миң жети жүз) сомго бекитилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн 2026- 2027- жылдарга жактырылган болжолдуу көрсөткүчтөрү 2026- жыл үчүн 37588,6 (отуз жети миллион беш жүз сексен сегиз миң алты жүз) сом, 2027- жыл үчүн 39218,2 (отуз тогуз миллион эки жүз он сегиз миң эки жүз) сом жана ар бир так мезгилде аларды кабыл алууда такталууга жатаары белгиленсин.
3. 2025- жылга чегерүүлөрдүн чечимдери төмөнкүлөрдөн белгиленсин:
а) жалпы мамлекеттик салыктык түшүүлөрдөн: салык агенттиги тарабынан
төлөнүүчү киреше салыгы -айыл аймагынын жергиликтүү бюджетине 90 (токсон) пайыз өлчөмүндө;
б) сатуулардан түшкөн салык- айыл аймагынын жергиликтүү бюджетине 25 (жыйырма беш) пайыз өлчөмүндө;
в) ыктыярдуу патент негизиндеги салык, милдеттүү патенттөө негизиндеги салык, бирдиктүү салык-айыл аймагынын жергиликтүү бюджетине 100 (жүз) пайыз өлчөмүндө;
г) жер казынасын пайдалангандыгы үчүн салык (роялти), стратегиялык пайдалуу кендери (алтын, мунай зат, газ) кошпогондо -кендерди иштеп чыгуу жери боюнча айыл аймагынын бюджетине 50 (элүү) пайыз өлчөмүндө;
д) жер казынасын пайдаланууга укук берүү үчүн жыйым-айыл аймагынын бюджетине 7 (жети) пайыз өлчөмүндө;
е) жергиликтүү маанидеги инфра түзүмдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүү кендери иштеп чыгуу жери боюнча айыл аймагынын жергиликтүү бюджетине 20 (жыйырма) пайыз өлчөмүндө;
4. Жергиликтүү салыктардан жана салыктык эмес жыйымдардан түшүүчү жергиликтүү бюджеттердин кирешелери башка деңгээлдеги бюджетке алынууга жатпасын.
5. Мыйзамдарда каралган ыйгарым укуктардын чектеринде, жер салыгы боюнча базалык ставкаларды же коэффиценттерди жогорулатуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан чечимдерди кабыл алуунун эсебинен жергиликтүү бюджеттердин кирешесин көбөйтүүсү 2019-жылдын 28-ноябрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган Мыйзам менен 2024-2026- жылдарга теңдөөчү гранттардын өлчөмдөрүн өзгөртүү үчүн негиз болуп саналбасы белгиленсин.
6. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 24-беренесине ылайык айыл өкмөтүнүн резервдик фондунун өлчөмү тиешелүү жергиликтүү бюджеттин чыгашаларынын 1 (бир) пайызынан ашык эмес өлчөмүндө бекитилсин.
7. Айыл өкмөтүнө 2025-2027- жылдарга жергиликтүү бюджеттердин чыгашаларын каржылоо биринчи кезекте корголгон беренелерге (эмгек акы, социалдык фондго чегерүү, тамак-аш, дары-дармек жана милдеттүү медициналык камсыздандырууга чегерүүлөр), коммуналдык кызматтар (электр энергия, көмүр, суу) жумшалсын. Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктарынын негизги принциптери жөнүндө Мыйзамынын 21-беренесине ылайык айыл өкмөтүнүн резервдик фонду 362,9 (үч жүз алтымыш эки миң тогуз жүз) сом өлчөмүндө бекитилсин.
8. Айланма кассалык калдык айыл өкмөтүнүн бюджети боюнча жүргүзүлгөн накталай акча каражаты 2025-жылдын 1-январына карата 30,0 (отуз миң) сом өлчөмүндө белгиленсин.
9. Кара-Шоро айыл аймагы, табигый кырсыктар коркунучу бар жерде табийгат кырсыктардын алдын алууга, калктын аярлуу катмарына, майыптарга, аз камсыз болгон үй-бүлөөлөргө, социалдык ооруларга жана башка социалдык маселелерди чечүүгө, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине, энелер күнүнө, согуш мезгилинде тылда кызмат кылгандарга, Баатыр энелерге, Ооганчыларга, Баткен коогалаңынын катышуучуларына жардам берүү үчүн акча каражаттары каралсын.
10. Айылдык кеңештин иш аракеттерин жана иш кагаздарын жүргүзүү (токтомдорду юстициядан каттоодон өткөрүү, маалымат каражаттарына жарыялоо, интернет байланышына ж.б) үчүн акча каражаты каралсын.
11. Айыл өкмөтүнүн инфраструктурасын өнүктүрүү максатында жазылган долбоорлорду ишке ашырууга багытталган иш чараларга жана өздүк салымдарды кошууга керектелген каражаттарды каржылоо айыл өкмөтүнүн бюджетинен каржыланаары белгиленсин.
12. Айыл өкмөттүн штаттык бирдигинен сырткары убактылуу келишимдин негизинде иштеген кызматчылардын эмгек акыларын төлөп берүү жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүлсүн.
13. Айыл аймагында балдар бакчасында тарбияланган балдардын тамак-ашына, балдар бакчасынын коммуналдык кызматтарына (көмүр), курулуштарды ремонттоо жана айыл чарба буюмдарына жергиликтүү бюджеттен акча каражаты каралсын.
14. Токтом кабыл алынып бекитилген күндөн тартып күчүнө кирет.
15. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Бюджет жана экономикалык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| З.Кадырбеков |