Загрузка документа…
КАРА-ШОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Шоро айылдык кеңешинин VIII чакырылыщынын II сессиясы
2025-жылдын 16-январы № 18
Шамал-Терек айылынын тургуну Э.Досумбетовтун арызын кароо жөнүндө
Кара-Шоро айылдык кеңеши Шамал-Терек айылынын тургуну Э.Досумбетовтун жеке турак жай салууга берилген 0,18 га жер тилкесинин 0,04 га аянтына коомдук мончо салып калкты тейлөө кызматын көрсөтүү боюнча сунушун угуп талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Шоро айыл өкмөтүнө караштуу Шамал-Терек айылындагы идентификациялык коду 5061310010425 сандуу А.Курманкулов көчөсүнүн № 91 дарегинде жайгашкан Досумбетов Элдияр Осмоновичке жеке турак жай салуу үчүн берилген 0,18 га жер тилкесинин 0,04 га аянтына, коомдук мончо курууга жана жердин багытын калкты тейлөөгө өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Керектүү иш кагаздарды бүтүрүү Өзгөн райондук Шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин “Социалдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| З.Кадырбеков |