Загрузка документа…
КАРА-ШОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Шоро айылдык кеңешинин VIII чакырылыщынын II сессиясы
2025-жылдын 16-январы № 12
Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн 2024-жылда пайдаланылбай калган
бюджетинин калдыгы жөнүндө
Кара-Шоро айылдык Кеңеши 2024-жылда пайдаланылбай калган калдыкты Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин 44-беренесине ылайык 2025-жылда бюджетти бекитүүдө ар бир мектептин көйгөйлүү маселелерине, коммуналдык кызматтарына, отун алууга, региондорду өнүктүрүү фонддору биргелешкен долбоорлорду, социалдык инфраструктуралык жана экономикалык долбоорлорду каржылоону максаттуу пайдалануусун талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Айыл өкмөтүнүн ишинин негизги багыты бюджетти көтөрүү, донор уюмдар, өнүктүрүү фондтору жана инвесторлор (АРИС, ЮСАИД, ПРООН ж.б) менен тыгыз кызматташып, долбоорлорду ишке ашыруу максатындагы уюштуруу иштеринде болсун.
2. Кара-Шоро айыл өкмөтүндө 2024-жылдан пайдаланылбай калган бюджеттен 8765,0 (сегиз миллион жети жүз алтымыш беш миң) сом жана атайын каражаттан калган калдык 121,6 мин (бир жүз жыйырма бир миң алты жүз) сом акча каражаттарын төмөндөгүдөй жумшалуусуна макулдук берилсин.
-аппарат бөлүмүнүн 2111 беренесине 226,1 (эки жүз жыйырма алты миң бир жүз) сом
-аппарат бөлүмүнүн 2121 беренесине 39,1 (отуз тогуз миң бир жүз) сом
-аппарат бөлүмүнүн 3111 беренесине 731,5 (жети жүз отуз бир миң беш жүз) сом
-турак жай коммуналдык чарба бөлүмүнүн 3111 беренесине 2909,0 (эки миллион тогуз жүз тогуз миң) сом
-турак жай коммуналдык чарба бөлүмүнүн 3112 беренесине 4414,3 (төрт миллион
төрт жүз он төрт миң үч жүз) сом
- айыл чарба бөлүмүнүн 2215 беренесине 150,0 (бир жүз элүү миң) сом.
-орто мектеп бөлүмүнүн 3111 беренесине 295,0 (эки жүз токсон беш миң) сом
-бала бакча бөлүмүнүн атайын каражатынын 2218 беренесине 121,6 (бир жүз жыйырма бир миң алты жүз) сом.
3. Айылдардын инфраструктурасын жана социалдык маселелерин жакшыртууга карата максаттуу пайдаланылуусуна айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы З.Токтосун кызына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин “Бюджет жана экономикалык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| З.Кадырбеков |