Загрузка документа…
КАРА-ШОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Шоро айылдык кеңешинин VIII чакырылыщынын II сессиясы
2025-жылдын 16-январы № 14
“М.Кулуев” жана “Жаныбек Казы” орто мектептеринин эски жараксыз от казандарын сатууга макулдук берүү жөнүндө
Кара-Шоро айылдык кеңеши Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Сатыбалдыевтин Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн Ак-Жар айылындагы “М.Кулуев” жана Чалк-Өйдө айылындагы “Жаныбек Казы” орто мектептеринин эски жараксыз от казандарынын сатуу сунушун угуп талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Шоро айылдык кеңеши Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Сатыбалдыевтин Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн Ак-Жар айылындагы “М.Кулуев” жана Чалк-Өйдө айылындагы “Жаныбек Казы” орто мектептеринин эски жараксыз от казандарын сатуу сунушуна макулдук берилсин.
2. Сатуудан түшкөн акча каражаты жергиликүү бюджетке төгүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин “Бюджет жана экономикалык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| З.Кадырбеков |