Загрузка документа…
КАРА-ШОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Шоро айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз III сессиясы
2025-жылдын 7-февралы № 21
Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн башчысынын 2024-жылда аткарган иштеринин жана бюджеттин аткарылышы боюнча отчетун бекитүү жөнүндө
Кара-Шоро айылдык кеңеши айыл өкмөт башчысынын 2024-жылда айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү жана бюджеттин пайдаланылышы боюнча отчетун угуп, талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Айыл өкмөт башчысы Р.Сатыбалдыевтин, 2024-жылда айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө жана белгиленген бюджеттин аткарылышында жүргүзгөн иштери канааттандырарлык деп табылсын.
2. Айыл өкмөтүнүн ишинин негизги багыты бюджетти көтөрүү, донор уюмдар, өнүктүрүү фондтору жана инвесторлор (АРИС, ЮСАИД, ПРООН ж.б) менен тыгыз кызматташып, долбоорлорду ишке ашыруу максатындагы уюштуруу иштеринде болсун.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин “Бюджет жана экономикалык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| З.Кадырбеков |