Загрузка документа…
КАРА-ШОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Шоро айылдык кеңешинин VIII чакырылыщынын II сессиясы
2025-жылдын 16-январы № 20
Кара-Шоро айыл өкмөтүнө караштуу Большевик айылындагы Таза-Суу ишканасынын суу кампасы жайгашкан жер тилкесинин үлүштүк жер ээлерине, кайра бөлүштүрүү фондунун жеринен тиешелүү үлүшүн берүү жөнүндө
Кара-Шоро айылдык кеңеши Кыргыз Республикасынын “Жер кодексинин 13-беренесине”, ”Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамына ылайык депутат А.Жумабаевтин аталган айылдагы Таза-Суу ишканасынын суу кампасы жайгашкан жер тилкесинин үлүштүк жер ээлерине, кайра бөлүштүрүү фондунун жеринен тиешелүү үлүшүн берүү сунушун угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Большевик айылындагы Таза-Суу ишканасынын суу кампасы жайгашкан жер тилкесинин үлүштүк жер ээлери менен макулдашуунун негизинде, айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү фондунун жеринен, тиешелүү үлүшүн берүүгө макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөт башчысы Р.Сатыбалдыевке сунушталсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кара-Шоро айылдык кеңешинин “социалдык маселелер, жана билим берүү боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| З.Кадырбеков |