Загрузка документа…
КАРА-ШОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Шоро айылдык кеңешинин VIII чакырылыщынын II сессиясы
2025-жылдын 16-январы № 19
Большевик айылындагы С.Эшматов атындагы орто мектебинин жараксыз абалдагы эски имаратын бузуу жөнүндө
Кара-Шоро айылдык кеңеши Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн Большевик айылындагы С.Эшматов атындагы орто мектебинин жараксыз абалдагы эски имаратын аукцион аркылуу сатууга жарыялар берилип, бирок эч бир кардар катышпай келгендигине байланыштуу, элдик ашар жолу менен аталган эски имаратты бузуу боюнча, депутат У.Ибраимовтун сунушун угуп талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Шоро айылдык кеңеши Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн Большевик айылындагы С.Эшматов атындагы орто мектебинин жараксыз абалдагы эски имаратын аукцион аркылуу сатууга жарыялар берилип,бирок эч бир кардар катышпай келгендигине байланыштуу, элдик ашар жолу менен аталган эски имаратты бузууга макулдук берилсин.
2. Бузуу учурунда пайдаланылган техникалардын ээлерине кызмат акысын жергиликтүү бюджеттен төлөп берүү жана комиссия түзүү жагы айыл өкмөт башчысы Р.Сатыбалдыевке сунушталсын.
3. Жарактуу материалдарын комиссиянын чечиминин негизинде сатууга чыгарылсын.
4. Сатуудан түшкөн акча каражаты жергиликүү бюджетке төгүлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин “Бюджет жана экономикалык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Төрага |
| З.Кадырбеков |