Загрузка документа…
КАРА-ШОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Шоро айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз III сессиясы
2025-жылдын 7-февралы № 23
Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн аймагында түзүлгөн “Тилекматов Токтосун Ата” муниципалдык ишканасынын 2025-жылга карата пландалган бюджетин жана төлөм тарифтерин бекитип берүү жөнүндө
Кара-Шоро айылдык Кенеши “Тилекматов Токтосун Ата” муниципалдык ишканасынын 2025-жылга карата малдын санына, жайыт аянтынын арендалары, таза суу, сугат суу төлөмдөрү жана техникалык кызмат көрсөтүү боюнча каражаттарынын негизинде пландаштырылган бюджети боюнча маалыматын угуп талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Айылдарда өткөрүлгөн элдик жыйындардын чечиминин негизинде 2025-жылдан баштап төлөм тарифтери төмөндөгүчө бекитилсин.
• Жайыт акысы кой- эчкиге 40 (кырк) сом, мал, жылкыга 200 (эки жүз) сом өлчөмүндө, ички жайытка акысы кой- эчкиге 10 (он) сом, мал, жылкыга 50 (элүү) сом.
• Сугат суу пайдалануу үчүн 1 га айдоо аянтына 1500 (бир миң беш жүз) сом, 1 га шалы айдоо аянтына 2500 (эки миң беш жүз) сом.
• Ичүүчү таза суу бир түтүнгө көчөдөгү крандан пайдалангандар үчүн 150 (бир жүз элүү) сом, короодон пайдалангандарга 200 (эки жүз) сом өлчөмүндө бекитилсин.(Ар бир айга)
2. Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалангандар үчүн ар бир сотых жерге 150 (бир жүз элүү) сом өлчөмүндө төлөнсүн.
3. Өзгөн токой чарбасы жана “Кара-Шоро Улуттук Паркы” жайыттарына Кара-Шоро айыл аймагынын жайыт пайдалануучулары келишимдин негизинде чыгып, Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн жайыттарын келишимсиз кошо пайдалангандыгына байланыштуу жайыт төлөмдөрүнүн 50 пайызы Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн “Тилекматов Токтосун Ата” муниципалдык ишканасынын эсебине төгүлсүн.
4. Айыл өкмөтүнүн эсебиндеги техникалардын бир жылдык ижара акысы МТЗ 89,2 трактору 200000 (эки жүз миң) сомго, МТЗ 82 трактору 300000 (үч жүз миң) жана ДТ 90 каз тамандуу трактору 100000 (бир жүз миң) сомго белгиленсин.
5. Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн “Тилекматов Токтосун Ата” муниципалдык ишканасынын 2025-жылга карата пландаштырылган бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү 5033700 (беш миллион отуз үч миң жети жүз) сом өлчөмүндө бекитилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин “Бюджет жана экономикалык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| З.Кадырбеков |