Загрузка документа…
КАРА-ШОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Шоро айылдык кеңешинин VIII чакырылыщынын II сессиясы
2025-жылдын 16-январы № 15
Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн аймагында салык жана салык эмес киреше төлөмдөрүн бекитүү жөнүндө
Кара-Шоро айылдык кеңеши Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн кирешелер боюнча жетектөөчү адиси К.Дүйшеевтин маалыматын угуп талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн жергиликтүү салык боюнча тарифи:
- Таштанды чыгаруудан алынуучу салык 100 (бир жүз) сом.
- Кыргыз Республикасынын салык кодексине ылайык Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн мүлк салыгынын зоналык коэффициенти 1,4 өлчөмүндө бекитилсин.
- Кара-Шоро айыл аймагында пенсионерлерге, Афган жана Баткен согушунун 1-2-топтогу майыптарына, баатыр энелерге, 8 сотыхке чейин там арка салыгынан 100% жеңилдик берилсин.
2. Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн мүлк салыктары 2025- жылдын 1-январынан тартып жергиликтүү бюджетинин эсебинде калтырылсын.
3. Аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин “Бюджет жана экономикалык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| З.Кадырбеков |