Загрузка документа…
КАРА-ШОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Шоро айылдык кеңешинин VIII чакырылыщынын II сессиясы
2025-жылдын 16-январы № 13
2025-2027-жылдарга карата Кара-Шоро айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик адмиинистрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүдө” мыйзамынын 34-39-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 88-беренесине ылайык, Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Кара-Шоро айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. 2025-2027-жылдарга карата Кара-Шоро айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Программада камтылган иш-чарлардын аткарылышын камсыз кылуу жагы Кара-Шоро айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Р.Сатыбалдыевке тапшырылсын.
3. Ушул токтом каттоого алынсын жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кара-Шоро айылдык кеңешинин “Социалдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| З.Кадырбеков |
Кара-Шоро айылдык кеңешинин
2025-жылдын,16-январындагы
№ 13 токтому менен бекитилген.
Кара-Шоро айыл аймагынын 2025-2027 - жылдарга
социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы.
1-БӨЛҮМ. АЙМАКТЫН ЖАЛПЫ МҮНӨЗДӨМӨЛӨРҮ |
| |||||||||||||||||||||||
Географиялык абал | Кара-Шоро айыл аймагы Ош облусунун чыгыш тарабындагы Өзгөн районунда айыл жергесинде жайгашкан. Аймак чыгыштан Кара-Кулжа району менен, түндүк чыгыш тарабынан Салам-Алик айыл аймагы менен, батыш жагынан Мырза-Аке айыл аймагы менен чектешет. Айыл аймактын борбору – Ак-Жар айылы. Облустук борбордон алыстыгы 92 км. Борбордон алыстыгы 696 км. Айыл аймагы АТРдин негизинде 2024 – жылы март айында мурдагы Көлдүк жана Ак-Жар айыл өкмөттөрү бириктирилип уюштурулган. | |||||||||||||||||||||||
Жалпы аянты (Га) | 15105,85 га | |||||||||||||||||||||||
Ландшафт жана жаратылыш шарттары | Негизинен тоолуу аймак, деңиз деңгээлинен 1200 - 2005 метр бийиктикте жайгашкан. Кыш мезгили 4,5 -5 айга созулат жана катуу кар менен коштолот, минималдуу төмөнкү температура -25 оС жетиши мүмкүн. Жай мезгилинде температура 38 оС чейин жетиши мүмкүн. Жайында орточо температура 30 оС, кышында 15оС | |||||||||||||||||||||||
АА калкы (адам), 13843 аялдардын саны: 6927 (50,1) анын ичинде (айылдарда): |
| |||||||||||||||||||||||
Ак-Жар айылы (АА борбору) | 2180 | |||||||||||||||||||||||
Большевик айылы | 3560 | |||||||||||||||||||||||
Какыр айылы | 1809 | |||||||||||||||||||||||
Семиз-Көл айылы | 1181 | |||||||||||||||||||||||
Шамал-Терек айылы | 3666 | |||||||||||||||||||||||
Чалк-Өйдө айылы | 1447 | |||||||||||||||||||||||
СЭӨПнын максаты | Кара-Шоро айыл аймагынын 2025-2027-жылга чейин айылдык аймактын калкынын жашоо шарты, социалдык жана экологиялык жактан жакшыртылган, экономикасы мал чарбачылыгына, өсүмдүк өстүрүүчүлүккө жана туризмди уюштуруп, айыл чарба багытында инновациялык ыкмаларды колдонгон, чакан жана жеке ишкерлерге, орто бизнес ишканаларды ачууга шарттарды түзүп, экологиялык жактан таза айыл чарба өндүрүшүн жогорку деңгээлде өнүктүрүп, тиричилик инфраструктурасын жолго салуу. СЭӨПда каралган тапшырмалардын натыйжасында социалдык жана коммуналдык инфраструктура жакшыртылат, калктын бардык катмарынын, анын ичинде балдардын, жалгыз бой энелердин, улгайган адамдардын, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын жашоосу үчүн бардык шарттары менен ыңгайлуу, жагымдуу жана коопсуз айыл аймакка айланып, калкы таза суу жана баардык керектүү коммуникациялар менен камсыз болуп, билим берүү, маданият, спорт, саламаттык сактоо, санитария, көрктөндүрүү, жашылдандыруу тармактарында кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты оңолуп ички жолдор жана көпүрөлөр калыбына келтирилип, көчөлөргө түнкү жарык орнотулган кооз, санитардык жактан таза айыл аймакка айланат. Кайра иштетүү өнөр жайларын ачуу менен айыл өкмөтүнүн бюджетин 3 жыл ичинде дотациядан чыгаруу. | |||||||||||||||||||||||
| ||||||||||||||||||||||||
2-БӨЛҮМ. КАЛК |
| |||||||||||||||||||||||
| ||||||||||||||||||||||||
2.1. (таблица) Калк жана эмгек ресурстары |
| |||||||||||||||||||||||
Категория | факт | күтүлгөн. | прогноз | |||||||||||||||||||||
2021 ж. | 2022 ж. | 2023 ж. | 2024 ж. | 2025 ж. | 2026 ж. | 2027 ж. | ||||||||||||||||||
Жыл башындагы туруктуу калктын саны (адам) | 13919 | 14240 | 14010 | 13843 | 14078 | 14317 | 14560 | |||||||||||||||||
Өсүш темпи % | 1,2 | 2,3 | -1,6 | -1,19 | 1,7 | 1,7 | 1,7 | |||||||||||||||||
анын ичинде аялдар | 6926 | 7428 | 6972 | 6927 | 7044 | 7163 | 7284 | |||||||||||||||||
Жыл башындагы эмгекке жарамдуу курактагы туруктуу калктын саны, (адам) | 8179 | 8345 | 8515 | 8689 | 8775 | 8862 | 8951 | |||||||||||||||||
Өсүш темпи (%) | 2,02 | 2,03 | 2,0 | 0,98 | 1% | 0,99% | 1% | |||||||||||||||||
анын ичинде аялдар | 3762 | 3838 | 3916 | 3996 | 4036 | 4076 | 4117 | |||||||||||||||||
Экономикалык ишмердиктин түрлөрү боюнча иштеген калктын саны (адам): | 2589 | 2633 | 2654 | 2685 | 2807 | 2935 | 3094 | |||||||||||||||||
Айыл чарба | 2111 | 2114 | 2116 | 2116 | 2156 | 2210 | 2281 | |||||||||||||||||
Өнөр жай: | 87 | 98 | 107 | 121 | 135 | 156 | 184 | |||||||||||||||||
Кайра иштетүүчү | 12 | 12 | 12 | 12 | 13 | 14 | 16 | |||||||||||||||||
Электр энергиясы | 16 | 16 | 16 | 16 | 18 | 19 | 21 | |||||||||||||||||
Курулуш | 134 | 146 | 148 | 150 | 160 | 168 | 181 | |||||||||||||||||
Соода | 75 | 78 | 80 | 83 | 85 | 87 | 91 | |||||||||||||||||
Транспорт жана байланыш | 69 | 76 | 80 | 82 | 86 | 91 | 100 | |||||||||||||||||
Башка кызматтар | 85 | 93 | 98 | 105 | 154 | 190 | 220 | |||||||||||||||||
Калдыктарды кайра иштетүү | - | - | - | - | - | - | - | |||||||||||||||||
Жумушсуздардын саны (адам): | 1464 | 1645 | 1319 | 933 | 890 | 870 | 832 | |||||||||||||||||
Өсүш темпи | 8,4 | 12,4 | -19,8 | -29,3 | -4,6 | -2,2 | -4,4 | |||||||||||||||||
анын ичинде аялдар | 560 | 730 | 470 | 387 | 367 | 358 | 342 | |||||||||||||||||
Жакырчылыктын эң төмөнкү чегинде турган калктын саны (адам) | 89 | 76 | 66 | 60 | 52 | 41 | 37 | |||||||||||||||||
Өсүш темпи (%) | -16 | -14 | -13 | -9 | -13 | -21 | -9,7 | |||||||||||||||||
Миграцияланган эмгекке жарамдуу калктын саны (эл аралык миграция боюнча кеткендер, адам) | 900 | 890 | 920 | 940 | 931 | 925 | 916 | |||||||||||||||||
Өсүш темпи (%) | 0,8 | -1,1 | 3,4 | 2,2 | -0,95 | -0,6 | -0,9 | |||||||||||||||||
| ||||||||||||||||||||||||
2.2. Эмгекке жарамдуу калктын өсүшүн, иш менен камсыз кылуу жана эмгек миграциясы маселелерин талдоо |
| |||||||||||||||||||||||
Айыл аймактын калкынын саны 2024-жылы 13843 адамды түзгөн. Ал эми 2023- жылы 14010 адам болгон. 2024-жылы 2023-жылга караганда 167 адамга азайып кеткен. Себеби, жаштардын арасында миграцияга кеткендердин саны көбөйдү. Божомолдо 2027-жылга чейин калктын табигый өсүшү 1,7%ге өсөөрү күтүлүүдө. Эмгекке жарамдуу калктын саны өсөөрү күтүлөт. Себеби, жалпы калктын саны көбөйөт. Статистикада жаш адамдар көпчүлүктү түзгөндүктөн, келечекте эмгекке жарамдуу калктын саны өсөт. Бул албетте бардык тармак үчүн жакшы көрсөткүч болот. Айыл чарба тармагында 2116 адам иштейт. Келечекте бул көрсөткүч көбөйүшү күтүлөт. Себеби, кайракы айдоо жерлерди сугат айдоо жерге айландырууга аракеттер жүрөт. Ошондой эле Какыр күрүчүн эспортточу атайын борбор ачылып, 15 адам жумуш орун менен камсыз болот. Өнөр жай менен алектенген калктын саны өсөт. Себеби, кайра иштетүүчү өнөр жайлар, тигүүчү цехттер ачылып, 2027-жылга чейин жүздөгөн адам иш менен камсыз болуусу күтүлүүдө. Жумушсуздардын саны 2024-жылы 933 адамды, анын ичинен аялдар 387 адамды түздү. Бул көрсөткүч 2023-жылга салыштырмалуу 386 адамга азайып, жумушсуздардын саны 29,3%ды түздү. Себеби, 3 чакан бизнес, 2 бала бакча, 2 кара өрүктү кургатуучу цех, 1 навайкана ачылды. Жумушсуздардын саны-933. Калктын көбүнчө бөлүгү сезон убагында дыйканчылык менен алектенип 4-5 ай гана иштей алышат. Жумуш орундарын түзүү менен 2027-жылга карата божомол менен жумушсуздардын санын 409 адамга азайтуу пландалууда. - Чакан бизнести ар тараптан колдоо. - Ишкерлерге шарт түзүү. 2024-жылы 2023-жылга карата жакырлардын саны 6 үй-бүлөгө азайган. Айыл өкмөттөгү социалдык контракттын негизинде 75 үй-бүлөгө 100 000 сомдон берилип, 20 үй-бүлө жашоо шарты жакшыргандыгына байланыштуу кыскартылды. 2027-жылга карата жакырчылыктын эң төмөнкү чегинде турган калктын санын 37 адамга азайтуу пландалууда. Миграцияга кеткендердин саны 20 адамга көбөйгөн. Калктын эмгек миграциясы тууралуу маселе ачык бойдон калууда. Мигранттардын болжол менен 80% орто жалпы билимге ээ, бул алардын квалификациясы төмөн позицияларда иштөөсүн шарттайт. Мекендештерибиз барган негизги өлкөлөр болуп Россия Федерациясы жана Казакстан Республикасы эсептелет. Себеби, мектепти аяктаган жаштардын көпчүлүгү чоң шаарларга барууга умтулуусу жана алар үчүн келечекте татыктуу жумуш орундарынын жоктугу. СЭӨПтун жаштарды жумуш менен камсыз кылуу жана миграцияны азайтуу максатында: - Жаштарга заманбап кесипчилик окууларды уюштуруу (тил курстары, тигүүчүлүк, IT-тармагы, электрик-сварщик ж.б.) - Жаш келин-кыздарга тигүүчү жана кол өнөрчүлүк окууларды уюштуруу - Татыктуу айлыгы бар жумуш орундарын көбөйтүү - Жеке ишкерлерди окутуу - Айыл чарба техникаларын алууда лизингдерди уюштуруп, фермерлерге, жеке ишкерлерге жеткиликтүү кредит маселесин чечүүгө, ири компаниялар тарабынан келишим түзүп, кредит алууга көмөк көрсөтүү Жеке тургундарга мал чарба алууга арзандатылган кредиттерди алуусуна көмөк көрсөтүү | ||||||||||||||||||||||||
| ||||||||||||||||||||||||
3-БӨЛҮМ. КЫЗМАТТАР ЖАНА ЖЕРГИЛИКТҮҮ ИНФРАСТРУКТУРА |
| |||||||||||||||||||||||
| ||||||||||||||||||||||||
3.1. (таблица) Кызматтар жана жергиликтүү инфраструктура |
| |||||||||||||||||||||||
Категория | факт | күтүлгөн. | прогноз | |||||||||||||||||||||
2021 ж. | 2022 ж. | 2023ж. | 2024 ж. | 2025 ж. | 2026 ж. | 2027 ж. | ||||||||||||||||||
Ичүүчү сууга жеткиликтүүлүк (%) | 10 | 20 | 25 | 30 | 40 | 45 | 50 | |||||||||||||||||
Кожолуктардын катуу тиричилик калдыктары (КТК) ташып чыгаруу менен камтуу (%) | - | - | - | - | 10 | 15 | 20 | |||||||||||||||||
Ички жолдордун жалпы узундугунан канааттандырарлык абалдагы асфальтталган ички жолдордун үлүшү (%) | 0 | 2% | 2% | 3% | 5% | 10% | 15% | |||||||||||||||||
Көчөлөрдүн жалпы санынан жарыктандырылган көчөлөрдүн үлүшү (%) | 5 | 7 | 10 | 15 | 20 | 40 | 70 | |||||||||||||||||
Спорттук секцияларга тартылган жарандардын саны (адам) | 150 | 180 | 188 | 205 | 240 | 300 | 500 | |||||||||||||||||
Маданият чөйрөсүндөгү ийримге катышкан жарандардын саны (адам) | 36 | 48 | 48 | 52 | 70 | 100 | 130 | |||||||||||||||||
Балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтуу (%) | 20 | 20 | 30 | 60 | 65 | 75 | 90 | |||||||||||||||||
Балдарды мектептик билим менен камтуу (%) | 100 | 100 | 100 | 100 | 100 | 100 | 100 | |||||||||||||||||
10 000 калкка эсептегенде врачтардын жана орто медициналык персоналдын саны (район боюнча) | 236 | 238 | 240 | 242 | 245 | 247 | 249 | |||||||||||||||||
Калкты турак-жай менен камсыз кылуу (%) | 60% | 65% | 70% | 75% | 78% | 83% | 85% | |||||||||||||||||
3.2. Учурдагы кырдаалды анализдөө |
| |||||||||||||||||||||||
Ичүүчү сууга жеткиликтүүлүк. - Чалк-Өйдө айылында 2020-жылы райондук өнүктүрүү фонду тарабынан 50 куптан 2 даана суу кампа курулуп, арап демөөрчүлөр тарабынан айылдан 5 чакырым алыстыкта жайгашкан булак суусунан желим түтүктөр тартылып, жол бойлоруна суу колонкалар жайгаштырылган. Элдер таза сууга эч кандай төлөм төлөшпөйт. Бекер болгондуктан короо жайларын сугарууга, кенири ачып коюшуп айрым коолонкаларда суу тартыштыгы жаралат. Сууга болгон сарамжал мамилени жаратуу үчүн ар бир үйгө суу тартып, атайын эсептегичтерди орнотуу зарылдыгы бар. Жалпысынан айылда таза суу жеткиликтүү. - Шамал-Терек айылында жалпыланган таза суу системасы жок. Айыл дарыя бойлоп жайгашкандыктан дээрлик көбү ичүүчү суу катары ошол дарыянын суусун пайдаланышат. Дарыя жаз мезгилинде (апрель, май айларында) ылайланып ичүүгө мүмкүн болбой калат. Андай учурда сууну тундуруп же болбосо жер алдынан (скважина) суу чыгарып алгандардан алып турушат. Жалгыз-Жангак, Ой-Жангак көчөлөрү дарыядан ыраакта жайгашкандыктан сууну ат-эшектер менен ташууга туура келет. Алай-Булак көчөсүндө ПРООН тарабынан 1500 метр алыстыктан булак суусун тартып келип, 45 кожолук таза суу менен камсыз болгон. Долбоор боюнча 6 эле колонкага ылайыкташкан булак болчу. Бирок элдер өздөрүнө ынгайлуу жерлерден колонка коюшуп, колонкаларды көбөйтүп жиберишкен. Натыйжада суу жетишсиздиги пайда болгон. Суу кампадан 2 труба чыгып, эки айылга кетет. Экинчи айылдан суу чыкпай калганда, биринчи айылга кеткен трубанын ичине чүпүрөк, жыгачтарды салып салышкан учурлар кездешкен. Учурда Алай-Булак көчөсүнө эч кандай суу чыкпай калган. Маселени чечүү үчүн суу кампанын көлөмүн чонойтуп, суу эсептегичтерди орнотуу керек болот. Дүйнөлүк банктын каржылоосу менен Шамал-Терек, Чалк-Өйдө айылдарын таза суу менен камсыздоо программасына киргизүү. - Какыр, Ак-Жар, Большевик айылдарында таза суу линиялары тартылган. Айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн “Тилекматов Токтосун Ата” муниципалдык ишканасы тейлейт. Таза сууга болгон төлөмү ар бир кожолук үчүн бир айына 150 сомдон бекитилген. Жай мезгилдеринде суу тартыштыгы болот. Себеби короо жайларын сугарып, кранттарды ачык таштап коюшуп, суу чыгымга учурайт. Сууну сарамжалдуу пайдаланууга суу эсептегичтерди коюш керек болот. - Семиз-Көл айылында таза суу системасы тартылган эмес. Элдер ичүүчү суу катары колот аралап аккан булак суусун пайдаланышат. Колот турак үйлөрдөн төмөн жайгашкандыктан элдер суу моторлор менен үйлөрүнө тарттырып алышкан. Учурда Семиз – Көл айылына таза суу системасын куруу боюнча долбоору даярдалып жатат. 2025-жылга таза суу менен 85% камсыз кылуу пландалууда. | ||||||||||||||||||||||||
Катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу... - Айыл аймакта катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу уюштурулган эмес. Элдер тиричилик калдыктарын өз короолорунда жок кылышат. Таштанды таштоочу жай курууга Ак-Жар айылынын “Катыранкы” жайыт жеринен 2 га жер аянтына чечим чыгып, 2025-жылы куруу иштери пландалууда. Таштанды чыгаруу айыл аймактагы эң курч маселе боюнча калууда. Себеби свалка курууга ылайыктуу жер жок. Катыранкы участкасы калктуу конуштан бийик жерде, 2 чакырым алыстыкта жайгашкан. Кыш мезгилинде, жаан – чачын учурларда техниканын баруусу кыйынчылык жаратат. | ||||||||||||||||||||||||
ИЧКИ ЖОЛДОР Айыл аймагындагы ички жолдордун жалпы узундугу 86 км түзөт. 61 км жол шагыл төшөлгөн. 25 км жол топурак жол. 2021-жылы Большевик айылында С.Эшматов орто мектебине чейинки 1 километр жол Республикалык бюджеттен каржыланып, асфальт төшөлгөн. 2022-жылы ошол эле айылдагы А.Алтынбеков көчөсүнө да Республикалык бюджеттен жана элдин салымы менен 2 километр жолго асфальт басылган. 2023-жылы Большевик айылындагы К.Токошев көчөсүнө Өзгөн райондук өнүктүрүү фондунан 1 чакырым жолго асфальт басылган. Ал эми 2024-жылы Р.Маматов көчөсүнө 1 км 130 метр аралыкка Ош облусттук өнүктүрүү фондунан, Чалк-Өйдө айылынын Чалк-Өйдө көчөсүнө Республикалык бюджеттен 1 чакырым ички жолдорго асфальт төшөлгөн. 2024-жылы АРИСтин CASA-1000 долбоору аркылуу Какыр, Большевик, Ак-Жар айылдарына 800 метрден жалпы 2400 метр тротуар курулуп, пайдаланууга берилди. 2025-жылга Чалк-Өйдө айылына 700 метр (7 066 538 сом), Какыр айылына 1000 метр (7 981 515 сом), Ак-Жар айылына 730 метр (5 289 477 сом) жолго смета долбоорлору даярдалып, Республикалык бюджеттин дем берүүчү грантка жана өнүктүрүү фонддоруна сунушталууда. | ||||||||||||||||||||||||
Көчөлөрдү жарыктандыруу... - Большевик, Ак-Жар, Какыр айылдарынын негизги жолу түнкү жарык менен толук камсыз болгон. Ички көчөлөрдүн айрым жерлеринде жарык коюлбаган. - Семиз-Көл айылынын негизги жолуна элдин жана айыл өкмөттүн салымы менен түнкү жарыктар толугу менен орнотулган. Таш булак участкасында уруксат кагаздары, жок болгондуктан уруксат алгыча өчүрүлгөн. Орто маала участкасында түнкү жарыктар күйүп калган. Алмаштыруу зарылдыгы бар. - Шамал-Терек айылынын Шамал-Терек, А.Курманкулов, Алай-Булак, Кара-Жыгач, Мөндөкө, Ындыбай участкаларында түнкү жарыктар орнотулган. - Чалк-Өйдө айылында да түнкү жарыктар орнотулган. Айрым прожекторлор күйүп жарактан чыккан. Жаныга алмаштыруу зарылдыктары бар. | ||||||||||||||||||||||||
Спорттук секцияларга тартылган жарандар... Спорт: ААдагы спортчулардын саны 2024-жылга карата 205 адам, мунун ичинен 60 кыздар деп болжолдонууда, бул чоң көрсөткүч эмес, бирок 2029-жылга карата спорттук машыгуу үчүн материалдык базаны өнүктүрүү жана спортту жайылтуу жолу менен аны 500 адамга жеткирүү пландаштырылууда. Айыл аймакта спорттун өнүгүшүнө төмөнкү маселелер таасир этет: - Заманбап талаптарга жооп берген заманбап спорт комплекстеринин жетишсиздиги (талапка ылайык жооп берген спорт комплекс, спорт залдарда машыгууга балдардын саны өсөт); - Спортчуларды даярдоо үчүн спорттук инвентарлар жетишсиз; - Айыл жергесинде спорттук оюндарды өткөрүү боюнча демилгелердин жоктугу; - Улуттук оюндарды өткөрүүгө колдоонун жоктугу; - Улуттук ат оюндарын өткөрүү үчүн ипподромдун жоктугу; - Аялдар үчүн атайын фитнес клубдун же атайын ден соолукту чыңдоо борборунун жоктугу; - Чуркоо жана велосипед тебүү үчүн атайын бөлүнгөн/жабдылган аймактардын жоктугу. | ||||||||||||||||||||||||
Маданий өнүгүү: Айыл аймакта 5 айылдык маданият үйү, 2 айылдык китепкана бар. 2024-жылга карата маданий иш-чараларга катышуучулардын саны 500гө жакын адамды түзөт, бул багытта дагы көйгөйлөр бар: - Атайын уюштурулган маданий иш-чараларга көпчүлүктүн кайдыгерлиги; - Маданият үйлөрүндө музыкалык аспаптардын (клавиатура, аккордеон, гитара ж.б.) жетишсиздиги; - Атайын форманын (көркөм кийимдердин) жетишсиздиги; - Бий залынын жана ага керектүү жабдуулардын жоктугу; - Шамал-Терек айылында клубдардын жоктугу . | ||||||||||||||||||||||||
Балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтуу Кара-Шоро айыл аймагына караштуу 7 орто мектеп 5 мамлекеттик бала-бакча бар. Билим берүүдөгү негизги көйгөйлөр мектепке чейинки билим берүү тармагына байланыштуу, бала бакчаларда орундар жетишсиз жана көп сандагы балдар кезекте турат. 2024-жылы мектепке чейинки билим берүү кызматтары менен балдардын 60% гана камтылган. СЭӨПтө каралган чаралардын аркасында 2028-жылы балдарды бул кызматтар менен камсыз кылуу 90% га көбөйүшү керек. - Квалификациялуу окутуучу адистерди тартуу (орус, кыргыз, англис, ж.б.); - Маалыматтык технологиялар боюнча адистерди даярдоо; - Көп тилдүү билим берүүнү киргизүү; - Окуу китептери менен толук кандуу камсыз кылуу (орус классы жана предметтери үчүн); - Лабораториялык жабдуулардын жетишсиздиги, көрсөтмө куралдардын жетишсиздиги; - Балдар менен ата-энелердин ортосундагы байланышты чыңдоо жана - педагогика жана психология маселелери боюнча консультацияларды өткөрүү (Эне мектеби); - Мектепти толук санариптештирүү, класстарга, ашканаларга, спорт залдарына видеокөзөмөл орнотуу; - Дистанттык окутууга жана модулдук системага класстан тышкаркы иштерди киргизүү; - Мектептердин материалдык-техникалык абалынын начардыгы; - Кесипкөй кадрлардын жетишсиздиги.
| ||||||||||||||||||||||||
Ден соолук маселелери: Кара-Шоро айыл аймагында жалпы 6 ФАП айыл аймактын элине медициналык жардам көрсөтүп келет. Учурда ФАП тарда кээ бир медициналык жабдуулар жок. Айылдын санитардык абалы канааттандырарлык. Жугуштуу оорулардын чыгышы, бала бакчаларды, мектептерди жабуу фактылары катталган жок. Саламаттыкты сактоо тармагында төмөнкүдөй көйгөйлөр байкалат: - Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна кадрлардын жетишсиздиги; - Таза суунун жоктугунан гигиенаны сактоого шарт жок; - Атайын медициналык жабдуулардын жоктугу; (тиш дарылоо ж.б шаймандар) - Калктын жугуштуу оорулар жөнүндө маалыматынын жоктугу; - Айыл ичинде чалуулар болгондо жөө басууга туура келет, эгер бейтап катуу ооруп калса, унаа керек; - ФАПтардын жылуулук системасынын жоктугу; - Көмүр сактоочу жайлардын жоктугу; | ||||||||||||||||||||||||
3.3. Жергиликтүү коомчулуктун артыкчылыктуу муктаждыктарына анализ жүргүзүү | ||||||||||||||||||||||||
Артыкчылык | Мүмкүн болгон чаралардын жалпы сүрөттөлүшү | Күтүлгөн натыйжа жана мөөнөттөр | ||||||||||||||||||||||
Большевик айылындагы күрүч тангактоочу ишкананын ишин жандандырып, Какыр күрүчүн экспортко чыгарууга шарт түзүү | Жеке ишкерлердин каражаты менен жаны күрүч тангактоочу станок сатып алуу | 2025-2026-жылдар ичинде Какыр күрүчүн экспорттоого жол ачылат. Жыл ичинде 300 тонна күрүч экспортко чыгат. | ||||||||||||||||||||||
Айылдардагы эскилиги жеткен жыгач электр мамычаларын жаңы бетон мамычаларга алмаштыруу | Жергиликтүү бюджет эсебинен 65 даана бетон мамычаларды сатып алуу | Электр энергиясы менен камсыз кылуу жакшырат | ||||||||||||||||||||||
Айыл өкмөтү тарабынан сатып алынган Ак-Жар жана Какыр айылдарындагы 2 трансформаторду РЭТ ишканасына өткөрүп берүү | Баланска өткөрүп берүү иштерин жүргүзүү | Тейлөө сапаты жакшырат | ||||||||||||||||||||||
Шамал-Терек айылынын Алай-Булак көчөсүнө 100дүк трансформатор сатып алуу | Долбоор жазып өнүктүрүү фонддоруна сунуштоо | Сапаттуу электр тогу менен камсыздалат | ||||||||||||||||||||||
Какыр этно чайканасынын базасын кенейтүү | Улуттук баалуулуктарды чагылдырган жасалгаларды пайдалануу менен адамдардын эс алуусуна шарт түзүү | Туризм тармагы өнүгөт, | ||||||||||||||||||||||
Ак-Жар айылындагы №22 М.Кулуев атындагы орто мектебинин кошумча имаратынын чатырын жана эшик, айнектерин алмаштыруу | Дем берүүчү грантка долбоорун сунуштоо | Билим берүүгө шарт түзүлөт | ||||||||||||||||||||||
Семиз-Көл айылындагы Н.Кайназаров мектебине кошумча окуу класс, актовый зал, китепкана, ашкана куруу | Долбоорун бүтүрүп, ыкчам иш алып баруу | Билим берүүгө жакшы шарт түзүлөт | ||||||||||||||||||||||
Какыр айылына типтүү жаны мектеп куруу | Мамлекет тарабынан курулат. Тиешелүү документ иштерин өз мөөнөтүндө даярдоо | Билим берүүгө шарт түзүлөт | ||||||||||||||||||||||
Шамал-Терек айылындагы эски айыл өкмөтүнүн имаратын капиталдык ремонттон өткөрүп, бала бакчага кошумча имарат ачуу | Долбоордук сметасын иштеп чыгуу | Бала бакчада кошумча 1 группа түптөлөт. Жумуш орун пайда болот. | ||||||||||||||||||||||
С.Эшматов атындагы орто мектепке кошумча имарат (кароолкана, актовый зал, эмгек кана) | Долбоордук сметасын иштеп чыгуу | Билим берүүгө шарт түзүлөт | ||||||||||||||||||||||
Жаныбек Казы орто мектебине ажаткана куруу | Долбоордук сметасын иштеп чыгуу | Санитардык абал жакшырат | ||||||||||||||||||||||
Ак-Жар айылынын А.Турдумамбетов көчөсүнө 730 метр аралыкка асфальт басуу | Дем берүүчү грантка сунуштоо | А.Турдумамбетов көчөсүнө 730 метр аралыкка асфальт басылат. Жолу чаныбай, жаан-чачын учурунда ылай болбойт | ||||||||||||||||||||||
Какыр айылындагы Э.Жуманалиев көчөсүнө 999 метр аралыкка асфальт басуу | Ош өнүктүрүү фондуна сунуштоо | Инфраструктура жакшырат | ||||||||||||||||||||||
Чалк-Өйдө айылынын Чалк-Өйдө көчөсүнө 700 метр аралыкка асфальт басуу | Дем берүүчү грантка сунуштоо | Инфраструктура жакшырат | ||||||||||||||||||||||
Ички чарбалык жолдорго шагыл төшөө | Бюджеттен акча каржатын кароо | Жол каттам жакшырып, элге шарт түзүлөт | ||||||||||||||||||||||
Семиз-Көл айылынын ички көчөлөрүнө түнкү жарыктандыруу орнотуу | Тендердин негизинде түнкү жарыктардын запастык бөлүктөрү алынат | Жол коопсуздугу жакшырат | ||||||||||||||||||||||
Шамал-Терек айылындагы ФАПтын чатырын кышка жылуулоого | Бюджеттен акча каражатын кароо | Саламаттыкты сактоо жакшырат, ФАПтын чатыры жылууланат | ||||||||||||||||||||||
Большевик айылына Биогумус жана Еврозабор чыгаруучу иш кана ачуу | 20 жумуш орун пайда болот | Жумуш орун пайда болот, бюджетке киреше болот | ||||||||||||||||||||||
Ак-Жар айылына кичи футбол аянтчасын куруу | Планга киргизүү | Жаштардын талим, тарбиясы өсөт | ||||||||||||||||||||||
Шамал-Терек айылынын Көлдүк дарыясына 100 метр дамба куруу | Планга киргизүү | 25 Турак үй суу ташкынынан корголот | ||||||||||||||||||||||
3.4. Социалдык жана жергиликтүү инфраструктураны өнүктүрүүгө тиешелүү бюджеттик инвестицияларга керектөөлөргө анализ жүргүзүү | ||||||||||||||||||||||||
Инвестициялык артыкчылыктар | Мүмкүн болгон долбоорлордун жалпы сүрөттөлүшү | Күтүлгөн натыйжа жана мөөнөттөр | Бааланган наркы (миң сом) | |||||||||||||||||||||
Ичүүчү сууга жеткиликтүүлүк | Дүйнөлүк банктын каржылоосу менен калкты таза суу менен камсыздоо программасына кирген Шамал-Терек, Чалк-Өйдө айылынын жашоочуларын 100 % таза суу менен камсыз кылуу | 2025-2026-жылдар аралыгында ишке ашырылат. Шамал-Терек жана Чалк-Өйдө айылдарынын тургундары таза суу менен толук камсыз болот. | Пилоттук болуп кирген. Бирок сметасы даярдала элек. | |||||||||||||||||||||
Семиз-Көл айылынын элин таза суу менен камсыздоо | Учурда долбоору даярдалып жатат. 2025-2026-жылдар аралыгында таза суу көйгөйү чечилет | Сметалык баасы белгилүү боло элек | ||||||||||||||||||||||
Таштанды таштоочу жай куруу | Ак-Жар айылынын Катыранкы участкасына 2 га жер аянтка таштанды таштоочу жай куруу | 2025-2027-жылдар аралыгында таштанды таштоочу жай курулат | 2000,0 | |||||||||||||||||||||
Ички жолдордун абалын жакшыртуу, асфальттоо | Ак-Жар айылынын А.Турдумамбетов көчөсүнө 730 метр аралыкка асфальт басуу | А.Турдумамбетов көчөсүнө 730 метр аралыкка асфальт басылат. Жолу чаныбай, жаан-чачын учурунда ылай болбойт | 5289,5 | |||||||||||||||||||||
Какыр айылындагы Э.Жуманалиев көчөсүнө 999 метр аралыкка асфальт басуу | Асфальт басылат. Жолу чаныбай, жаан-чачын учурунда ылай болбойт | 7981,5 | ||||||||||||||||||||||
Чалк-Өйдө айылынын Чалк-Өйдө көчөсүнө 700 метр аралыкка асфальт басуу | сфальт басылат. Жолу чаныбай, жаан-чачын учурунда ылай болбойт | 7066,6 | ||||||||||||||||||||||
Көчөлөрдү жарыктандыруу | Семиз-Көл айылынын Таш-Булак участкасындагы түнкү жарыктарды электр тармактар ишканасынан уруксат кагаздарын алып, ишке берүү | Жол коопсуздугу жакшырат | 30,0 | |||||||||||||||||||||
Семиз-Көл айылынын Орто маала участкасындагы жарактан чыккан түнкү жарыктарды алмаштыруу | Жол коопсуздугу жакшырат | 60,0 | ||||||||||||||||||||||
Шамал-Терек айылынын Алай-Булак, Жалгыз-Жангак көчөлөрүнө түнкү жарыктарды орнотуу | Жол коопсуздугу жакшырат. 2 км ички көчө жарыктандырылат | 80,0 | ||||||||||||||||||||||
Спорттук секцияларга жарандарды тартуу | С.Эшматов мектебинин эски корпусун ремонттоп Большевик айылындагы бокс боюнча клубдун базасын чонойтуу | Спортко тартылган балдардын саны көбөйөт | 1500,0 | |||||||||||||||||||||
Э.Атакулов атындагы орто мектебине спорт комплекс куруу | 2025-2027-жылдар аралыгында ишке ашып, 200 бала спортко тартылат. | 12000,0 | ||||||||||||||||||||||
Маданият чөйрөсүндөгү ийримге катышкан жарандардын санын көбөйтүү | Чалк-Өйдө айылындагы Т.Сабиракунов атындагы маданият үйүнүн материалдык базасын кенейтүү | 2025-жылы атайын трансферттик каражаттардын эсебинен маданият үйүнүн ички жасалгаларын жакшыртуу, музыкалык аппаратурасын жаны сатып алуу | 2500,0 | |||||||||||||||||||||
Орто билим берүүчү мектептерде комуз, аккордеон кружокторун уюштуруу | Өнөрлүү жаш таланттар өсөт | Уюштуруу иштери | ||||||||||||||||||||||
Балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтуу | Шамал-Терек айылындагы эски айыл өкмөтүнүн имаратын капиталдык ремонттон өткөрүп, бала бакчага кошумча имарат ачуу | Бала бакчада кошумча 1 группа түптөлөт. 4 жумуш орун пайда болот. | 500,0 | |||||||||||||||||||||
Семиз-Көл айылына үй шартында бала бакча ачууну уюштуруу | 2025-2026-жылдар аралыгында бала бакча ачылып, 50 бала бакчага тартылып, 15 адам жумуш менен камсыз болот | 5000,0 | ||||||||||||||||||||||
Калкты турак-жай менен камсыз кылуу | Какыр айылындагы көчкү коркунучу бар тоону ташып чыгаруу менен коопсуз абалга келтирүү | Долбоор 2025-жылы ӨКМ тарабынан аткарылат. Топуракты ташып чыгаруу менен 28 турак үй коопсуз абалга келет. |
| |||||||||||||||||||||
4.1. (таблица) Экономикалык өнүгүү (миң сом) |
| |||||||||||||||||||||||
Категория | факт | күтүлгөн. | прогноз | |||||||||||||||||||||
2021 ж. | 2022 ж. | 2023 ж. | 2024 ж. | 2025 ж. | 2026 ж. | 2027 ж. | ||||||||||||||||||
Негизги фонддор (юридикалык жактар боюнча, үй чарба секторун эсепке албаганда)- (жылдын аягына карата толук наркы боюнча) | 10100,0 | 11200,0 | 11256,0 | 13923,0 | 15000,0 | 15600,0 | 17000,0 | |||||||||||||||||
Экономиканын негизги секторлору боюнча товарларды өндүрүү жана кызмат көрсөтүү көлөмү: | 8868500,980 | 9426740,960 | 445341329,111 | 525314348,147 | 531902219,232 | 682442799,993 | 763022025,527 | |||||||||||||||||
Айыл чарба: | 2593517,450 | 2634464,950 | 267398,450 | 2705984,950 | 2742506,436 | 2777721,058 | 2818977,450 | |||||||||||||||||
Өсүмдүк өстүрүү | 2353,15 | 31272,7 | 31272,7 | 31272,7 | 31272,7 | 31272,7 | 31272,7 | |||||||||||||||||
Мал чарбачылыгы | 1590383,5 | 1684482,0 | 1759605,0 | 1824819,563 | 1899034,925 | 1964249,557 | 2045275,189 | |||||||||||||||||
Юридикалык жактардын өнөр жай продукциясынын көлөмү | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | |||||||||||||||||
Өнөр жай кызматтары | 80292,08 | 112457,36 | 140602,36 | 171627,36 | 201079,36 | 236859,62 | 271385,88 | |||||||||||||||||
Жөнөтүлгөн продукциянын көлөмү | 3580094,7 | 4009657,9 | 47389657,9 | 4815025,9 | 5250151,9 | 5645277,9 | 6057840,9 | |||||||||||||||||
Курулуш - негизги капиталга колдонулган инвестициялар - ар кандай объектилер боюнча жалпы суммада
| 38,5 | 95226,9 | 359977,4 | 479977,4 | 599977,4 | 689977,4 | 839977,4 | |||||||||||||||||
Экономикалык иштин түрлөрү боюнча көрсөтүлгөн рыноктук кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмү: | 1000,0 | 1213,0 | 1313,0 | 1452,0 | 1600,0 | 1688,0 | 1882,0 | |||||||||||||||||
Дүң жана чекене соода, автомобилдерди жана мотоциклдерди оңдоо | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | |||||||||||||||||
Мейманканалардын жана ресторандардын иши | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | |||||||||||||||||
Транспорттук иш-чаралар жана жүктөрдү сактоо | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | |||||||||||||||||
Маалымат жана байланыш | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | |||||||||||||||||
Финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу | 140,0 | 124,0 | 180,0 | 247,0 | 260,0 | 288,0 | 312,0 | |||||||||||||||||
Кыймылсыз мүлк операциялары | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | |||||||||||||||||
Кесиптик, илимий жана техникалык ишмердүүлүк | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | |||||||||||||||||
Административдик жана көмөкчү иш-чаралар | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | |||||||||||||||||
Түз инвестициялар: |
|
|
|
|
|
|
| |||||||||||||||||
Айыл чарба | 2593517,450 | 2634464,950 | 267398,450 | 2705984,950 | 2742506,436 | 2777721,058 | 2818977,450 | |||||||||||||||||
Өнөр жай | 80292,08 | 112457,36 | 140602,36 | 171627,36 | 201079,36 | 236859,62 | 271385,88 | |||||||||||||||||
Курулуш | 3500,0 | 13526,0 | 394752250,0 | 514752250,0 | 520752250 | 670752250 | 750752250 | |||||||||||||||||
Соода | 3580094,7 | 4009657,9 | 47389657,9 | 4815025,9 | 5250151,9 | 5645277,9 | 6057840,9 | |||||||||||||||||
Транспорт жана байланыш | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | |||||||||||||||||
Башка кызматтар |
|
|
|
|
|
|
| |||||||||||||||||
Калдыктарды кайра иштетүү | 0 | 0 | 0 | 0 | 2000,0 | 2500,0 | 3000,0 | |||||||||||||||||
Калктын кирешеси: |
|
|
|
|
|
|
| |||||||||||||||||
Орточо номиналдык эмгек акы | 14500,0 | 14500,0 | 14500,0 |
|
|
|
| |||||||||||||||||
Эмгек мигранттарынын которуулары | 10800,000 | 9360,000 | 11700,000 | 7560,000 | 8100,000 | 10080,000 | 7560,000 | |||||||||||||||||
Пенсиялардын орточо өлчөмү | 9223 | 9223 | 9723 | 10223 | 10723 | 11723 | 11923 | |||||||||||||||||
Чакан жана орто бизнестен түшкөн кирешенин орточо өлчөмү | 20 000 | 25 000 | 30 000 | 35 000 | 38000 | 40 000 | 42 000 | |||||||||||||||||
|
|
|
|
|
|
|
| |||||||||||||||||
АЙЫЛ ЧАРБА Кара-Шоро айыл аймагында калктын негизги киреше булактары айыл чарбасына багытталган. Жергиликтүү калк айыл чарбасында негизинен күрүч, кара өрүк, жаңгак, бал өндүрүү, айдоо жерлерде жүгөрү, көп жылдык чөп өстүрүү менен алектенет.Айдоо аянты 1796 га түзүп, мунун 470 га сугат айдоо. Калган 1326 га жер кайракы. Кайракы айдоо жерди иштетүүдө өзүн өзү актабайт. Дыйкандарга жерди иштетүү боюнча тажрыйбанын жоктугу түшүмдүүлүктү жана аракетти азайтат. Сугат жер аянттардын тартыштыгы, айыл чарба техникасынын тартыштыгы, техника кызматтарынын кымбаттыгы, айдоо жерлердин күчүн жоготуусу, климаттын туруксуздугу, сапаттуу уруктардын жетишсиздиги күйүүчү майга баанын кымбаттыгы, айыл чарба продукцияларын сатуу боюнча туруктуу соода тармактардын жоктугу, дыйкандар үчүн жеңилдетилген кредиттердин жетишсиздиги, айыл чарба продукциясынын экспорттоо үчүн шарттардын жоктугу көйгөй жаратат. Айыл аймактагы кайрак айдоолор жайгашкан жерлердин географиялык абалы татаал болгондуктан ал жерлерге сугат суу алып баруу кооптуулук жаратат. Себеби, агызып сугаруу учурунда көчкү жүрүп кетүү коркунучу жаралышы мүмкүн. Тамчылатып же жамгырлатып сугаруу ыкмасы аркылуу ишке ашыруу чон чыгымдарды талап кылат. Айыл аймакта көчкү коркунучу жаралган пайдаланылбай турган жер аянттары көп. Ал жерлерге эрте түшүмгө кирүүчү, сууну көп талап кылбаган (ит мурун, жангак, ж.б) бак дарактарды тигүүнү колго алуу зарыл. - Рынокто өтүмдүү, баалуу өсүмдүктөрдү өстүрүү - Асылдуулугу төмөн жайыттарды трансформациялап, бак тигүүгө ижарага берүү - Тамчылатып сугаруу ыкмасын жайылтуу - Дыйкандарды айыл чарбаны иштетүү боюнча тажрыйба алмаштырууну уюштуруу, алдыңкы инновациялык техникаларды колдонуу боюнча окутууларды уюштуруу - Айыл чарба техникасын Лизинг аркылуу алууну уюштуруу - Айыл чарба продукциялар боюнча жарнамаларды жана жарманкелерди уюштуруу - Дыйкандарды сапаттуу уруктар менен камсыз кылуу - Айыл аймагында инвестициялык климатты жакшыртуу максатында, ишкерлер жана жергиликтүү бийлик, инвесторлор арасында туруктуу диалогдук аянтчаларды калыптандыруу; - Аймактын жер аянттарын инвентаризациялап жаңы картографиялык материалдарды түзүү; - Айыл чарба багытындагы кичи жана орто бизнеске муниципалдык менчикти жана жерди ижарага алууга ачык айкын жана тең мүмкүнчүлүк түзүүчү жобону түзүү жана ишке киргизүү. МАЛ ЧАРБА Аймакта мал чарбасында жергиликтүү калк негизинен төрт түлүк (кой, эчки, уй, жылкы) багуу менен алектенип келет. Акыркы жылдары малдын саны кескин көбөйүп, бирок сапаты жакшыртылбаганын белгилөөгө болот. Мал багуу акылары жана тоют кымбат. Бул нерселер мал кармоодо чыгымды көбөйтүп, кирешени азайтат. Мал багууда көп көйгөйлөр бар. Жайыт жетишпейт, жайыттар деградацияга учураган. Жакынкы жана алыскы жайыттар өз убактысы менен колдонулбагандыктан, жайыттар топурагы чыгып калган. Аймакта 1 ветеринардык кызматчы иштейт. Бул өтө эле жетишсиз. Азыркы учурда малды жасалма уруктандыруу пункттары уюштурула элек. Кара-Шоро айылында 1 морчо пункту бар. Айылдар чачкын болгондуктан, 1 морчо (купка) жетишсиз. Жандык малдар жуутка түшпөгөндөн улам, мал арасында оору кездешет. Тоют даярдоодо жер аянттары кайракы жана жетишсиз. Эт жана сүт багытындагы асыл тукум малдарды багууга көңүл бөлүнбөйт. - Мал чарба продукциясынын натыйжалуулугуна жетишүү. - Эл арасында малды асылдандыруу боюнча маалымат компаниясын өткөрүү - Малды асылдандыруу боюнча адистерди кайра даярдоо. - Жасалма уруктандыруу пункттарын уюштуруу. - Ветеринардык кызматтардын сапатын жакшыртуу. - Паразитологиялык оорулардын алдын алуу үчүн “купка” уюштуруу долбоорун иштеп чыгуу жана ишке киргизүү. - Вет.аптекаларды уюштуруу. - Ветеринардык адистерди даярдоо үчүн жылына 1 адис окутуу.
Чакан соода сатык. Айыл жеринде чакан соода сатык өнүгүүдө. Айыл аймак боюнча базар жок. Анткен менен айылдарда дүкөндөр жана кичи дүкөндөр көбөйүүдө. Бирок, жарандардын соода сатык жасоодо жайгашкан жеринин мыйзамсыздыгы жана салык кызматында катталбай ишмердүүлүк жүргүзүүсү көйгөй жаратат. - Жеке менчик экенине карабастан дүкөн курулган аянттын пайдалануу багытын коммерциялык багытка өзгөртүү боюнча калк арасында түшүндүрүү - Ишкердик кылган адамдарды салык кызматына каттоо Кызмат көрсөтүү. Айыл аймакта кызмат көрсөтүү жанданууда. Кызмат көрсөтүүнүн көлөмү жыл сайын өсүүдө. Кызмат көрсөтүү дээрлик бардык тармакта өнүгүүдө. Акыркы жылдардагы техникалардын түрү жана саны көбөйгөнү, кызматты жарнама кылуунун жеңилдегени жана жарандардын өзөштүрүүсү – бул тармактын өнүгүүсүнө өбөлгө түзүүдө. Бирок, бардык эле кызматтар мыйзамдуу жүрүп жатат дегенге болбойт. Калк арасында ишмердүүлүктү каттабастан, өз алдынча жүргүзгөндөрдүн саны басымдуу. - Кызмат көрсөтүүлөрдү мыйзамдуу каттоого алуу. - Кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтерине мыйзамдуу таасир этүү жана жергиликтүү бюджетке киреше булагын көбөйтүүгө жетишүү | ||||||||||||||||||||||||
4.2. Учурдагы кырдаалды жана экономикалык адистешүүнү талдоо | ||||||||||||||||||||||||
Айыл аймактын экономикасында айыл чарбасынын чоң үлүшү (60%) аймактын экономикалык адистештирилгендиги менен түшүндүрүлөт. Мында мал чарбасы алда канча алдыда турат – жалпы айыл чарба продукциясынын 83% . Айыл чарба продукциясынын өсүү темпи да бир топ жогору, ал 2023-жылдагы 6% дан 2029-жылы 8%ке чейин өсөт. Ошол эле учурда ААнын агрардык сектору дагы бир катар көйгөйлөр менен мүнөздөлөт: Аймактын оор географиялык жайгашуусу - катаал климат, жаздын кеч келиши жана узак кыш, кургакчылык; Дыйкандардын жер иштетүү боюнча тажрыйбасы жетишсиз; Айыл чарба техникасынын жетишсиздиги; Сугат суунун тартыштыгы; Өндүрүүчүлөр үчүн жеңилдетилген кредиттердин аз болушу; Күйүүчү майдын баасынын туруксуздугу; Асыл тукум малды көбөйтүү иштери колдоого алынбай келүүсү; Айыл чарба продукциясын сатуу боюнча туруктуу соода түйүндөрүнүн жоктугу; Айыл чарба продукциясын экспорттоого шарттын жоктугу; Кайра иштетүүчү ишканалардын жетишсиздиги. Мал чарба тармагында адистештирилген чарбалардан тышкары, сүт жана сүт азыктары үчүн үй малын пайдалануу кеңири колдонулат, бул үй чарбаларына кошумча пайда алып келет. Мындан тышкары, көрүнүктүү айыл чарба продукциясын өндүрүүдө анча активдүү эмес. Сүттү кайра иштетүүчү ишкана иштеп, сырдын бир нече түрүн чыгарып, ички рынокко сатыкка чыгарууда. Мамлекеттин жана бейөкмөт уюмдардын жардамы менен фермерлерди, аялдарды, жаштарды жана калктын аялуу катмарынын өкүлдөрүн окутуу боюнча иш-чаралар үзгүлтүксүз өткөрүлүп турат. Мал чарбачылыгын колдоо үчүн мындан ары фермерлерди окутуу программаларын колдоо, айыл чарбасында айыл чарба кооперативдерин түзүүгө дем берүү, жаш фермерлерге жардам көрсөтүү, калктын аялуу катмарынын өкүлдөрүн мал чарбачылык көндүмдөрүн үйрөтүү пландаштырылууда. Малды ветеринардык көзөмөлгө алуу жана эмдөө иштерин жакшыртуу боюнча чаралар каралат, ошондой эле саан уйларды багуу жана багуу технологиясы боюнча окуу-тарбия иштери жүргүзүлүп, долбоорлор аркылуу сүт багыьындагы уйларды сатып алуу иштери жүргүзүлөт. Мындай иш-чараларга жаштардын, аялдардын жана калктын аялуу катмарынын өкүлдөрүнүн катышуусуна өзгөчө көңүл бурулат . ААнын аймагында климаттык оор шарттарга карабастан, айыл чарба өсүмдүктөрүн мындан ары өнүктүрүү үчүн жакшы өбөлгөлөр бар. Аймактын мал чарбасы адистештирилгендигин эске алып, бул жерде негизги басым тоют даярдоого бурулат. Буга көп жылдык чөптөрдүн жетиштүү жыштыгы бар аймактагы талаалар көмөктөшөт. Маданий чөптөрдүн ичинен эспарцет, беде жана бир жылдык чөптөр басымдуулук кылат, ошондой эле жүгөрү айдоону жайылтуу менен чыктуу тоют (силос) дагы пайдаланылат. ААнын климаттык шарттарында картошка, сабиз, кызылча, сарымсак ж.б. өстүрүү келечектүү болуп саналат. Мындан сырткары карагат, ежемалина, малина, чычырканак өстүрүү иштери улантылат. Ошондой эле бул жерде тоют даярдоо боюнча үзгүлтүксүз окуу иш-чаралары өткөрүлүп, фермер аялдарга жана калктын аялуу катмарына үрөн менен камсыздоодо колдоо көрсөтүлөт. Өсүмдүк чарбачылыгын өнүктүрүү боюнча чаралардын жана иш-чаралардын кеңири спектри каралат: жакынкы жайыттарды эс алдырып, алыскы жайыттарды пайдаланып түшүмдүүлүгүн жогорулатуу, чөптүн үрөнүн себүү; Калктын бардык катмарына, анын ичинде аялдарга, жаштарга жана калктын аялуу катмарына айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүнүн натыйжалуу ыкмалары боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, органикалык жер семирткичтерди колдонууга, которуштуруп айдоого, сапаттуу үрөндөрдү пайдаланууга басым жасалат; бош же суу баскан жерлерде тоют өсүмдүктөрүн өстүрүү; деградациясын болтурбоо боюнча алдын алуу чаралары; жарандарды сапаттуу үрөн менен камсыз кылуу үчүн үрөн чарбасын түзүү; айыл чарба жарманкелерин өткөрүүгө көмөктөшүү; Суу пайдалануучулар ассоциациясынын жардамы менен сугат сууларынын пайдаланылышына жана адилет бөлүштүрүлүшүнө көзөмөл жакшырат, оңдоо иштери өз убагында жүргүзүлөт; бардык жашоочулар муктаждыктарына жараша сугат суусуна ээ болушу үчүн схема түзүлөт; суу алуу системасы бирден жөнгө салынат; айылдын ички ирригациялык тутумунун картасы түзүлүп, көйгөйлүү аймактар аныкталат; Айылдын ички арыктары тазаланат; суу акысын чогултуу боюнча маалымат системалаштырылат.
Экономиканын башка тармактары активдердин кыйла чектелген комплекси менен берилген. Бүгүнкү күндө ААда 23 дүкөн, 1 наабайкана, кымыз жана сүт сатуучу соодагерлер (2,5-3 ай гана иштейт), 1 май куюучу жай, 1-кафе-ашкана бар. Учурда жеңил өнөр жай бир кыйла тез өнүгүп жатат: үй шартында тигүү цехтери ачылып, аялдар жумуш менен камсыз болуп жатат. Экономиканын башка тармактарын өнүктүрүү үчүн төмөнкү чаралардын комплекси каралган: калктын кеңири катмарына, анын ичинде аялдарга, жаштарга жана аялуу топтордун өкүлдөрүнө ишкердиктин негиздерин үйрөнүүгө көмөктөшүү, анын ичинде туризм тармагында; ишкер аялдарды окутуу жана финансылык сабаттуулук боюнча айыл тургундарынын маалымдуулугун жогорулатуу боюнча жеке иш-чаралар; айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнү өнүктүрүүгө жана кол өнөрчүлүктү өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү; кол өнөрчүлүк борборун уюштурууга жана кол өнөрчүлүк көргөзмөлөрүнө катышууга колдоо көрсөтүү; | ||||||||||||||||||||||||
| ||||||||||||||||||||||||
4.3. Экономикалык өнүгүү муктаждыктарын талдоо (анын ичинде тике (жеке) инвестициялар). |
| |||||||||||||||||||||||
Артыкчылык | Мүмкүн болуучу чаралардын жана долбоорлордун жалпы сүрөттөлүшү | Күтүлгөн натыйжа жана мөөнөттөр | Бааланган наркы (миң сом) | |||||||||||||||||||||
Яма “Беккари” чуңкуру | Узуну 4 туурасы 4 Чуңкуру 12 метрлик тереңдик | Калкка кызмат көрсөтүү | Жергиликтүү бюджеттен (250,0 миң) сом | |||||||||||||||||||||
Вет клиника салуу | Мал даарылатуу,кой кыркуу, ветеринардык жардамдарды көрсөтүү. | Калкка кызмат көрсөтүү | Жергиликтүү бюджеттен же уюмдардан (2254,0 мин сом | |||||||||||||||||||||
Малды купкага салуу | Малдарды даарылоо | Калкка кызмат көрсөтүү | Жергиликтүү бюджеттен же уюмдардан (70,0 миң) сом | |||||||||||||||||||||
Жасалма уруктандыруу | Уйларды жасалма уруктандыруу | Калкка кызмат көрсөтүү | Жергиликтүү бюджеттен же уюмдардан (120,0 миң ) сом | |||||||||||||||||||||
Раскол малдарга вакцинациялоо | Малдарга вакцина сайуу, бирка чип басуу, эмдөө жүргүзүү | Калкка кызмат көрсөтүү | Жергиликтүү бюджеттен же уюмдардан ( 40,0 миң) сом | |||||||||||||||||||||
Крематорий (малдардын өлүктөрүн өртөө) сатып алуу | Айылдан алыс жерге өрттөө | Калкка кызмат көрсөтүү | Жергиликтүү бюджеттен же уюмдардан ( 250,0 мин) сом | |||||||||||||||||||||
БАРДЫГЫ жергиликтүү бюджеттин каражаттары | 250,0 | |||||||||||||||||||||||
БАРДЫГЫ биргелешкен катышуу каражаттары | 2734,0 | |||||||||||||||||||||||
БАРДЫГЫ тике инвестициялар | 0 | |||||||||||||||||||||||
| ||||||||||||||||||||||||
4.4. Экономикалык өнүгүүгө тиешелүү бюджеттик инвестицияларга болгон муктаждыктарга анализ жүргүзүү |
| |||||||||||||||||||||||
Инвестициялык артыкчылыктар | Мүмкүн болгон долбоорлордун жалпы сүрөттөлүшү | Күтүлгөн натыйжа жана мөөнөттөр | Бааланган наркы (миң сом) | |||||||||||||||||||||
Чакан кайра иштетүү ишканаларын түзүү | Жеке ишкерлерге жер маселеси боюнча жардам берүү | Жаңы жумушчу орун түзүлөт | жеке ишкерлер | |||||||||||||||||||||
|
| |||||||||||||||||||||||
| ||||||||||||||||||||||||
| ||||||||||||||||||||||||
5-БӨЛҮМ. ИНКЛЮЗИВДҮҮ ӨНҮГҮҮ |
| |||||||||||||||||||||||
| ||||||||||||||||||||||||
5.1. (таблица) Инклюзивдүү өнүгүү (адам) |
| |||||||||||||||||||||||
Категория | факт | күтүлгөн. | прогноз | |||||||||||||||||||||
2021 г. | 2022 г. | 2023 г. | 2024 г. | 2025 г. | 2026 г. | 2027 г. | ||||||||||||||||||
Иштей ала турган ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар (адам) | 120 | 124 | 123 | 131 | 135 | 138 | 140 | |||||||||||||||||
Иштей албаган оор майыптыгы бар адамдар (адам) | 5 | 5 | 5 | 4 | 4 | 4 | 4 | |||||||||||||||||
Өтө жакыр адамдар (адам) | 30 | 30 | 29 | 26 | 20 | 18 | 16 | |||||||||||||||||
Турмуштук оор кырдаалдагы балдар (адам) | - | - | - | - | - | - | - | |||||||||||||||||
Турмуштук оор кырдаалдагы үй-бүлөлөр (бир.) | 4 | 1 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | |||||||||||||||||
Алыскы калктуу конуштардын калкы (адам) | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | |||||||||||||||||
Эмгек мигранттарынын жашы 18ге жете элек балдары (адам) | 288 | 331 | 272 | 263 | 260 | 255 | 210 | |||||||||||||||||
Этникалык азчылыктар (адам) |
|
|
|
|
|
|
| |||||||||||||||||
Аялдар (адам) | 6926 | 7428 | 6972 | 6927 | 6930 | 6933 | 6940 | |||||||||||||||||
Аялдар (калктын жалпы санынан% ) | 49,8 | 52,2 | 49,8 | 50,0 | 50,0 | 50,0 | 50,0 | |||||||||||||||||
Улгайган (жалгыз) (адам) | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | |||||||||||||||||
Калктын жалпы санындагы калктын аялуу топторунун бардык категорияларынын (аялдардан тышкары) жалпы үлүшү (%) | 3,2 | 3,4 | 3,1 | 3,1 | 3,0 | 2,9 | 2,5 | |||||||||||||||||
Гендердик зомбулук учурлары (бир.) | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | |||||||||||||||||
Кризистик борборлордун болушу (бир.) | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | |||||||||||||||||
| ||||||||||||||||||||||||
5.2. Учурдагы кырдаалга анализ жүргүзүү |
| |||||||||||||||||||||||
Кара-Шоро айыл аймагында 2023-жылы калктын саны 14010 адамды түзсө, анын ичинен калктын аялуу катмары 429 адамды түзүп, жалпы калктын 3,1 % түзгөн. Ал эми 2022-жылы калктын аялуу катмарынын пайыздык көрсөткүчү 3,4% ды түзгөн. 2021-жылга караганда 2022-жылы 44 адамга калктын аярлуу катмарынын саны көбөйгөн. Себеби мигрант ата-энелеринин саны көбөйгөн. Ал эми өтө жакыр адамдардын саны 2024-жылга 2023-жылга караганда 3 адамга азайган. Себеби дыйканчылык жана Россия өлкөсүндө эмгектенишип, кирешелери көбөйүп, жашоо шарттары жакшырды. Миграциядагы калктын саны көп болуп жатат. Себеби алар айыл аймакка келип, турак жай салып ынгайлашып жашоого шарт жок. Турак жай куруу үчүн жер тилкелери жок. Бул курч маселе боюнча калууда. Экинчи жагынан жумуш орундарынын жоктугу, миграциянын агымын арттырат. -кичи ишканаларды ачып, жумуш орундар менен камсыздап, миграциянын санын кыскартуу; -жакыр үй-бүлөлөргө женил шарттар менен сугат жерлерди берүү; - турак үйлөрдү куруп жашоого жер тилкелерин берүү; | ||||||||||||||||||||||||
| ||||||||||||||||||||||||
5.3. Инклюзивдик өнүгүү муктаждыктарына анализ жүргүзүү |
| |||||||||||||||||||||||
Артыкчылык | Мүмкүн болуучу чаралардын жана долбоорлордун жалпы сүрөттөлүшү | Күтүлгөн натыйжа жана мөөнөттөр | ||||||||||||||||||||||
Билим берүүнү жана жумуш менен камсыз кылууну жакшыртууга колдоо көрсөтүү | Азык-түлүк программасы аркылуу калктын аялуу катмарын окутууну уюштуруу, мисалы: Сыр жасоо, кийиз буюмдарын жасоо. | 2024-2029 | ||||||||||||||||||||||
Жакырларды колдоо | Кышкысын көмүр сатып алуу үчүн АК каражат бөлөт | Ар жылы | ||||||||||||||||||||||
Кошумча киреше алуу үчүн үй кожойкелерин ишке орноштуруу | АА калктын аялуу катмарындагы аялдарды иш менен камсыз кылуу мүмкүнчүлүктөрүн табуу үчүн ишкерлер жана өкмөттүк эмес уюмдар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. | 2024-2029 | ||||||||||||||||||||||
Жакырчылыкты азайтуу үчүн калктын аялуу топторунун арасында өсүмдүк өстүрүү боюнча ар кандай тажрыйбаларды жайылтуу | Жаңы ыкмалар менен ар кандай дары чөптөрдү, суу крести жана чычырканактарды өстүрүү боюнча тажрыйба алмашуу аркылуу киреше булактарын кеңейтүү | 2024-2029 | ||||||||||||||||||||||
| ||||||||||||||||||||||||
| ||||||||||||||||||||||||
6-БӨЛҮМ. МЕЙКИНДИК |
| |||||||||||||||||||||||
| ||||||||||||||||||||||||
6.1. (таблица) Мейкиндик |
| |||||||||||||||||||||||
Категория | факт | күтүлгөн. | прогноз | |||||||||||||||||||||
2021 ж. | 2022 ж. | 2023 ж. | 2024 ж. | 2025 ж. | 2026 ж. | 2027 ж. | ||||||||||||||||||
Аймактын жалпы аянты (га) | 35193 | 35193 | 35193 | 35193 | 35193 | 35193 | 35193 | |||||||||||||||||
Жер категориялары (га): |
|
|
|
|
|
|
| |||||||||||||||||
Айыл чарба жерлери (бардыгы): | 7296 | 7296 | 7296 | 7290 | 7290 | 7290 | 7290 | |||||||||||||||||
анын ичинде айдоо аянттары | 1793 | 1793 | 1793 | 1793 | 1793 | 1793 | 1793 | |||||||||||||||||
сугарылбаган (кайрак) | 994 | 994 | 994 | 994 | 989 | 985 | 980 | |||||||||||||||||
сугат айдоо жерлер | 798,8 | 798,8 | 798,8 | 798,8 | 803,8 | 807,8 | 802,8 | |||||||||||||||||
анын ичинде жайыттар | 3094 | 3094 | 3094 | 3094 | 3094 | 3094 | 3094 | |||||||||||||||||
анын ичинде жеке | - | - | - | - | - | - | - | |||||||||||||||||
анын ичинде АЖМФ | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | |||||||||||||||||
анын ичинде иш жүзүндө колдонулган | 3094 | 3094 | 3094 | 3094 | 3094 | 3094 | 3094 | |||||||||||||||||
анын ичинде колдонулбаган (баланс) | - | - | - | - | - | - | - | |||||||||||||||||
Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргоо жана башка багыттагы жерлер (бардыгы): га | 0,20 га | 0,20 га | 0,20 га | 0,24 | 0,30 | 0,33 | 0,45 | |||||||||||||||||
Иш жүзүндө колдонулган | 0,20 га | 0,20 га | 0,20 га | 0,24 | 0,24 | 0,30 | 0,35 | |||||||||||||||||
Колдонулбаган (баланс) |
|
|
|
| 0 | 0 | 0 | |||||||||||||||||
Калктуу конуштун жерлери (бардыгы га): |
|
|
| 509 |
|
|
| |||||||||||||||||
анын ичинде турак жай курулушу |
|
|
| 90 |
|
|
| |||||||||||||||||
Иш жүзүндө колдонулган |
|
|
| 509 |
|
|
| |||||||||||||||||
Колдонулбаган (баланс) |
|
|
| - |
|
|
| |||||||||||||||||
Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын (ӨКЖА) жерлери |
|
|
| - |
|
|
| |||||||||||||||||
Токой фондусунун жерлери |
|
|
| 9024 |
|
|
| |||||||||||||||||
Суу фондусунун жерлери |
|
|
| 232 |
|
|
| |||||||||||||||||
Запастагы жерлер: |
|
|
|
|
|
|
| |||||||||||||||||
Иш жүзүндө колдонулган |
|
|
|
|
|
|
| |||||||||||||||||
Колдонулбаган (баланс) |
|
|
|
|
|
|
| |||||||||||||||||
Аймактын айыл чарба жерлеринин жалпы аянтындагы иш жүзүндө пайдаланылуучу айыл чарба жерлеринин үлүшү (%) |
|
|
|
|
|
|
| |||||||||||||||||
Инженердик инфраструктура менен камсыздалган турак жай куруу үчүн арналган жер участокторунун аянтынын үлүшү (%) |
|
|
| - |
|
|
| |||||||||||||||||
Инженердик инфраструктура менен камсыз кылынган өндүрүштү жайгаштыруу үчүн арналган жер участокторунун аянтынын үлүшү (%) |
|
|
|
|
|
|
| |||||||||||||||||
Категория боюнча пайдаланылбаган же кошумча жерлерди пайдалануу зарылдыгынын прогнозу (га): |
|
|
|
|
|
|
| |||||||||||||||||
Айыл чарба жерлери |
|
|
|
|
|
|
| |||||||||||||||||
Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргоо жерлери жана башка багыттагы жерлер (бардыгы) |
|
|
|
|
|
|
| |||||||||||||||||
Калктуу конуштун жерлери (турак жай курулушу) |
|
|
| 599 |
|
|
| |||||||||||||||||
Токой фондусунун жерлери |
|
|
| 9024 |
|
|
| |||||||||||||||||
Суу фондусунун жерлери |
|
|
| 232 |
|
|
| |||||||||||||||||
2024-жылга карата аймактагы жалпы айыл чарба багытындагы жерлердин көлөмү 7296 га түздү. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 6 га жер аянтына кыскарып кеткен. Мунун себеби, мыйзамсыз курулган турак жайларга мунапыс берилип, ушул аянттагы жер аянты калктуу конуш категорияга трансформацияланган. Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргоо жана башка багыттагы жерлер 2024-жылга карата 3,5 га жерге көбөйгөн Айыл чарба багытындагы жерлердин ичинен мамлекеттик фонддун жери 1793 га. Болжол менен Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргоо жана башка багыттагы жерлердин аянты акырындап өсүшү күтүлөт. Анткени, бул категориядагы жерлерге талап өсөт. Айыл чарба багытындагы жерлердин ичинен жайыт жердин аянты кыскарышы мүмкүн. Себеби, калктуу конушка которулуучу жер аянттары көбүнчө жайыт жерлерге тийиштүү. Айыл аймакта турак жай жетишсиздиги бар. Азыркы учурда 800дөн ашуун адам турак жай үчүн кезекте турат. Бирок, турак жай үчүн трансформациялоого ылайыктуу жер аянттары аз. Азыркы кезде айыл өкмөтү 15 га жер аянтын трансформациялоону пландап жатат. Бул аянт 240 үй-бүлөнүн гана муктаждыгын чечет. Ошондуктан, турак жай үчүн жер аянтын өлкөнүн башка аймагынан да табууга аракеттер жасалышы керек болот. Мурунку кезде архитектуралык талаптарды сактабай, план жок турак жайлар чачкын түрдө салынып калган. Мыйзамсыз турак жайларга болгон мунапыс мыйзамына негиз, 60 турак үй мыйзамдаштырылган. Мунун бир тобу калктуу конуштун сыртында чачкын жайгашкандыктан, инфраструктурасы начар. Жолу жок, таза суу менен камсыздалган эмес. Ошондуктан, турак жай ээлери менен биргеликте, бул маселелерди жакынкы жылдары чечүү үчүн аракеттер керек. - Жер аянтын трансформациялоо | ||||||||||||||||||||||||
6.2. Учурдагы кырдаалга анализ жүргүзүү |
| |||||||||||||||||||||||
Айыл аймактын Чалк-Өйдө, Семиз-Көл, Шамал-Терек айылдары кууш капчыгайдын ичинде дарыя бойлоп жайгашкан. Ал эми Какыр, Ак-Жар, Большевик айылдары тегиз түздүктө жайгашкан. Жалпы аймак боюнча кооптуу аймакта жашаган атуулдардын басымдуу бөлүгү ушул айылдарда кездешет. Семиз-Көл, Чалк-Өйдө, Шамал-Терек айылдарында дээрлик сугат жерлер жок эсе. Айыл аймак боюнча турак жай куруу үчүн кезекте тургандардын саны 800 дөн ашат. Ал эми кезекке тура элеги да көп. Айыл аймакта турак жай фондусунда эч кандай жер тилкеси жок. Акыркы 3 жылда аймакта жерлер трансформация болгон жок. Себеби трансформациялоого ылайыктуу жердин жоктугу. Турак жай куруу үчүн жер тилке тартыш десек туура болот. | ||||||||||||||||||||||||
| ||||||||||||||||||||||||
6.3. Мейкиндик планынын элементтери |
| |||||||||||||||||||||||
Мейкиндик планын өзгөртүүдөгү чаралар же ниеттер: | Күтүлгөн жыйынтыктар: | |||||||||||||||||||||||
|
| |||||||||||||||||||||||
|
| |||||||||||||||||||||||
| ||||||||||||||||||||||||
7-БӨЛҮМ. АЙЛАНА-ЧӨЙРӨ |
| |||||||||||||||||||||||
| ||||||||||||||||||||||||
7.1. (таблица) Айлана-чөйрө |
| |||||||||||||||||||||||
Категория | факт | күтүлгөн. | прогноз | |||||||||||||||||||||
2021 ж. | 2022 ж. | 2023 ж. | 2024 ж. | 2025 ж. | 2026 ж. | 2027 ж. | ||||||||||||||||||
Жаратылышты коргоо зоналарынын, ӨКЖА, микрокоруктардын аянты (га) | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | |||||||||||||||||
Токойлор ээлеген аймак, анын ичинде жайылма токойлор (га) | 3337 | 3337 | 3337 | 3337 | 3337 | 3337 | 3337 | |||||||||||||||||
Токойлорду калыбына келтирүү (га) | 0 | 0 | 0 | 0 | 1,0 | 1,5 | 3,0 | |||||||||||||||||
Деградацияланган жайыттардын аянты (га) | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | |||||||||||||||||
Малдын жайытка болгон жүгү (1 айда 1 гектарга шарттуу малдын башынын саны) |
|
|
|
|
|
|
| |||||||||||||||||
Деградацияланган жайыттардын жалпы жайыт аянтына карата үлүшү (%) |
|
|
|
|
|
|
| |||||||||||||||||
Деградацияга дуушар болгон айыл чарба жерлеринин аянты (га) |
|
|
|
|
|
|
| |||||||||||||||||
Деградацияланган жайыттардын жалпы аянтына карата калыбына келтирилген жайыттардын үлүшү (%) |
|
|
|
|
|
|
| |||||||||||||||||
Энергияны үнөмдөө. Кожолуктардын жылытуу үлүшү (%): |
|
|
|
|
|
|
| |||||||||||||||||
борбордук жылытуу | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | |||||||||||||||||
электр энергиясы | 3 | 3,2 | 4 | 5 | 5 | 5 | 5 | |||||||||||||||||
газ | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | |||||||||||||||||
меш жылытуу | 95 | 95 | 95 | 95 | 95 | 95 | 95 | |||||||||||||||||
башка орнотуулар | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | |||||||||||||||||
башка кайра жаңылануучу булактар же энергияны үнөмдөөчү орнотуулар (мисалы, көпкө күйүүчү мештер ж.б.) | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | |||||||||||||||||
КТК полигондорунун саны (даана) | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | |||||||||||||||||
КТКны кайра иштетүү боюнча ишканалар же коңшу аймактардагы мындай ишканалар менен макулдашуу (бир.) | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | |||||||||||||||||
Санкцияланбаган полигондордун саны (бир.) | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | |||||||||||||||||
Кен казып алуу тармагынын объекттери (бир.) | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | |||||||||||||||||
Экологиялык тобокелдиги жогору кен казып алуу тармагынын объекттери (даана) | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | |||||||||||||||||
Тазалоочу курулмалар аркылуу өткөн саркынды суулар (%) | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | |||||||||||||||||
|
|
|
|
|
|
|
| |||||||||||||||||
| ||||||||||||||||||||||||
7.2. Учурдагы кырдаалга анализ жүргүзүү |
| |||||||||||||||||||||||
Айыл аймактын Чалк-Өйдө, Шамал-Терек айылдарын аралап Көлдүк дарыясы агып өтөт. Жаз айларында дарыянын ылай агуусу күтүлөт. Ал эми Семиз-Көл айылында айылды аралап чакан көлөмдөгү булак суусу агып өтөт. Суусу шор. - ЖӨБ аймагында кандай жаратылыш ресурстары бар жана алардын абалы кандай (жайыттардын, токойлордун абалы, суунун көлөмү жана анын сапаты, жер ресурстарынын, дарыялардын жана суу түбүндөгү экосистемалардын сапаты жана саны, жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн жапайы жана кызыл китепке кирген түрлөрүнүн болушу, абанын сапаты)? (сүрөттөө) - Экологиялык маселелерди чечүү үчүн иштеген аймакта кандай уюштуруу структуралары (формалдуу жана формалдуу эмес) бар? Айлана-чөйрөнү коргоо маселелери боюнча иш алып барган жамааттар барбы? Эгер бар болсо, алар кайсы багыттар боюнча иш алып барышат? (көрсөтүлсүн) - ЖӨБ органдарынын аймагында айлана- чөйрөнү коргоо жана өзгөчө кырдаалдардын жана климаттын өзгөрүү тобокелдиктерин азайтуу боюнча тармактык пландар аткарылып жатабы? Аткарылып жатса, кайсы багыттар боюнча? (тактоо) - Бул аймакта айлана-чөйрөнүн жана/же суу ресурстарынын абалына таасир этүүчү өндүрүштөр же объекттер, айлана-чөйрөгө коркунуч келтирүүчү объекттер/булактар, мисалы, калдык сактоочу жайлар, тоо-кен жана химиялык өндүрүштөр, отканалар, мал союучу жайлар, уруксат берилбеген таштанды төгүүчү жайлар ж.б. барбы? (көрсөтүлсүн) - Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жана/же микрокоруктар барбы? (көрсөтүлсүн) - Бул аймакта климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу тобокелдиктер пайда болобу, мисалы, сугат суунун жетишсиздиги, ичүүчү суунун сапатынын төмөндөшү жана тартыштыгы, табигый кырсыктардын тобокелдиктери, жаздын аягында жана/же эрте жаздагы үшүк алуу, катуу шамал, жаан-чачындын көбөйүшү же азайышы ж.б.у.с.? (сүрөттөө) - Катуу тиричилик калдыктарын, саркынды сууларды жана тазалоочу курулмаларды башкаруу чөйрөсүндө кандай көйгөйлөр бар? Жооптордун варианттары:
- Аймакта коркунучтуу пестициддер көмүлгөн жерлер, өзгөчө коркунучтуу инфекциялар бар мал көмүлгөн жерлер же өзгөчө коркунучтуу инфекциялардын очоктору барбы? (көрсөтүлсүн) Өсүмдүк өстүрүүдө пестициддер же башка күчтүү химиялык заттар, же мал чарбачылыгында дарылар колдонулабы? Колдонулса, кайсынысы жана кайсы көлөмдө? (көрсөтүлсүн) | ||||||||||||||||||||||||
| ||||||||||||||||||||||||
7.3. Экология маселелери |
| |||||||||||||||||||||||
Артыкчылык | Мүмкүн болгон чаралардын жалпы сүрөттөлүшү | Күтүлгөн натыйжа жана мөөнөттөр | ||||||||||||||||||||||
Биринчи кезектеги муктаждыктардын бири көрсөтүлөт, мисалы, «Суу алгычтагы тазалоочу курулмаларды оңдоо» | Натыйжага жетүү үчүн эмне кылыш керек, мисалы, "Жабдууларды сатып алуу жана орнотуу, анын ичинде _____" | Бул жерде баалуулуктар менен натыйжа жана бул натыйжаны алууга мүмкүн болгон убакыт көрсөтүлөт, мисалы, “Коопсуздук талаптарын сактоо менен уюштурулган суу менен камсыздоо кызматтарынан пайдалануучу калктын үлүшүн 95%га чейин көбөйтүү” | ||||||||||||||||||||||
|
|
| ||||||||||||||||||||||
|
|
| ||||||||||||||||||||||
|
|
| ||||||||||||||||||||||
|
|
| ||||||||||||||||||||||